// //

"Баспаган аялыңды ташта" деген кайын энеме күйөөмдүн берген жообу ыйлатты

2022.05.29, 18:22
25687

Bilesinbi.kg жаштар долбоору ар бир келген суроолордун анонимдүүлүгүн сактап, тиешелүү адистерден бекер жооп алып берип келет.

Баарын кечирдим. Өткөндү кое бердим. Алдыга багыт алдым.

Мындан эки жыл мурун тамдын үстүнө чыгып баратып кулап түшкөм. Комада эки күн жаттым. Үчүнчү күнү дарыгерлер суук кабарды угузду: “Омурткаңа катуу доо кеткен, мындан ары баса аласыңбы же жокпу айта албайбыз”. Күйөөм ыйлап жатты. Менден бир тамчы көз жаш аккан жок.

Качан ыйладым дебейсиңерби? Бейтапканадан чыкканда. Бул күндү эч качан унутпайм. Анткени күйөөм майыптыгы бар адамдардын коляскасын алып келген. Уулум экөө көтөрүп отургузушту. Алар сүйрөп баратышат, мен шолоктоп ыйлап баратам.

Жолдошум мени караш үчүн жумушунан жарым ставкага которулду. Студент балам жардам болсун деп, окуусунан кийин досуна кошулуп иштей баштады.

Түшүмдө чуркап жүргөн болом, ойгонсом эле төшөктөмүн. Ошол абалымды душманыма да каалабайм.

Бир күнү айылдан кайын энем келди. Биздикине түнөп калды. Түндө ызы-чуудан улам ойгондум. Күйөөм менен кайын энем ашканада бир нерсени талашып жатышыптыр. Коляскама отуруп акырын эшиктин түбүнө келдим.

- Сен али жашсың! Балалуу болушуң керек! Өмүр бою баспаган аял менен жашайсыңбы? Ташта!

- Апа, эмне деп жатасыз?

- Эмнени уксаң ошо!

- Апа, мен антпейм. Андан көрө өлүп калганым артык. Ал менин аялым, мени эркек деп коет. Жакшылыкта бирге болдук, эми жамандыкта да кол үзбөйбүз. Таштап, башкага үйлөнүп алып кантип тынч уктайм. Мына, баарыңар көрөсүңөр, ал басат.

Эртеси кайын энем эч нерсе болбогондой айылга жөнөп кетти.

Бир күнү күйөөмө мени ташта да, башкасын ал деп өзүм айттым. Мага таарынып үйдөн чыгып кетти. Кечинде бир аз ичип келиптир. Эртеси өзүм кайра кечирим сурадым. “Жаным, абалыңды түшүнүп турам, бирок мени да ойлоп кой да. Баары сени ташта дешет, жок дегенде сен аларга кошулбачы. Суранам! Көрөсүң, сөзсүз басып кетесиң! Мен жаныңдамын. Ыйлабачы. Болгону мага ишенчи!” Бутумду кучактап ыйлап жатты. Ага кошулуп мен шолоктодум.

Дарыгерлер кепилдик берген эмес. Биз багынбадык. Чогуу аракет кылдык. Баштан кандай азаптуу күндөр, жан чыдагыс оорулар өткөнүн айтпай эле коеюн. Эки жылдан кийин бутума турдум. Кудум жаш баладай биринчи кадамымды таштадым. Уулум менен күйөөм тай-тайлап жетелеп сүйүнүп жатышты. Түлөө өткөрдүк. Ошондо баягы адамдардын баары билмексен болуп келишти. Унчукпадым, бирок, унутпадым.

Күйөөмөн күмөн санаганым үчүн кечирим сурайм! Башкалардын сөзүнө кирип канча жолу көңүлүн ооруттум. Кет дедим, ташта дедим, баары бир колумду кое берген жок. Мен эң бактылуу аялмын. 

Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт.

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Кызымды күйөөсү менен жаныма алып калганыма өкүндүм

"Калың бербейт экенсиң" деп кызымдын жигитин кууп чыкканыма өкүндүм

Кыздуу болгондон кийин аялымды сыйлап калдым

Таенеме жашоодон тажадым десем, сабиз, жумуртка алып чыкты. Сабак болчу окуя

Биринчи этек кирим келгенде апам ким менен жаттың деп урган

Депутат байке окууга өткөрөм деп алдап кыздыгымдан ажыратты

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт