// //

Туугандар кайын энем экөөбүздүн купальникчен сүрөтүбүздү көрүп эстери оогон

2020.06.18, 15:53
12072

Bilesinbi.kg жаштар долбоору ар бир келген суроолордун анонимдүүлүгүн сактап, тиешелүү адистерден бекер жооп алып берип келет. 

"Туугандардан комментарийлер жаап кирди"

Бул окуя былтыр болгон. Мен жаңы келин болуп келген чагым. Күйөөм “курбуңуз менен эс алып келиңиз”,- деп, кайын энемдин туулган күнүнө Ысык-Көлгө жолдомо берди (кайын атам өтүп кеткен). Кайын энем “келиним турганда, эмнеге курбум менен барышым керек”,- деди.

Базарга түштүк. Купальник саткан катар. Биринен өтүп бири кооз. Кайсынысын аларыңды билбейсиң. “Кайын энемдин жанында ачык киймек белем” деген ой менен бүт денени жаба турган купальниктерди кармалай баштадым. Чынын айтканда, алар анча деле эмес болчу.

“Иии кудай, ушу жактыбы?”, жаныма кайын энем басып келды. Башымды чайкадым.

- Анан эмне кармалап жатасың?

- Уят деп, бир аз жабыгын алайын дегем...

- Токтот, болбогон кебиңди. Жапжаш туруп ушуну киймек белең. Жүр башкасын карайлы.

Кудуңдап артынан жөнөдүм. Сонун купальниктерди алдык.

Күнгө күйдүк, ашлянфу жедик, кайыкта сүздүк, аттракционго түштүк, дискотекага бардык, айтор, болушунча эс алдык. Сонун кайын энем бар экенин ошондо билдим. Жаңы купальниктерибиз менен түшкөн сүрөтүбүз телефонубузга батпай калды.

Кайын энем жыргап жүргөнүбүздү ватсап, сторисине кое баштады. Мына сага, туугандардан комментарийлер жаап кирди. “Келиниңдин купальниги кантет?” , “Уялбайсыңарбы!”, “Өзүңдүкү жашыңа туура келбейт го?” ж.б. Кайын энем “көрө албастык”,- деп каткырып күлүп мага окуп берип жатты.

“Бактылуу болгуң келсе, элдин сөзүнө көңүл бөлбө”,-деп мени күлүп карап койду.

“Капкара болуп калгансыңар го”, вокзалдан күйөөм тосуп алды. Эртеси базарлык ооз тийгени туугандар келишти. Кайын энем сүрөттөрүбүздү көрсөтүп мактанса, жанагы сөздөрүн айтып, акыл үйрөтүп киришти. “Ай, башымды оорутпагылачы! Эмне, силерден сурап кийинелиби?” Унчукпай чайларын ичип, туруп кетишти. Акыры ушуну көрүшмөк.

Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт.

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Кой сойгонду, эт бышырганды үйрөткөн кайын энеме ыраазымын

Кайын энем мени көлгө эс алууга жибериш үчүн пенсиясын топтоп жүрүптүр

Күйөөм кызыбызга сүйгөнүнүн атын койгонун кайын эжемден уктум

Баламды кайын эжеме таштап Москвага кетсем, сууга агып чарчап калыптыр

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт