Бөлөм мени катуу уруп салды. Мен кантип коргонсом болот?
Мени чогуу турган бөлөм жарым жыл мурун катуу урган. Ошондо милицияга арыз жазган эмес элем. Кече кайра кайталанды, милицияга арыз жаздым, 2-3 жолу ургандан кийин үйдөн качып чыктым. Милиция "катуу жаракат болбосо, кылмыш болбойт" дейт. Апасы экөө мага жаман сөздөр менен сүйлөшөт, коркутуулар болуп жатат. Мен кантип коргонсом болот? Милиция жардам бербейбиз дейт.
Нурислам Раимжанов
"Справедливость" укук коргоо уюмунун юристи
Урматтуу окурман! Сизге карата үй-бүлөлүк зордук зомбулук көрсөтүлгөн деп эсептеймин. Демек сизга милиция кызматкерлери коргоо ордерин берүүлөрү керек. Сиз 111 балдар ишеним телефондоруна чалсаңыз болот. Ал жерден адистер бекер жардам көрсөтөт. Мыйзам боюнча "Үй-бүлөлүк зомбулук - үй-бүлө мүчөсүнүн/ага теңештирилген адамдын башка үй-бүлө мүчөсүнө/ага теңештирилген адамга карата дене-бойлук, психологиялык, экономикалык мүнөздөгү атайылап жасаган аракеттери же алардын коркунучу, ошондой эле этибарсыз мамилеси" деп көрсөтүлгөн. Өзүңүздү эч кимге кор кылууга жол бербеңиз, жакшы адамдар көп алардан жардам сураңыз өз жакындарыңызга айтыңыз.
Зомбулукка кабылсаңыз же дуушар болсоңуз, дароо жардам берүү кызматтарына кайрылыңыз!
Ички иштер органдарынын бөлүмдөрүнүн телефондору |
|
Бишкек ш. ШИИБи |
(0312) 43-71-75 |
Чүй облусунун ИИБи |
(0312) 43-88-85 |
Ош облусунун ИИБи |
(03222) 5-59-10 |
Талас облусунун ИИБи |
(03422) 5-29-98 |
Ысык-Көл облусунун ИИБи |
(03922) 5-24-14 |
Жалал-Абад облусунун ИИБи |
(03722) 5-66-66 |
Нарын облусунун ИИБи |
(03522) 5-09-21 |
Баткен облусунун ИИБи |
(03622) 5-0015 |
КРнын ИИМнин Нөөмөт бөлүмү |
(0312) 66-23-31 |
КРнын ИИМнин Коомдук коопсуздук башкы башкармалыгы |
(0312) 26-62-97 |
КРнын ИИМнин ишеним телефону |
(0312) 26-64-18 |
Кризистик борборлордун телефондору |
|
«Шанс» КБ, Бишкек ш. |
(0709) 71-03-20 |
«Сезим» КБ, Бишкек ш. |
(0312) 51-26-40, (0312) 31-64-66 |
«Ак-Жүрөк» КБ, Ош ш. |
(0550) 23-13-29, (03222) 4-59-76 +996 (3222) 2 97 57 |
«Аруулан» КБ, Ош ш. |
(0776) 38-07-77, (03222) 5-56-08, |
«Мээрбан» КБ, Ош ш. |
(0559) 49-20-07 |
«Акылкарачач» КБ, Алай району |
(0555) 28-14-23, +996 (03234) 2 60 33 , 2 61 31 |
Гүлчө айылы |
(0776) 28-14-23 |
«Жаңыл Мырза» КБ, Баткен ш. |
(0777) 39-30-77, +996 (03622) 2 20 27 |
«Маана» КБ, Талас ш. |
(0557) 48-47-13, (03422) 5-58-85 |
«Теңдеш» КБ, Нарын ш. |
(03522) 5-02-70, (0700) 25-78-90 |
«Энсан-Диамонд» КБ, Ош ш. |
(0772) 32-89-60 |
«Алтынай» КБ, Чолпон-Ата шаары |
+996 (03943) 4 41 37 |
«Даршайым» КБ, Бишкек ш. |
+996 (0312) 64 93 50 |
Күнү-түнү иштеген акысыз түз байланыш телефондору |
|
Коомдук тартипти коргоо кызматы КРнын ИИМи |
102 |
Бишкек ш. зомбулуктан жана орой мамиледен жабыр тарткан балдарга жардам берүү борбору |
(0312) 54 29 34, (0312) 44 25 10 |
Балдар үчүн ишеним телефону « 112-системасы» |
111 112 |
КРнын Акыйкатчысынын түз байланыш телефону (жумуш убактыларында) |
115 |