// //

Боюмдан түшкөндөн кийин "оорукчан" деп үйүмө жеткирген кайын энеме рахмат

2022.03.11, 12:19
25637

Bilesinbi.kg окурмандарынын баштан өткөргөн ар түрдүү окуялары менен бөлүшүп келет. Бул ирет бир аялдын катын жарыялайбыз. Эскертүү! Каармандардын аты өзгөртүлдү. Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт, интернеттен алынды!

Мен ата-энеме таарынбайм. Алар болгону "Эл эмне дейттин" курманы. Мен байкеме таарынбайм, ал болгону досторунун сөзүнөн чыга албайт. Мен эжеме таарынбайм, ал деле бекерпоз жездем менен жыргап жашап жаткан жери жок.  Мен сиңдиме таарынбайм, ал али окуучу, мен ага бакыт гана каалайм. Мен өзүмө таарынбайм, демек, баары ошондой болушу керек болчу.

Мен "жок" деп айтканды үйрөндүм.

Атам менен апамдар университетти бүткөндөн кийин эле мени чала тааныш жигитке турмушка узатышты. Баары ошентип келгенин айтышты, баары кийин бактылуу жашап жатканын айтышты. Бирок, бактылуу жашап жаткандарынан күмөнүм бар. Кебетелеринен андай көрүнбөйт.

Биринчи келген күнү эле таң атканга чейин казан жуудум. Саат беште жатып, кайра жетиде турдум. Бөлмөмө кирсем күйөөм жок экен. Эртеси түштө келди. Кайда жүргөнүн сурасам, ишим болбошу керек экенин айтты. Кайын энем келбей жатып күйөөмдү суракка алганымды айтып, жумушка салды. 

Мен келгенге чейин кайын журтум кантип жашады экен. Айтайын дегеним, бүт жумуш менин мойнума илинди. Байпактарына чейин жууп, койлорго чейин жем салчумун. Мен жок ачка отура беришчү. Анан келсем урушуп жатып калышчу.

Боюмда бар экенин эки ай болуп калганда билдим. Ичим катуу түйүлүп баса албай калдым. Күйөөмдү чакырсак келбеди. Жөрмөлөп барып кайын энемди чакырдым. Шашпай басып келип, карап турду дагы, анан тез жардам чакыртты. 

Боюнда бар деп аяшпады. Эки эсе жумушка салышты. Көп ооручу болдум. Тура албай жатып калган күндөрү чоң ызы-чуу болот эле. 39 градус температура м енен уй саап жүрдүм. Акыры боюман түштү.

"Неберебизди өлтүрдүң! Жогол, оорукчан келиндин кереги жок!" Кайын энем өз колу менен ата-энеме жеткирип беришти. Кетирбегиле деп суранбадым. Ошол үйдөн кетип жатканыма кубандым. Мен кетип жатканда күйөөм дагы үйдө жок болчу.  

Апамдарга "кызыңар оорукчан" экен деп, буюмдай эле таштап кетти. Ыйлаган жокмун, ишенесиңерби. 

Мен өзүмө убакыт бөлүүнү чечтим. Эч кимди укпай калдым. Мен бутума турдум. Азыр бизнесим жакшы киреше берип жатат. Баарына өз күчүм менен жеттим. Ишенгиле, өзүңөргө гана ишенгиле. Кылса болот экен. Эч кимди укпагыла. 

Бир убакта мени кууп чыккан кайын энеме рахмат. Мен ал турмуштан сабак алдым. Эч качан бирөөгө жагынып жана бирөөнү күнөөлөп жашабайм деп чечтим. Мен бул мен. Ар бир кадамым үчүн өзүм жоопкерчилик алам. Мен бактылуу болом. 

Жаман, адамгерчилик эмне экенин билбеген адамдар үчүн сынбюайм. Мен бийик болом! Бир келген жашоодо өзүмдү тандадым. 

Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт.

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Туугандар кайын энем экөөбүздүн купальникчен сүрөтүбүздү көрүп эстери оогон

Кой сойгонду, эт бышырганды үйрөткөн кайын энеме ыраазымын

Кайын энем мени көлгө эс алууга жибериш үчүн пенсиясын топтоп жүрүптүр

Күйөөм кызыбызга сүйгөнүнүн атын койгонун кайын эжемден уктум

Баламды кайын эжеме таштап Москвага кетсем, сууга агып чарчап калыптыр

 

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт