// //

Кайын энем мени көлгө эс алууга жибериш үчүн пенсиясын топтоп жүрүптүр

2020.06.07, 11:29
20435

Bilesinbi.kg жаштар долбоору ар бир келген суроолордун анонимдүүлүгүн сактап, тиешелүү адистерден бекер жооп алып берип келет. 

"Чөнтөгүнөн конверт алып чыгып, мага сунду"

Жай келери менен малды айдап тоого чыгабыз. Кичинекей вагонубуз бар. Анын жанына боз үй тигип, туристтерге кыргыз даамдарын сатып оокат кылабыз.

Таң эрте туруп алып жарма жасайм, курут тоголоктойм, уй саап, сүтүн тартам. Каймакты сызгырып, сары май жасайм. Бул арада бешикте уктап жаткан баламды эмизип, алдын кургактайм. Самоорго чай кайнатып, отко нан бышырам. Анан күйөөм менен кайын энем ойгонот. Аларга чайын бергиче эле түш болуп калат.

Кайын энем акыркы эки жылдан бери төшөктөн турбайт. Күн чыкканда жетелеп эшикке алып чыгам. Бир аздан кийин эле киргизем, болбосо ооруп калат. Кошуна вагондогу эжелер бээ саашат. Аларды аңдып турам. Сааганда чуркап барып бир кружка саамал көтөрүп келип, кайын энеме ичирем. Ал сүтүн ичкиче, тизесине май сүйкөп, укалап берем.

 “Ой, эс алсаң боло, деле бир жаның тынбайт экен”,- деп кайын энем урушуп калат. “Ооба, апа! Азыр, апа” деп коюп эле жанымды карч уруп оокат кылып жүрө берем.

Күйөөм кечинде чарчап келет. Малды байлап коюп эле уйкуга кетет.

Келин болуп келгениме үч жыл болуп калды. Жогорудагы айткандарымды окуп, жашоосу кыйын экен дешиңер мүмкүн. Бирок, андай эмес. Күйөөм кол кабыш кылат, кайын энем колдоп турат. Мурда айылда эле жашачубуз. Жайында жайлоого чыгып, акча табууну мен сунуштагам. Жолдошум башында күмөн санап жатты, кайын энем ойлонбостон макул болду. Ошентип бир уйубузду сатып вагон алып, ишти баштадык.

Кайын энем мени аяп турат. Күйөөмдү телевизор көрүп отуруп калса, мага жардам беришин айтып сыртка кууйт. Аяштарыбыз отурушка чакырса, “бул шумпай, жөн отургузбайт” ,-деп баламды алып калат. Кийим саткан бир курбусу бар. Дүкөнүнө жаңы товар келген сайын айттырып, мага көйнөк алып берет. Кээде кыбырап отуруп кийимдерибизди үтүктөп, ордуна коюп коет. Ооба, бул майда-чүйдө нерселер, бирок жүрөгүңдү жылытат экен.

Төшөккө жатып калгандан бери, кол-кабыш кыла албай калганын айтып кейийт.

Бир жолу таң эрте туруп айран ачытам деп саат төрткө "будильник" коюп койдум. Турсам сегиз болуп калыптыр. Кайын энем чай даярдап жүрөт.

- Апа, качан турдуңуз? Саат бузулуп калган окшойт э?

- Бузулбай эле, сени бир аз уктап алсын деп, будильнигиңди кечинде эле өчүрүп койгом.

Чай ичип отурганбыз. Кайын энем чөнтөгүнөн конверт алып чыгып мага сунду. “Атайын сага деп пенсиямды коротпой чогултуп жүрдүм эле. Көлгө жол ачылыптыр, кийимдериңди чогултуп эс алып келегой. Бул иш кургур бүтпөйт. Арыктап, жүдөп кеттиң. Бизге камсанаба, эртең кайын эжең келип жардам берет, жана чалып айтып койдум. Жакшы бир пансионаттын дарегин берем, ошол жакка барсаң тамактары даамдуу. Сөзүмдү укпасаң, таарынам.”

Таң калып күйөөмдү карадым. Ал акырын жылмайып, мени өзүнө тартып кучактады. Көйнөгүнө көз жашым тыпылдап тама баштады.  

 

 

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
A
Anara Mambetkadyrova
09.06.2020, 13:44

Жүрөк жылытат.Ылайым эле кайын эне м-н келиндердин мамилеси ушундай болуп калсынчы,бири бирин аяп.

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт