// //

Бейтапканда жанымда жаткан келинге келген жаш жигит ким экенин билип таңкалдым

2022.04.19, 16:56
38578

Bilesinbi.kg окурмандарынын баштан өткөргөн ар түрдүү окуялары менен бөлүшүп келет. Бул ирет бир окурмандын катын жарыялайбыз. Эгер сизде дагы кызыктуу баян бар болсо, бизге жөнөтүңүз.

Супсулуу, келишимдүү, бою узун, ак жумал, 17 жаштардагы жаш жигит. Уктап жаткан келиндин жуурканын кымтылап, колун кармап, маңдайында карап отурду. Онтолосо тура калып, терин аарчып кирет. Суктанып отурдум. Бирок, бул жигит ким болду экен дедим. Күйөөсү дейин десем жаш. Баласы дейин десем окшошпойт. Ким болду экен?

Кечке маал күйөөсү келди. Оор басырыктуу, өзүнөн бир топ жаш эле улуу. Жанагы жигит бир аз ошого окшошуп кетет экен. Ошондо кайын инисиби? Кой өзүнөн сурайынчы. Качан ойгонот экен?

Уктап кетипмин. Көзүмдү ачсам тиги келин шорпо ичип отуруптур. Мени көрө калып сүйүнүп кетти.

- Эже, келиңиз шорпо ичиңиз. Балам көп алып келип коюптур, ачып кетпесин.  

- Балам? Ай, жанагы жаш жигит сенин балаңбы?

- Ооба.

- Сен өзү канчадасың?

- Отуз төрттөмүн.

- Ай ошондо канча жашыңда тийдиң эле?

Күлүп жиберди. Анан окуясын айтып кирди. Мен шорпосунан ууртап, кызыгуу менен угуп отурдум. Операция жасаган жеримдин ооруганын дагы унутуп калдым.

"Мен күйөөгө окууну бүтүп эле тийдим. Башында күйөм, сүйөм деген жигитим, таптакыр башка күйөө болуп чыкты. Кол көтөргөнүн айтпай эле коеюн. Биринчи балам боюман түшүп калды. Экинчиси дагы түштү. Үчүнчүсүндө эми балалуу боло албасымды айтышты. Күйөөм эмне кылды дебейсиңерби, мени түндө жарым жылаңач кылып көчөгө алып чыгып койду. 

Эже, кандай гана оор күндөр өттү дейсиз. Азап чеккенимди айтпасам дагы түшүнсөңүз керек. Экинчи балалуу боло албасымды билип жашоо оор болду, бирок жашайт экенсиң. 

"Мен балалуу боло албайм" дедим. Бирок, ал "мага турмушка чыкчы" деп дагы айтты. Мен кайра балалуу боло албасымды айттым. Ал сунушунан баш тартпады.

Чыныгы күйөө кандай болорун ошондо билдим. Мага кылган сыйы, камкордугу, мамилеси муздап, коркуп калган жүрөгүмдү жылытты. Ал эми үч баласы, энелик мээримимди ойготту.

Аялы көп жыл мурун каза болуп калыптыр. Үч баласы бар экен. 

Балдар дароо мени "апа" деп киришти. Ыйладым. Мен бул сөздү угууга зар болуп жүргөнүмдү билсеңиз кана. Атасынан өтүп үчөө тең мага үйрүлүшөт. Мен мээримге бөлөнүп жатып калдым. 

Жакында улуу кызымды турмушка узаттым. Күн сайын чалып менден кабар алып турат. Бул экинчи уулум, 16 жашта. Кичүүсү мектеп окуучусу. Азыр олимпиадада чет жакта жүрөт. Мына, карасаңыз каттарын, улам мени жакшы көрөрүн айтып кат жазып жатат. Келсе эле келерин айтты. Ошо эже..."

Ыйлап жибердим. Ушундай окуянын күбөсү болгонума кубандым. Тиги жигит дагы келди. "Апа сизге атам тамак берип жиберди" деп, бетинен өөп, баштыгын ача баштады. Эне менен баланын мамилеси деп ушуну айт. Байкуш келин үчүн ушундай сүйүндүм. Бакыт бар экен. Ишенгиле.

Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт.

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Күйөөм апамдын байпактарын жууп жатса, кайын энем келип ызы-чуу салды

Үйлөнгөн досумду куттуктап барсам, көшөгөдө келинчегим отуруптур

376 тууганымдан көрбөгөн жакшылыкты делдең кулак кошунамдан таптым

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт