// //

Себим келгенден кийин кайын энем мени эркелетип жакшы мамиле кыла баштады

2022.05.22, 18:37
7126

Bilesinbi.kg окурмандарынын баштан өткөргөн ар түрдүү окуялары менен бөлүшүп келет. Бул ирет жаш келиндин баянын жарыялайбыз. Эскертүү, каармандардын аты өзгөртүлдү.

Көрүшкөнчө көздөр тике карабай,

Эки мүнөз уяң өскөн баладай.

Наа, на, на, на, наааа....

Себим келгенден бери кыйын энем кыңылдап ушуну ырдап жүрөт. Бери жакта туруп алып жаттап деле бүттүм. Кечээ интернетке кирип издесем, “Чагылган” деген ыр экен. Дал келип калганын карабайсыңарбы, буга чейин кайын энем чагылгандай болуп эле чартылдап жүргөн.

Кайын энемди жамандайын деген оюм жок. Кандай болгон күндө дагы, ал менин сүйүктүүмдүн апасы, ичимдеги тентектин чоң апасы бойдон калат. Бирок, менин көңүлүмдү көп жолу оорутту. Эмнем жакпай жатат деп жагыш үчүн канча аракет кылдым дейсиңер. Көрсө, кеп болбогон нерседе экен.

Ата-энем чет өлкөдө жашайт. Чириген байдын кызы деп ойлобогула, кадимки эле карапайым үй-бүлөдө чоңойгом. Болгону жумушсуздуктун айынын алыска кетүүгө аргасыз болгонбуз. Болочок күйөөм менен ошол жактан таанышкам. Баш кошсок Кыргызстанга кетеримди билгем. 

Тойдун эртеси ата-энем тезинен учуп кетүүгө мажбур болушту. Анткени, карантин башталып, чек аралар жабылып кирди.

Ортодогу сүйлөшүүлөр боюнча септи эки-үч күндөн кийин алып келишмек. Базарга түшүп бир нерсе сатып алганга жетишпей калганына байланыштуу кайын энемди жолугушууга чакырышкан. “Кийинчерээк, карантин бүткөндөн кийин алып келебиз дешти, биз деле калыңды ошентип турбай.” Кайын энем ушинтип сүйлөнүп келди. Маани деле берген эмесмин.

Баягы күлүп жайнап ак жоолугун салган кайын энем өзгөрдү. Мени кагып-силкип, улам-улам сеп жөнүндө кыйытып сүйлөп, кылгандарымды жактырбай кыялын көрсөтө баштады. Эң кейиштүүсү эки-үч жолу ата-энеме асылып, жаман сөздөрдү айтканы болду. Күйөөм “коюңуз десе дагы укпайт”. 

Карантин бүтөөрү менен ата-энем сөзүнө туруп биринчи рейс менен учуп келишти. Себимди укмуш даярдашыптыр. Алтындарым десе, чогулткан акчаларын баарын жумшаганы көрүнүп турду. Кайын энем ошол эле замат мени эркелетип сүйлөп калды.

Кийимдеримди үтүктөп отургам. Күйөөм жаныма келип курсагымды сылап баласы менен учурашты. “Жаным, апамдын ордуна мен кечирим сурайм. Көп жолу көзүңдүн жашын агызганга мажбур болдуң. Ооба, апамдын кылыгы үчүн уялам, бирок апамды өзгөртө албайт экенмин, кандай болсо дагы жакшы көрөм.” Тартынды көрүнөт шап бурулуп сыртка чыгып кетти.

Мен кек сактабайм. Бирок, көңүлүмдүн ооруганы чын. Кайын энеме ушундай сый көрсөтүп өтөйүн дегем. Баарын өзү бузду. Азыр канчалык жакшы мамиле кылбасын, жан дүйнөм менен тартыла албайм. 

Баса, күйөөмдү мурдагы, тактап айтканда чет өлкөдүгү жумушуна чакырып жатышат. Буйруса, жакында учуп кетебиз. 

Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт.

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Күйөөмөн ичимди бекитип жүрүп үч бала төрөп алдым

Үйгө келсем атам менен келиним отуруп алып бокс көрүп жатыптыр

Үйлөнгөн досумду куттуктап барсам, көшөгөдө келинчегим отуруптур

376 тууганымдан көрбөгөн жакшылыкты делдең кулак кошунамдан таптым

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт