Бул 5 себеп сизди импотент кылып коюушу мүмкүн
Салам достор! Бүгүн биз силерге эректилдик дисфункция, тактап айтканда импотенцияга чалдыктырчу беш себеп жөнүндө айтып беребиз. Пайдалуу маалыматты жакындарыңыз менен бөлүшкөндү унутпаңыз.
1. Депрессия жана стресс
Балээнин баары башта дегендей, психологиялык көйгөйлөр төшөккө дагы таасирин тийгизет. Андыктан, убагында бул нерселерди дарылаш керек. Чарчап, ар дайым негативдүү ойлонуп, стресс болуп, депрессияга түшүп баратканыңызды байкасыңыз психотерапевтке кайрылыңыз. Дарылануудан кийин бел кубатыңыз жакшыра түшөт. Муну дароо байкайсыз.
2. Кант диабети
Канында глюкозанын деңгээли нормалдуу болгон адамдарга караганда диабетик эркектерде потенция 3 эсе көп кездешет. Себеби кант диабетине чалдыкканда кан айлануу начарлайт. Ал эми жетиштүү физикалык активдүүлүк жана врачка үзгүлтүксүз кайрылып туруу бул эректильный дисфункцияны болтурбоо же аны өз убагында аныктоого жардам берет.
3. Аз кыймылдоо
Заман талабына ыйлайык азыр көпчүлүк отуруп иштешет. Натыйжада аз кыймылдап, кан айлануусу бузулат. Андыктан, эрекцияны сактап калууну каалагандар жашоосуна активдүүлүктү киргизиши керек. Спорт маанайды көтөрүп, жүрөк кан тамырлардын иштешин жакшыртып, жашоого позитивди кошот.
4. Зыяндуу адаттар
Тамеки тартуу же спирт ичимдиктерин колдонуу сыяктуу зыяндуу адаттар потенцияга жетелеп барат. Андыктан, жашоого пайдалуу адаттарды кошуп, жамандардан алыстоо кажет.
5. Артериалдык гипертония
Жогорку кан басым кан айланууну начарлатат. Кан тамырларда өзгөрүүлөр байкала баштайт. Бул өзгөрүүлөр потенциянын бузулушун жаратат. Бул көйгөйдөн арылуу үчүн дары-дармектерди тандоого жардам берген дарыгерге кайрылуу жетиштүү.
Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:
Бул 5 адаттан арылбасаңыз кедей болуп калышыңыз мүмкүн
Бул 4 китепти окусаңыз акчаңызды башкарып, бай болгонду үйрөнөсүз
Кредит алгандан кийин карызга батпайм десеңиз, бул тесттен өтүңүз
Кредитти төлөй албай калганда эмне кылуу керек? 5 кеңеш