// //

Беш күн аялым жок жашап көргөндөн кийин көзүм ачылды

2022.06.23, 16:32
7648

Bilesinbi.kg жаштар долбоору ар бир келген суроолордун анонимдүүлүгүн сактап, тиешелүү адистерден бекер жооп алып берип келет.

- Макул, балдарды жакшылап кара, мен бат эле келем.

- Шашпай эле кой.

- Беш күндөн кийин келе кал деп чалып жүрбө.

- Чалбайм этпейм эле.

- Көрөбүз.

Чынын айтайын, төртүнчү күнү кечинде чалдым. Жалдырадым. Тезирээк кел деп сурандым. Аялым каткырып күлүп макул болду. 

Беш күн, ооба, болгону беш күн мени өзгөрттү. Ушул убакка чейин аялыма кандай муктаж экенимди этибарга алган эмесмин. Келинчегим үйдө отурса эле жашоосу жыргал деп ойлочумун. Жаңылыпмын.

“Эмне тамак?”, “Көйнөгүмдү жуудуңбу?”, “Баланы алчы, эч нерсе угулбай жатат”, “Итке тамак бере элексиңби?, “Төшөк салчы”, “Бул жерди жыйнап койбойт белең”, болду улантпай эле коеюнчу, өзүмдүн жоругумдан уялып жатам.

Жумуштан тоону томкоргонсуп үйгө келем. Тамак даяр болбосо же мен каалаган, мисалы, манты эмес, картошка эле кууруп койсо ачууланам. Ашып кетсе он мүнөттөй кичүү баламды көтөрөм. Анан чалкалап диванда жатам же сыртка чыгып машина чукулайм.

Азыр эстесем, аялым жаны тынбай эле жүрчү экен. Баланын жалаягын которот, машинага кир салат, тамак жасайт, оюнчуктарды чогултат, сарайдан отун алып келет, үй жыйнайт, бул арада эки-үч жолу дүкөнгө барып келгенге жетишет.

- Ата, Нурчик сийип койду.

- Дагыбы? Жаңы эле котордум эле го. Бар шым алып кел.

- Ата, таза шымдары калбай калыптыр.

- Тууй ата.

- Апам дароо жуучу.

- Памперси бар бекен.

- Жок экен.

Улуу балам төрттө, кичүүсү бир жарым жашта. Бир орунда турушпайт. Бир мүнөт алаксып кеттим эле, ноутбугумду сындырып коюшуптур. Кечинде кеч жатышат, эртең менен таң атпай ойгонуп алышат. Улам ачка болдук дейт. Сыртта ит ачкадан уулуп жатат. Казандар жуула элек. Эки-үч жолу боткону күйгүзгөм, ал ошол бойдон турат. Үй кебетесинен кеткен. Эми менин кейпимди элестетип көргүлө.

Аялымдын чоң энеси каза болуп калып айылга кеткен. “Балдар кичинекей, сен карап тур” дегенинен, оңой көрүп макул болгом. Анын кеткени деле жакшы болду. Болбосо, мээнетин түшүнбөй жүрө бермекмин.

Жардам бербегениме, “Жакшысыңбы?” деп акыбалын сурап койбогонума өкүнөм. Эмне үчүн жумуштар экиге бөлүнүшү керек? Эмне үчүн балдарымды аялым гана карашы керек? Бул үйдө мен да жашайм, балдар да меники. Демек, жоопкерчилигим, милдетим аялымдыкындай. Баарын кеч түшүндүм.

- Алло! Кандайсың?

- Балдар жакшыбы? Эмне түндө чалып жатасың? Тынчылыкпы?

- Балдар жаңы эле уктады.

- Сен эмне кылып жатасың?

- Ботко жасасам түбүнө тартып кетиптир, ошол казанды жууп жаткам?

- Эмне дейсиң (күлүп)? 

- Качан келесиң?

- Беш күн боло элек.

- Тезирээк келгенге аракет кылчы. Сени сагындым.

Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт.

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Биринчи этек кирим келгенде апам ким менен жаттың деп урган

Депутат байке окууга өткөрөм деп алдап кыздыгымдан ажыратты

Кайын энем күйөөмдүн турсийин өзүм жууйм деп талашат

Аялымды каалабай калдым деген эркектер сөзсүз окушу керек

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт