// //

Канча жаштан баштап секс кылса болот? Ата-энеден сурагандан уялган 5 суроо

2022.02.28, 13:09
5210

Салам достор! Бүгүн өспүрүмдөргө арналган “Ойло” чат-ботуна өспүрүмдөр тарабынан эң көп берилчү суроолорду узаттык.

Ойло бот - телеграмдагы виртуалдуу маектеш. Өспүрүмдөр жакындарынан, дарыгерден же мугалимдеринен сурагандан уялган суроолоруна жоопту Ойло ботко жазып алалышат. Боттун жоопторунун базасы врачтар, психологдор жана юристтерден турган эксперттердин тобу тарабынан түзүлдү. Ойло бот менен маектешүү толугу менен анонимдүү. Ага ким кандай суроо бергенин анын иштеп чыгуучулары дагы биле албайт.

Айыз жөнүндө айтып берчи?

Айыздын өзү – бул айыз циклинин бир бөлүгү. Айызы келген биринчи  күндөн кийинкисинин башына чейинки бардык мезгил, 21-35 күн, бир цикл деп эсептелет. 

Алгачкы айыз 12-14 жаштарда келет. Эгерде кызда 15 жаштан кийин айызы келбесе, гинекологго кайрылуусу керек.

Айыз башталган  биринчи күн циклдин биринчи күнү деп эсептелет. Кан менен чогуу организмден жетилген жумуртка клеткасы жана  жатындын сыйрылып түшкөн былжыр кабыгы сыртка чыгат. Ушул эле күнү жумурткалыкта жаӊы жумуртка клеткасы  жетиле баштайт. Болжол менен 14-күнү бул жумуртка клеткасы жумурткалыктан толук чыгат да, жатын түтүгүнө түшүп уруктандырууга даяр болот. Эгерде уруктандыруу болуп өтпөсө, айыз болжол менен эки жумадан соӊ келип, цикл кайталанат.

Көчөдөгү асылууларга кандай жооп беришим керек?

Ар бир жагдай ар кандай болушу мүмкүн, бирок кээ бир учурларда жеке коопсуздук үчүн эч кандай жооп бербестен, өтүп  кеткен жакшы. Көп учурда мындай адамдар жооп бергениңди  жабышууну улантууга шылтоо катары кабыл алышат.

Эгер асылып жабышуу улана берсе, ал адам артыңан ээрчип алса, тийгенге аракет кылса – жарык, эл көп жерге барганга,  мисалы, дүкөнгө кирип кеткенге аракеттен. Күбөлөр болгон жерде ал  адамга артыңан ээрчигенин токтотушун  угуза катуу, токтоолук менен жана ишенимдүү түрдө айтууга, күзөтчүлөргө же милицияга жардам сурап  кайрылуу керек.

Эгер коркунуч тааныш адам тараптан туулса, дароо кетип калганың же аны менен жалгыз калбаганың оң.  Эгер сен эмне кылышты билбей турсаң, болгон окуя тууралуу  жакындарыңдан бирөөлөргө айтып бер. Жакындарың конструктивдүү түрдө раекция жасабастыгын  билсең, сени бушайман кылган көйгөйдү өзүң ишенген башка адам менен талкуулаганга аракет кыл.

Же болбосо балдар жана өспүрүмдөр үчүн 111 акысыз ишеним телефонуна кайрыл.  Ал жерде квалификациялуу психологдор иштешет, алар менен каалаган жагдай тууралуу анонимдүү түрдө сүйлөшө аласың.

Мастурбация кылуу зыяндуубу?

Мастурбация – бул өз денеӊди жана өзүӊдүн сексуалдуулугуӊду изилдөө. Анда коркунучтуу же уяттуу эч нерсе жок. Көпчүлүк адамдар мезгил-мезгили менен мастурбация кылышат жада калса жыныстык мамилелерде тургандар дагы.

Мастурбация тууралуу көптөгөн мифтер жана уламыштар бар, бирок ал сокурлукка алып келбейт, акылдан адаштырбайт, безеткилерди чыгарбайт, бойдун өсүүсүн токтотпойт,  бардык оргазмдарды сарптап салбайт жана секстин башка түрлөрүн бузбайт.

Мастурбация кылуунун плюстары: ал башка секс түрлөүнө карганда коопсуз, бойго бүтүү же жыныстык  жол менен жугуучу кандайдыр бир инфекцияларды жуктуруу тобокели аз; адамга сексте эмне жагарын же жакпасын билүүгө жардам кыла алат; стрессти азайтат, кээ бир адамдарга уктоого жардам берет

Канча жаштан секс кыла баштаса болот?

Бул суроого жооп берүү үчүн жок дегенде үч аспектти талдоо керек: физиологиялык, психологиялык жана юридикалык.

Физиологиялык жактан, жыныстык жетилүүдөн кийин организм сексуалдык мамилелерге даяр десек болот.  Бирок, жыныстык жетилүүнүн негизги сырткы белгилеринен башка, адам толук жетилгенге чейин дагы бир нече жыл бою өсөт жана мээнин курулуусу уланат. Сексуалдык жашоону баштоодон мурун жаштар макулдук, аң-сезимдүүлүк, жоопкерчилик эмне экенин түшүнүшү керек. Мындан башка «макулдук курагы» деп аталган юридикалык чектөөлөр бар экенин эске алуу керек.  Кыргызстанда жана көптөгөн башка өлкөлөрдө макулдук курагы – 16 жаш.  Бул 16 жаш куракка толгон адам гана, кимдир бирөө менен жыныстык мерчемде мамиле кылуу керекпи же жокпу,  аӊ-сезимдүү жана эркин тандай алат дегендик. 16-жашка толо элек өспүрүм менен бардык сексуалдык аракеттер кылмыш жана жаза кодексине жараша жазаланат.

Эмнеге эрекция эртең менен болот?

Спонтандык эрекциялар түнкүсүн  3-5 жолу болот, бирок эртең мененки эрекциялар гана байкалып калат. Ошондуктан эрекция эртең менен гана болот деген ой бар. Эртең менен канда эркек гормону тестостерондун концентрациясы көбөйүп, эрекциянын себеби болушу мүмкүн. Ошондой эле, толуп калган табарсык простата безин баскандыктан эрекция пайда болот. Түнкү эрекциялар өзүнөн өзү келип чыгат, бирок көп учурда эротикалык түштөр менен байланыштуу болот. Эртең мененки жана түнкү эрекциялар – өспүрүмдөр эле эмес, улуу жаштагы эркектер үчүн да нормалдуу көрүнүш.

Бул жана башка суроолорду каалаган убакытта Ойло ботко берип, квалификациялуу кеңештерди алыңыз. Толук маалымат үчүн шилтеме:  https://t.me/oilo_bot

Ойло боттун негизги темалары: психология, физиология, ден соолук, сексуалдуулук, мамилелер жана үй-бүлѳ. Ойло бот системасы ботко канчалык кѳп киши суроо берсе, ал ошончолук жакшы жооп берүүгө үйрөнө тургандай түзүлгөн.

Машиналык интеллектти иштеп чыгуу жана окутуу иши түзүүчүлѳрдүн командасы – UNESCO IITE, «Бишкек феминисттик демилгелери» коомдук бирикмеси, техникалык иштеп чыгуучулар тобу жана дарыгерлер, психологдор жана юристтерден турган эксперттер тобу тарабынан жүргүзүлѳт. http://oilobot.info/ 

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт