// //

Келинчегим менден жашынып алып кайда баратканын билип ыйладым

2022.04.21, 17:30
20149

Bilesinbi.kg окурмандарынын баштан өткөргөн ар түрдүү окуялары менен бөлүшүп келет. Бул ирет бир окурмандын катын жарыялайбыз. Эгер сизде дагы кызыктуу баян бар болсо, бизге жөнөтүңүз.

- Апам өзүнчө эле бактылуу го.

- Ыя, койчу?

- Билбейм, көп күлүп калыптыр го.

- Ыя?

Улуу балам футболго кетип баратып ушинтти. Телефон чукулап жаткам. Шап ордуман тура калдым. Келинчегимди издеп баштадым. Демейдегидей ашканада экен. Жок, бул ирет демейдегидей эмес, кабагы бүркөө эмес, бактылуу кыскасы. Эмне үчүн?

19 жыл биргебиз. Мен бактылуумун. Менин жанымда аялым дагы бактылуу деп ойлогом. Көрсө, акыркы он жылдан бери бактысыз жүргөн экен. Ошон үчүн тиги жакка бара баштаптыр. 

Кичүүбүздү мектептен тосуп алганы жөнөп кирди. Демейде шашып эле, үй кийими менен чыгып кетчү. Эми болсо жакшынакай көйнөгүн кийип, дагы кошумча бир сумка көтөрүп, анан эки саат эрте жөнөп кетти. Бул кайда кетти?

Көп күлчү болду. Маанайы дагы ар дайым жакшы. Балдар менен божурашып сүйлөшүп, жаркылдап жүрүп калды. Мен жумуштан келсем, энергияга толгон. Ал бактылуу болгон сайын, мен бактысыз боло баштадым.

Себебин таптым. Ооба, мен туура эмес кылдым. Бирок, кызгандым. Жаман ойлор аны аңдыганга мажбурлады. 

- Эмнеге мага айтпадың? 

- Сенин менин жанымда бактылуу экениңди билем, күн сайын көрөм. Анан мен сенин жаныңда бактысызмын деп айтыштан корктум.

- Бактысызмын?

- Сени сүйөм, бирок акыркы он жылдан бери бактысыз жүргөнүмдү сезбедиң. Мен чөгүп бараттым, бирок байкабадың. Күн сайын окшош күндөр. Ушундай тажадым, жаным. Балдар, тамак жасоо, кир жуу, идиш жуу, кайра эле ушулар айланып жатты. Мен күлгөндү унуттум. Сага сүйлөшөлү десем уктап калып жаттың. Менин жанымда бактылуу жүрдүң. Сени капа кылгым келбеди. Коендой окшош күндөр ушундай жаман экенин билбедиң. Мектепке чогулушка баргам. Анан ал аял менен тааныштым. Балаңдын классташынын апасы экен. Бий курсун ачып жаткан экен, биринчи сабак бекер деди. Мени чакырды. Бир жолу барып көрөйүнчү дедим. Ишенесиңби, турмушка чыгып, бала төрөгөндөн кийин биринчи жолу жаңы бир нерсе жасап, бутум базар менен мектепке гана эмес, башка жакка багыт алды. Мен бакыттан ыйладым. Мага бийлеген жакты. Казан-аякты, тамакты, кирлерди бир саатка унутуу кандай бакыт экенин билсең кана жаным... Сага айтуудан тартынып жүрдүм. Бирок бакыт баары бир байкалат экен...

Мен ыйлап отурдум. Чын. Ыйлап отурдум. Келинчегим сүйлөп жатты. Мен чын эле бактылуу болчум. Бирок, келинчегимди унутупмун. Байкушум балдар менен кечке үйдө болду. Удаасынан балалуу болуп эс албады. А мен жумушка, досторго кетип калып, эс алып жаттым. Ал байкушту унуттум. Канчалык кыйналып жүргөнүн сезбепмин. 

Эртеси үйгө жумуштан жооп сурап эрте келдим. Аялым ашканада идиш жууп жатыптыр. Колундагы идишти алдым.

- Эмне болду? Эмне эрте келдиң? Баары жакшыбы?

- Тур, курсуңа кечигесиң, жөнө. Жолдон дүкөнгө кайрылып жакшы форма алып ал. Мына тыйын. Идишти мен жууп коем. 

Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт.

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Күйөөм апамдын байпактарын жууп жатса, кайын энем келип ызы-чуу салды

Үйлөнгөн досумду куттуктап барсам, көшөгөдө келинчегим отуруптур

376 тууганымдан көрбөгөн жакшылыкты делдең кулак кошунамдан таптым

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт