// //

Аялымды эмес муну кучактап жатканыма катуу өкүнөм

2022.05.23, 14:54
5026

Bilesinbi.kg окурмандарынын баштан өткөргөн ар түрдүү окуялары менен бөлүшүп келет. Бул ирет бир окурмандын катын жарыялайбыз. Эгер сизде дагы кызыктуу баян бар болсо, бизге жөнөтүңүз.

"Төрт тарабы кыбыла", “Бирөөнү таап алсаң, аны бат эле унутасың”, “Ваай, ошо да проблемабы”, стулду тарс түртүп туруп кеттим. Колдоо издеп досторума барсам, болбогон кептерин айтып жарамы ырбатып жиберишти.

Ойлор токтобой биринин артынан бири келет. Кайда басып баратканымды деле билбейм. Бир билгеним токтобошум керек, болбосо могу жүрөгүм жарылып кетчүдөй. Күнөөлүмүн. Бирок чындыкты мойнума алгым келбейт. Дүкөнгө барып бирди бастырып алсамбы. Жок!

Колумдан телефон түшчү эмес. Тура калып эле “Кана соткам?” деп издеп кирем. Заряды толгуча өзүмдү коерге жер таппай калам. Тамак ичемби, дааратканага барамбы, машина айдамбы колумда телефон. Сыягы, денемдин бир мүчөсү болуп калгандай.

Оюн ойнойм, группаларга жазам, сүрөт жүктөйм, комментарий калтырам, болбогон бир видеолорду көрөм, жылдыздардын жашоосуна көз жүгүртөм. Жашырганда эмне, кээде  кыздар менен таанышып коем.

Келинчегим сүйлөп жатса наушник тагынып алам. Айласы кеткенде түртөт. Телефондон көзүмдү албай сыртка чыгып кетем.

- Көйнөгүм сонун бекен?

- Ммм.

- Чач жасалгам кандай экен?

- Ммм.

- Карасаң, карасаң, Атайчик (балабыз) бийлеп жатат.

- Ммм.

Ата жана күйөө экенимди унутуп, реалдуулуктан алыстап башка бир дүйнөгө сүңгүп кеттим. Аялымдын чачынан сылап, жытына мас болуп, жүзүнөн өпкөндүн ордуна, темир телефонду кучактап жатып калдым.

Алтынай! Атай! Кайда кетишкен булар? Тамак ичебизби, я? Эч ким көрүнбөйт. Үшүп чыктым. Үй суук боло түштү.

Буттарым өзү эле бул көчөгө алып келди. Гүл көтөрүп келинчегимди ушул жерден күтчүмүн. Терезеси жарык. Демек, уктай элек.

- Сен?

- Мени кечирчи.

- Жөө келдиңби?

- Ооба.

- Телефонуң кана? Эмнеге чалган жоксуң?

- Ыргытып жибердим.

Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт.

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Туугандар кайын энем экөөбүздүн купальникчен сүрөтүбүздү көрүп эстери оогон

Кой сойгонду, эт бышырганды үйрөткөн кайын энеме ыраазымын

Кайын энем мени көлгө эс алууга жибериш үчүн пенсиясын топтоп жүрүптүр

Күйөөм кызыбызга сүйгөнүнүн атын койгонун кайын эжемден уктум

Баламды кайын эжеме таштап Москвага кетсем, сууга агып чарчап калыптыр

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт