// //

Келинимдин жанына отургандан жийиркенчүмүн, азыр ошентип отурууга зармын

2022.04.25, 14:48
32656

Bilesinbi.kg окурмандарынын баштан өткөргөн ар түрдүү окуялары менен бөлүшүп келет. Бул ирет бир окурмандын катын жарыялайбыз. Эгер сизде дагы кызыктуу баян бар болсо, бизге жөнөтүңүз.

"Тур, эшикке чыгып иш кыл!" Келиниме көрбөгөн көргүлүктү көргөздүм. Уялам. Бечерам ай, анча мага чыдадың. Сенин жашооң, менин кыяламдан дагы баалуу экенин билбедиң. Сени менден коргой албаган уулумду сүйдүң. Кечирим сурайм. Аттиң, кеч...

Азыр батирде жашайм. Жалгыз. Неберелерим мага келбейт. Убагында жүрөктөрүнүн үшүн алгам. Жалгыз кара чай ичип отурам.

Сый көрсөтүшсө мага кошомат кылып жатышат деп, текеберлик кылдым. Эч кимди теңиме албадым. Өлбөчүдөй жашадым. Карыбай тургандай жамандык кылдым. Мен азыр бирөө менен маектешүүгө зармын. Мен азыр мени чындап бирөө жакшы көрсө деп отурам.

"Чоң апааа!" Жаш бала талпынып мага чуркап келатты. Жаныман өтүп кетти. Чоң апасы артымда туруптур. Кызгандым. Ичим күйдү. Мен деле ушинтип небере жетелеп жүрсөм кана...

Ак жумал келиним. Айдайым. Жанымда отурсаң жактырбай, мурдумду чүйрүдүм. Жийиркендим. Ананчы акча менин көзүмдү жаап калган эле да. Карапайымдын кызы деп басынттым. Азыр мен карыдым. Алым жок. Мен жеңилдим.

Сенин чайыңды ичип, төрүңдө сый көрүп отурсам кана. Бирок, андай болбойт. Сен азыр башка бүлөнүн жаркылдаган келинисиң. Сени сыйлаган кайын энең бар. Сени коргогон күйөөң бар. Сен бактылуусуң. Азаматсың. 

Айдайым, мени кечир. Күн сайын жатарда сенден кечирим сурайм. Уулумдун кайда жүргөнүн деле билбейм. Чалганга жарабайт. Сен кеткенден кийин ал көчөлөп эле калды. Мени көмсө болду. Мен чарчадым. Жаман адам болуудан чарчадым.

Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт.

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Күйөөмөн ичимди бекитип жүрүп үч бала төрөп алдым

Үйгө келсем атам менен келиним отуруп алып бокс көрүп жатыптыр

Үйлөнгөн досумду куттуктап барсам, көшөгөдө келинчегим отуруптур

376 тууганымдан көрбөгөн жакшылыкты делдең кулак кошунамдан таптым

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт