// //

Бай кызга үйлөнсөмбү же карапайым кызга үйлөнсөмбү? Кеңеш бергилечи

2022.06.27, 18:00
2443

Жашым 26да. Жеке фирмалардын биринде катардагы менеджер болуп эмгектенем. Бойдокмун.

Жүрөгүм Алинаны жактырат. Жөнөкөй, ыймандуу кыз. Бирок, карапайым үй-бүлөдөн. Айзат болсо, “сизди сүйөм” дейт. Күн сайын жазып акыбалымды сурайт. Атасы менин шефим.

Ата-энем өмүр бою мектепте мугалим болуп эмгектенген. Жарыбаган айлык алышчу. Ошондуктан үйдө ар дайым бир нерсе жетишпечү. Май болсо, туз жок, туз болсо, чай жок. Дүкөнчү Айнагүл эже карыз берсе курсагыбыз ток, бербесе ач.

Мындай жашоодон да чарчайт экенсиң. Өмүр бою ушинтип жашаймынбы деген ой келгенде, кадимкидей денем чымырап кетет.

Өзүм канча аракет кылдым. Бирок, таанышың болбосо, бир нерсеге жетүү кыйын экен. Окуумду бүткөндөн кийин эки жыл иш издедим. Дипломум кызыл болуп турса да, диплому жок адамды жумушка алышты. “Эртең жумушка чыга бериңиз” дегендер, кечинде чалып себепсиз баш тартышты. Конкурстан биринчиликти алсам, кийинки этапка эң акыркы болгонун өткөрүштү.

Үйлөнүш керек. Бирок, дагы эле баягы жетишпеген турмушта жашагым келбейт.

Алинаны алсам, батирде жашайм, күнү-түнү иштеш керек олот. Кокус жумушумду жоготсом көчөдө калабыз. Алинанын тигүү цехинен тапкан акчасы эч нерсеге жетпейт.

Айзатка үйлөнсөм, атасы орун басары кылаары анык иш. Айзаттын айтымында шефим кызы турмушка чыкса батир белек кылаарын айтыптыр. Компания күндөн-күнгө өнүгүп жатат. Демек, бутума бат туруп, өзүмдү гана эмес, ата-энемди да камсыздоого мүмкүнчүлүк бар.

Эмне кылаарымды билбей башым катып олтурат. Билем, сүйбөгөн адамың менен жашоо кыйын. Бирок, кээде жашаганга мажбур болот экенбиз. Айтыңызчы, кимисине үйлөнсөм?

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
27.06.2022, 18:01

Мария Самсонова

Психолог

А эмне үчүн сиз үйлөнүүгө мынча шашылып жатасыз? Бул маселени бир нече күндүн ичинде чечишиңиз керекпи? Эмне үчүн өзүңүзгө чектөө коюп жатасыз? Менимче, бул сизге карата болгон адилетсиздик. Бир кызды тандасаңыз муктаждыкта каласыз, экинчисин тандасаңыз өмүр бою көз каранды болуп өтөсүз.

Алгач өзүңүздү тандашыңыз керек. Бардык ресурстарыңызды бутка турууга жумшаңыз. Азырынча үй-бүлө, үй-бүлөлүк милдеттер деген жүк, жоопкерчилик жок. Туурабы?

Сиз болгону 26да экенсиз. Билим, дипломуңуз бар. Карьераны жаңыдан жасай баштадыңыз. Өнүгүп, өсүү үчүн эң сонун мүмкүнчүлүктөр түзүлгөн.

Ооба, биздин өлкөдө чындап эле таанышы жок кандайдыр бир бийиктиктерге жетүү кыйын. Бирок такыр мүмкүн эмес, деп айтууга да болбойт да.

Бир мисал келтирейин “тойго бюарсаң тоюп бар”, деген сөз бар го. Курсагың тоюп турса, туш келди тамакты эмес, чындап жегиң келген, даамы жакшысын, өзүңө жакканын тандайсың. Бул мисал келтирүү бир аз ыксыз болушу мүмкүн. Бирок сиздин тандооңузга куп жарашып тургандай.

Алгач өзүңүздүн материалдык абалды бекемдеп, мыкты карьера жасап, көз карандысыздыкка жетүүнү сунуштамакмын. Ошондо чечим кабыл алуу жеңилирээк болот. Үйлөнүүгө шашылуунун кереги жок. Бул олуттуу кадамга барарда, чындап каалап,жан дүйнөң менен тилеш керек. Аргасыздан үйлөнүүгө болбойт.

Болгону өзүңүзгө ишениңиз. Акырындык менен жогору көздөй жыла бериңиз. Чектөө койбоңуз.

Ийгилик!

Психолог Мария Самсонова менен инстаграмдагы @samsonova.psiholog баракчасы аркылуу байланышсаңыз болот.

0
Пайдалуу жооп

Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт