// //

Атама жигитимди тааныштырсам, "бул сага жигит болууга жарабайт" экен деди

2022.04.21, 12:32
20511

Bilesinbi.kg окурмандарынын баштан өткөргөн ар түрдүү окуялары менен бөлүшүп келет. Бул ирет бир окурмандын катын жарыялайбыз. Эгер сизде дагы кызыктуу баян бар болсо, бизге жөнөтүңүз.

Жигитим тердеп, кызарып чыкты. Бетин жууй берип, ак көйнөгүн дагы суу кылды. Улам машинасынын күзгүсүнө каранып чачын оңдоп, менден жакшынакай эле көрүнүп турабы сурап коет. Толкунданып жатканы мага жагып жатты. Айылга ата-энем менен тааныштырганы алып баратам. 

"Сени жактырып калган окшойт, үч күндөн бери кайра эле паролун унутуп калганын айтып келип жатат." Банкта оператор болуп иштейм. Кесиптешим ушинтсе тиги жигитти карап тааныдым. Мени карап олтуруптур. Карасам билмексен болуп эки жагын карайт. Күлүп жибердим. 

Мага келип отурду. Эмне болгонун сурасам дагы картасынын паролун унутканын айтты. Мен тейлегиче тердеп, сүйлөй албай, кызарып чыкты. Мындай карасам жөнөкөй, жагымдуу жигит экен. Уялып жатканы билинди. Сүрдөп шашып туруп кетти. Артынан чуркап чыктым.

"Чоң жигит. Бул менин номерим, улам келе бербей, паролуңузду унутуп калсаңыз мага чалыңыз." Биринчи кадамды мен таштадым. Ой боорум. Калп айтпайм, мага деле жагып калды. Сүйүнүп, көздөрү жайнап чыкты. 

- Паролумду дагы унутуп калдым.

- Эмне кылсаңыз эстейсиз, ойлонуп көрүңүзчү.

- Сиз менен тамактансам эле эсиме келчүдөй.

- Анда макул.

Экөөбүз күлүп жибердик. Андан бери бир жыл өттү. Ар дайым чогуубуз. 

Кыялымдагы адам болуп чыкты. Жаңылбапмын. 

Атама ушундай бир жигит менен сүйлөшүп жатам дедим. Атам оор басырыктуу киши. Көп адамды жактыра бербейт.  "Үйгө келип тамактанып кетсин" деди. Мага кабатыр болуп, ким менен жүргөнүмдү билгиси келгенин дароо түшүндүм. Жигитиме айтсам, албетте барарын айтты. Айылга жөнөдүк.

Апам чыныга суусун көтөрүп алып тосуп чыкты. Көптөн бери айылга келе элек элем. Машинадан чуркап чыгып, апамды кучактап өөп кирдим. Жигитимди унутуп деле калыпмын. Анан эсиме келди. Апам менен учурашып, алган гүлүн сунду. Апам ак көңүл ага баары жага берет. Атам чыкты. Мени чекемден өөп, чачымдан жыттады. Жигитим чуркап келип салам берди. Үйгө өттүк.

Атам менен жигитим сыртта бир топко сүйлөшүп отурушту. Апам божурап айылдын кабарларын айтып берип жатты. Менин көзүм терезеде. Экөөндө баары жакшыбы, эмне деп жатышат деп кызыгып карап коем.

Мен айылга бир жумага калып калганы келгем. Кечинде жигитимди шаарга узаттык. Атам машинасы узап кеткиче кол булгалады. Кызык дедим. Анан апам кирип кеткенден кийин мени карап "бул сага жигит болууга жарабайт, бул жигит сага күйөө болууга жарайт, мыкты адам экен кызым" деди. 

Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт.

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Күйөөм апамдын байпактарын жууп жатса, кайын энем келип ызы-чуу салды

Үйлөнгөн досумду куттуктап барсам, көшөгөдө келинчегим отуруптур

376 тууганымдан көрбөгөн жакшылыкты делдең кулак кошунамдан таптым

 

 

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт