// //

"Артыңа 5 киши жаздыр" деген сетевойго кантип алданбаш керек? Юристтен 4 кеңеш

2022.03.21, 13:58
3794

Көптөгөн адамдар үчүн "сетевой бизнес" деген сөз терс мааниге ээ болуп калды. Муну укканда эле, дароо акылга "алдамчылык" деген сөз келет. Ошентсе дагы, анын тузагына түшүп, акчасынан айрылгандар жок эмес. Мындан утурлай, юрист Жаңыл Алымкул кызы бул тармактын шылуундарына кантип курмандык болбош керек экенин айтып берди. 

Негизинен Кыргыз Республикасында тармактык (сетевой) бизнестин ишмердүүлүгүн жөнгө салып, тескеген атайын мыйзамдар каралган эмес. Тармактык бизнестин алкагында келип чыккан мамилелер жарандык-укуктук мамилер болуп саналат. Анткени, тармактык маркетинг дегенде бул - кардар менен өндүрүүчүнүн ортосунда ортомчусу жок эле товарды жүгүртүү мүмкүнчүлүгү каралган бир бизнес модель.

Мындай алып караганда - теория жүзүндө анын эч кандай коркунучтуулугу жана зыяндуулугу деле жок. Бирок, практикада бизде тармактык маркетинг финансылык пирамидага (ст.221), алдамчылыкка (ст.209), мыйзамсыз ишкердик же банктык ишке (ст.218) жана жалган ишкердикке ( ст.220) айланып кетип жатат.

Финансылык пирамиданы түзүү болсо КР Кылмыш-жаза кодексинин 221-статьясы боюнча кылмыш болуп эсептелинет.

Ал эми, калган пункттар тууралуу деталдуу жазуунун кажети деле жок. Алардын кылмыш экени айтпаса да түшүнүктүү.

Андан тышкары алар сатып жаткан продукциялары боюнча берген маалыматтары менен сапаты туура келбей "Керектөөчүлөрдүн укугун коргоо боюнча" мыйзамын бузуулар көп кездешет.

Эми, ушул тармактык бизнеске алданып, курмандыгы болуп калбаш керек үчүн эмнелерге көңүл буруу керектигине токтолуп кетели:

Эсиңизде болсун

Кандайдыр бир продукцияны, кызматты сатуу эмес, продукцияны сатуунун же керектөөнүн эсебинен эмес, керектөөчү ушундай эле схемага башка керектөөчүлөрдү тартуунун эсебинен артыкчылыктуу түрдө берилүүчү компенсация-киреше алуу мүмкүндүгүн сунуштап жатса, демек бул - каржылык пирамидасы. Башкача айтканда, "артыңа 5-10-15 киши жаздыр, мынча сом салсаң, анын 2 жумада мынча болуп көбөйтүп берет" деп жатышса кооптонуңуз.

Ким, эмне, кандай, каякта?

Жумуш издеп жүргөндө көпчүлүк эле сетевиктердин "сыйкырдуу" кулактандыруусуна кабылган болушу керек. "Менеджер керек", "директор керек", "директорго ассистенткерек", "айлыгы мынча сом" деп турса, биз болсо болду, болбосо жок деп телефон чалабыз. Бактыга жараша же тилекке каршы бизди дароо "собеседованиеге" чакырышат.

Мына дал ушул чакыруу этабында эле төмөнкүлөрдү тактап сурап алыңыз.

1) Ким: сизди маектешүүгө чакырып жаткан кишинин аты-жөнү ким? Кызматы эмне?

2) Эмне: компаниянын расмий, так аталышы эмне? Социалдык баракчалары барбы? Эмне тармакта иш кылат?

Кийин КРнын, же чет өлкөнүн юридикалык жактардын базасынан алардын расмий катталып катталбаганын, ИНН номерлери, жетекчилери тууралуу маалымат алсаңыз болот.

Адатта мындай тармактык компаниялар өздөрүнүн так аталышын айтышпайт. Башты айлантып эле "консультациялык центр", "тышкы соода менен иштөөчү агентство", "инвестиция жана кардар тартуу боюнча компания" деген сыяктуу акылдуу терминдердин айкалышын айтып коюшат. Эгерде сизге да ушинтип, так бир маалымат бербей, "аны келгенде билесиз" деп сөздү айланчыктатып, таңгакка ороп жатышса, демек кооптонуңуз. Сизди башында эле алдоо жолу менен ишке чакырган, кийин сизди жыргатабы?

Критикалык ой жүгүртүңүз

Убада кылып жаткан результат жана белектери чындыкка дал келеби? Эч кандай жөндөм, тажрыйбага ээ болбой туруп күнүнө 1-2 саат "иштеп" 100-300 миң ашык акча таап, машина, яхта ала аласың деген канчалык деңгээлде реалдуу?

Келишимдерди талап кылыңыз жана аларды кылдат окуп чыгыңыз

Сиз мындай компанияга жумушчу болуп ишке орношосузбу, же партнёр болуп кошуласызбы же товар алуучу болуппу - кандай түрдө болгон күндө да бул мамиле ортодо келишим менен бекитилиши керек. Мына ошол келишимде бардык шарттар, мисалы партнерлуктан чыгуу, акчаны, же товарды кайтаруу, ж.б. шарттар каралышы кажет. Ал сизге жалпак тилде да түшүнүктүү болушу керек. Эгерде сиз менен эч кандай келишим түзүлбөсө, же түзүлгөн келишим өтө эле жалтырак, же тескерисинче булаңгыр болуп жатса анда кооптонуңуз.

Маалымат топтоңуз

2-3 жылдыз жарнама кылып, же сиз сыйлаган таеже-жеңеңиз өтө мактап койсо эле ишенип калбай өзүңүз дагы ал компания жөнүндө интернеттен караштырып көрүңүз: карапайым калк эмне деп жатат, булардын үстүнөн милицияга кайрылуу фактылары болгонбу, болбогонбу, пикир-отзывдар кандай?

Биздин өлкөдө азырынча юридикалык жактар тууралуу толук маалыматты (Юстиция министрлигинин базасынан башка) камтыган портал жок. Антсе да азыр интернет айдыңынан бир топ маалыматты оңой эле тапса болот.

Сак болуңуз!

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт