// //

Сүмөлөк аралаштырып жаткан жеңемдин тилегин угуп алып ыйладым

2022.03.20, 13:09
24639

Bilesinbi.kg окурмандарынын баштан өткөргөн ар түрдүү окуялары менен бөлүшүп келет. Бул ирет бир окурмандын катын жарыялайбыз. Эгер сизде дагы кызыктуу баян бар болсо, бизге жөнөтүңүз.

Тизилип турган бачоктордун артына кирип кеткен сары жөжөнү чыгара албай, мен дагы артынан "чипа, чипа" деп кирдим. Өзүмдү кичинекей элестетип алган окшойм. Кармадым. Эми чыга албай тыгылып калдым. Артка сойлодум. Ошол маалда кайнап жаткан сүмөлөккө жеңем келди. Башкалар чай ичкени кирип кетишкен. Бачок жакта тыгылып турган мени көрбөдү. Тилегин айтып аралаштыра баштады.

Жеңем акыркы убактарда ойлуу. Мурдагыдай көп күлбөйт. Үйгө келгенде унчукпай басып жүрө берет. Апам менен атам дагы кабатыр. Байкемен сурашса, баары жакшы деп койгон. Апам байкеми урушту. Анда дагы эч нерсе айтпай койду. Экөөнүн ортосунда бир нерсе болгондой. 

Эки жыл мурун үйлөнүшкөн. Ал күн дале эсимде. Ананчы, дарбазага илине турган шарлардын баарын жалгыз отуруп алып үйлөгөм. Аягында дем жетпей, кулап калайын дегем. Машина келди. Ичинен жеңем түштү. Кичинекей кара кыз эле. Бирок ушунчалык сулуу болчу. Байкеми карап "охо" десем, кызганып кеттиби, айтор, мага муштумун түйдү (тамаша иретинде). Апам "бар, шорпону кара" деп кууп жиберди. 

Мен бирок үйлөнгүм келбейт. Балким, кийин үйлөнөм. Сүйлөшкөн кызым таштап кеткенден кийин, могу жүрөк ооруп жүрөт. Ага өчөшүп бир-эки кыз менен сүйлөшүп көрдүм. Унута албадым. Шорпо аралаштырып жатып, "жеңелүү болдум" деп ага кат жаздым. Окуп туруп жооп бербеди. Жаман кыйнап жиберди. 

"Кудайым, менин бир гана тилегим бар, аны билесиң, андан ажыратпа. Билесиң, мен кичинемден бери көп баланын энеси болгум келчү. Бул тилегимди менден тартып алба. Сүйгөн адамымды таптым. Эми экөөбүзгө алакан толо бала бер. Көчөгө чыккым келбейт. Балдарды ээрчитип бараткан ата-энени көрсөм буулугуп ыйлагым келет. Дарыгерлер менин дартым оор экенин айтышты. Бала көтөрө албай калышым мүмкүн экенин айтышты. Аны уккандан бери күйөөм, балалуу болбойбуз деп мага уруксат бербей койду. Мен жок жашай албасын айтты. А мен баласыз кантип жашайм. Бирок, мен дарыланып жатпайымбы. Айыгып..." 

Калган сөзүн айта албай, бышактап ыйлап жиберди. Тизесин кучактап алып ыйлай берди. Байкем келип жетелеп алып кетти. Көрсө, жеңем ооруп жаткан тура. А биз билбей, туугандар чогулса эле "качан балалуу болосуңар" деп сурап, жарасына туз себе берчү экенбиз. Ачуум келип чыкты. Муштумумду катуу түйдүм. Жөжө чыйпылдап жиберди. Аны эстеп кетип кое бердим, аз жерден өлүп кала жаздады. 

Кечинде апам менен атама баарын айтып бердим. Балким айтпай эле коюшум керек эле, мен ушундай чечтим. Апам унчукпай угуп отурду. Атам дагы эч нерсе дебеди. Апам менен жеңем экөө көпкө сүйлөшүп отурушту. Бир көргөнүм жеңем апамдын тизесине башын коюп ыйлап жатканы, апам анын чачынан сылап отурганы болду. 

Байкем менен жеңем кыз багып алышты. Баягы жөжөдөй сары кыз экен. Чачы тармал, бети сепкил. Ушунчалык кичинекей. Тили чыга электе уктап эле жата берчү. Сүйлөп калгандан бери аны алганга талашабыз. Апамдар "качан келесиер" деп үйгө чакыра беришет. Сонун кыз болду. 

Бул окуя төрт жыл мурун болгон. Мен азыр студент. Баягы сары жөжө тыпылдаган кыз болду. Төрткө чыгат. Канчадасаң десең, колун көрсөтөт. Баса, бир жыл мурун сиңдилүү болгон. Жеңем менен байкемдин сүйүнгөнүн көрсөңөр, ыйламаксыңар. Бирок, бир чындыкты айтып коелу. Баарыбыз сары жөжөнү көбүрөөк жакшы көрөбүз. 

Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт.

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Күйөөм апамдын байпактарын жууп жатса, кайын энем келип ызы-чуу салды

Үйлөнгөн досумду куттуктап барсам, көшөгөдө келинчегим отуруптур

376 тууганымдан көрбөгөн жакшылыкты делдең кулак кошунамдан таптым

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт