Бул сөздөрдү айтканды токтотсоңуз, жакырчылыктан чыгасыз
Салам достор! Биз бүгүн силерге ийгиликсиз адамдар көп колдонгон сөздөр жөнүндө айтып беребиз. Ийгиликтүү болуу үчүн көп акча керек эмес. Баары ой жүгүртүүдөн көз каранды. Буларды окуп чыгып, тааныштары болсо жашооңуздан чийип салыңыз.
"Мен кыла албайм"
Муну айткандан кийин аң сезимиңиз "иштебей эле ордуңда тура бер" деген буйрукту алат. Анан ийгилик жөнүндө айтуунун кереги жок болуп калат. "Буга менин күчүм жетпейт", "мен кыла албайм", "каалабайм" деген сөз айкаштарын ошол эле топко кошууга болот. Ар бирибиз белгилүү бир жөндөмдөр менен төрөлөбүз. Бирок, эгер сиз бир нерсени каалабайм же кыла албайм деп айтсаңыз, анда муну менен сиз автоматтык түрдө күчүңүздү чектейсиз. Мындай фразалардан арылсаңыз, жеке жашооңузда материалдык ийгиликке, бакытка жол ачасыз.
"Мен ага татыктуу эмесмин"
Мындай фраза жашооңузга ийгиликти киргизбейт. Ушул эле топко “мен буга татыктуу эмесмин” деген фразаны киргизсек болот. Муну көбүнчө кара жанын карч уруп иштеген, жыйынтыгында аз эле нерсе алганга көнүп калган адамдар айтат. Алар үчүн ийгиликке жетүү дээрлик мүмкүн эмес. Өздөрүн жакшы нерсеге татыктуу көрүшпөйт, өздөрүнө көп нерсеге тыюу салышат.
"Жакпайт, бирок айла жок"
"Проблемалар мажбур кылып жатат", "жакпаса дагы, башкалар талап кылганды кылам", "мен милдеттүүмүн". Мындай фразалар маанайды бузат, мотивацияны жок кылат жана магнит сыяктуу жашооңузга терс көрүнүштөрдү тартат.
"Бул мүмкүн эмес"
Бул фраза ийгиликсиздикти магниттей өзүнө тартып, кыялдын орундалуусун артка жылдырат. Бирок дал ошол кыялдарыбыз бизди жаңы бийиктиктерге жетүүгө жардам берет эмеспи. Өзүңүздүн максатыңызга жетүү укугунан ажырап калбоо үчүн мындай сөздөн арылыңыз.
"Бир жамандык болчудай"
Бир жамандык болчудай экенин айта берсеңиз, камкордукту, сүйүүнү, материалдык жыргалчылыкты өзүңүздөн алыстатасыз. Ал тургай, "бактысыздык", "ийгиликсиздик" деген сөздөрдүн өзү эле жашооңузду оорлотот. Андыктан, көбүрөөк жакшы сөздөрдү айтыңыз.
Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:
Бул 5 адаттан арылбасаңыз кедей болуп калышыңыз мүмкүн
Бул 4 китепти окусаңыз акчаңызды башкарып, бай болгонду үйрөнөсүз
Кредит алгандан кийин карызга батпайм десеңиз, бул тесттен өтүңүз