// //

Бул 4 адат бай менен кедей адамды бири-биринен айырмалап турат

2022.02.09, 12:35
16700

Салам достор! Биз бүгүн силерге кедей адамды бай адамдан айырмалай турган адаттар жөнүндө айтып беребиз. Кеп акчада эмес экенин эскерте кетели. Аларды окуп чыгып, жашооңузга кайсыларын кошуп же алып салуу керек экенин байкап көрүңүз.

1. Өзүнө кам көрүү 

Бай адам өзүн сүйөт, ар дайым өзүн биринчи орунга коет. Ден соолугуна кам көрөт, спорт менен машыгат жана туура тамактанат. Ооруларды алдын алуу үчүн профилактикалык текшерүүлөрдөн өтүп турат. 

Кедей адам өзүн экинчи орунга коет. Стресстен кантип арылууну билбейт, үйүнө жумуштагы жаман маанайы менен барат. Убагында дарыгерге көрүнбөйт. Мүмкүн болбой калганда гана кайрылат. Натыйжада дарыланууга көп убакыт жана каражат сарптайт.

2. Өзүн өзү өнүктүрүү

Бай адам өзүн өнүктүрүүгө убакыт бөлөт. Ал тынымсыз жаңы бир нерсени үйрөнмөйүн ийгиликке жетүүгө мүмкүн эмес экенин түшүнөт. Күнүмдүк режиминде сөзсүз пайдалуу китепке же вебинарга убакыты бар.

Кедей адам окууну кымбат деп эсептейт. Ал жаңы нерсени үйрөнүүгө аракет кылбайт. Жумуштан кийин эмне кыларын билбей жата берет, телефон чукулап, интернеттен керексиз нерселерге көз жүгүртөт. 

3. Акчага болгон мамиле

Бай адам акчаны инструмент катары гана көрөт. Акча ал үчүн максатына жетүүнүн бир гана жолу. Ансыз ал бактысыз болуп калбайт. Жашоосунун баары акчага байланган эмес. Кошумча акча тапса, аны пайдалуу ишке салат. Керексиз чачпайт. 

Кедей адам акчаны биринчи орунга коет. Колуна акча тийсе, “бир жолу жашайбыз” деген принцибин жандырып, каалашынча чачат. Керексиз буюмдарды, кийимдерди алат. Тапканын дароо коротуп пайдасыз нерселерге жумшайт. Акчасы жок болуп жатса, аны табуунун жолдорун издебейт, карызга батат.

4. Тышкы белгилер

Бай адам башкаларга өзүнүн баалуулугун далилдебейт. Ал бирөөгө өзүн көрсөтүүгө аракет кылбайт. Ал үчүн ыңгайлуулук жана жөнөкөйлүк биринчи орунда. Бул нерсе унаасына, көтөргөн телефонуна, турак жайына, кийим-кечесине жана башка көптөгөн нерселерине тиешелүү. 

Кедей адам үчүн бирөөнүн пикири маанилүү. Ошондуктан престиждүү унааларды кредитке, эң акыркы гаджеттерди карызга алып, акчасы жетпей жатса дагы фирмалык дүкөндөрдө гана кийинет. 

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Бул 5 адаттан арылбасаңыз кедей болуп калышыңыз мүмкүн

Бул 4 китепти окусаңыз акчаңызды башкарып, бай болгонду үйрөнөсүз

Кредит алгандан кийин карызга батпайм десеңиз, бул тесттен өтүңүз

Кредитти төлөй албай калганда эмне кылуу керек? 5 кеңеш

 

 

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт