// //

Мен үчүн аялым бул ишке барганда, ушунча мени катуу сүйөбү деп ыйладым

2022.05.02, 16:39
9665

Bilesinbi.kg окурмандарынын баштан өткөргөн ар түрдүү окуялары менен бөлүшүп келет. Бул ирет бир окурмандын катын жарыялайбыз. Эгер сизде дагы кызыктуу баян бар болсо, бизге жөнөтүңүз.

"Жаным, ушунун баары керек беле? Мени дагы ушунча катуу сүйөсүңбү? Эмне кылайын? Эмне кылсам ооруң басылат? Суу ичесиңби? Конфет жейсиңби? Конфетпи, азыр алып келем."

Бир түн. Болгону бир түн, аялыма болгон мамилемди толук өзгөрттү. Ар бир эркек аялы менен төрөткө кириши керек. Ошондо алардын көз карашы толугу менен өзгөрөт. 

Толгоосу эрте башталды. Дарыгер бир жумадан кийин деген. Ызы-чуу болуп жатып калдык. Апам менен атам келининин бутуна бут кийимин кийгизгиче, мен акылынан адашкан немедей, ары -бери баса бердим. Апам шлепкасын чечип, жонума бир чапты. Атам менен келинчегим каткырды. Ошондо эсиме келдим. Машинаны от алдырдым.

Аялыңдын кыйналганын көрүү мынча азап экенин билбегем. Арткы орунда онтоп баратса, бул жакта туруп алып мен жаман болдум. Төрөтканага жеттик. Апам дарыгерге чуркап кетти. Мен аялымды палатага жетеледим. Таштап кете албадым. Коркуп кирбейм деп жаткам, апам муштумун көрсөтүп "келинимди жалгыз таштап көргүн" деди эле, киришке мажбур болдум.

Жаным менин. Мени ушунча сүйөт экенин ошондо болдум. Мен үчүн ушул азапка барып жатат да. Өзүмдү коерге жер таппайм. Бакырса кошо бакырам, ыйласа кошо ыйлайм.  Тоону томкоруп жибергим келди. Аттиң, оорусун азайта албадым.

Кызыбыз туптуура он сааттан кийин ыңалады. Мына, биздин сүйүүбүздүн далили. Аялымдын мага болгон сүйүүсүнүн далили. Мен мындан ары аны капа кылганга, көңүлүн оорутканга акым жок. Сени катуу сүйгөн гана ушундай азапка бара алат. Муну ар бир эркек түшүнүп, коркпой, жалгыз таштабай төрөтканага кириши керек. 

Сыртка тердеп чыктым. Апам тосуп алды. "Ата болдуң уулум, эми сенден эки эсе жоопкерчилик бар, муну унутпа" деди. Апамды кучактап ыйлап кирдим. Бакыттын көз жашы. 

Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт.

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Күйөөмөн ичимди бекитип жүрүп үч бала төрөп алдым

Үйгө келсем атам менен келиним отуруп алып бокс көрүп жатыптыр

Үйлөнгөн досумду куттуктап барсам, көшөгөдө келинчегим отуруптур

376 тууганымдан көрбөгөн жакшылыкты делдең кулак кошунамдан таптым

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт