Эгерде балаңызда көк жөтөл бар болсо, анда бул симптомдор байкалат
Көк жөтөл суук тийип сезгенген сыяктуу башталат жана жөтөл приступтары, приступтун акырындагы катуу дем чыгаруу менен коштолот. Эгерде балаңызда көк жөтөлдүн симптомдору бар болсо дарыгерге мүмкүн болушунча тез арада кайрылыңыз.
Калтыраткан жөтөл
Көк жөтөл – Bordetella pertussis бактериялары тарабынан пайда болуучу абдан жугуштуу оору. Ал жөтөлгөндө жана чүчкүргөндө аба аркылуу жугат. Көп учурда көк жөтөлдү 5 жашка чейинки балдар жуктуруп алышат. Көк жөтөл өзгөчө бир жашка чейинки балдар үчүн коркунучтуу.
Көк жөтөлдү ошондой эле калтыраткан жөтөл деп да аташат.
Көк жөтөлдүн симптомдору
Биринчи симптомдор адатта жуктуруп алгандан кийин 1-2 жумадан соң пайда болот жана суук тийүүнүн сипмтомдоруна окшош келет. Болжол менен бир жуманын ичинде балдардын мурду бүтүп, чүчкүрүп жана кээде бир аз дене табы жогорулашы мүмкүн. Жөтөлгө каршы каражаттар адатта көк жөтөлдө жардам бербейт.
Көк жөтөлгө мүнөздүү симптом — бул приступ сыяктуу калтыраткан жөтөл, ал 2-3 жумадан баштап андан узак убакытка чейин уланат. Жөтөлдүн приступтары айрым учурларда балдар приступтардын ортосунда өздөрүн дээрлик жакшы сезишсе дагы өтө кыйнашы мүмкүн.
Приступ учурунда бала токтобостон бир канча жолу жөтөлөт, андан кийин терең дем чыгарат, ал “ышкырган” үн менен коштолот. Приступ кусуу менен аяктайт. Баланын жүзү кызарат.
Көк жөтөлдүн оордошуулары
Алты айга чейинки балдарда көк жөтөл көп учурда олуттуу оордошуулар, анын ичинде оор пневмония жана апноэ (дем алуунун токтошу) менен коштолот. Кичине курактагы балдардагы пневмония – кыйла тез-тез кездешүүчү оордошуу. Көк жөтөлдүн оор формалары мээдеги кан айлануунун бузулушуна, дем алуу жолдорунун көзөнөктөрүнүн тарышына алып келет.
Эгерде балаңызда көк жөтөл бар болсо, анда жөтөл приступтары, кусуу жана тамакка болгон табиттин бузулушу салмакты жоготууга жана суусузданууга алып келиши ыктымал.
Сиз көк жөтөл боюнча дарыгерге кайрылышыңыз керекпи?
Ооба. Сиздин балаңызда төмөндөгүлөр байкалса, баланы шашылыш түрдө дарыгерге алып барышыңыз керек:
- жогоруда көрсөтүлгөн симптомдордун кайсынысы болбосун
- кайталанган жана кыйнаган жөтөл приступтары
- жөтөлдөн кийинки кулгуу, кусуу
- 2 жумадан ашуун жөтөлүү
- жөтөл приступтарынан кийинки дем алуу менен болгон көйгөйлөр же дем алуунун кыйындашы
- жөтөл приступтарынан кийинки ооздун тегерегиндеги көгөрүү
- калтыроо
- апноэ приступтары
Эгерде балаңыз алты айга толо элек болсо, сиз анын дем алуусундагы бузулууларды байкап жатсаңыз, сиз аны токтоосуз түрдө оорукананын шашылыш жардам бөлүмүнө алып барышыңыз же тез жардам чакырышыңыз керек.
Көк жөтөлдү дарылоо
Дарыгер жөтөлдүн катуу приступтары күчөгөнгө чейин эрте баскычында антибиотиктерди дайындашы мүмкүн. Оорунун кыйла кеч баскычтарында антибиотиктерди бактериялык инфекция жана аларга байланыштуу оордошуулар (пневмония ж.б.) кошулган учурда дайындашат.
Эгерде жөтөл катуу болсо жана дем алууну кыйындатса же балаңыз алты айга толо элек болсо дарыгер ооруканага жаткырууну сунуштай алат, ал жерде балага туруктуу байкоо жүргүзүү жана дарылоо ишке ашырылат.
Көк жөтөл менен ооруп калган балдар оору башталгандан тарта 25 күнгө чейин обочо кармалууга тийиш. Эмдөө таржымалына карабастан көк жөтөл менен ооруган жана жөтөлгөн бала менен мамиледе болгон балдар 14 күндүн ичинде бала бакчага жана мектепке барбашы керек. Алар көк жөтөлгө эки терс бактериологиялык изилдөө алгандан кийин бала бакчага барууга уруксат берилет.
Көк жөтөлдүн алдын алуу
Көк жөтөлдүн алдын алуунун мыкты ыкмасы – балага эмдөө жасоо. Көк жөтөлгө каршы эмдөөнү бала 2 айында, 3,5 айында жана 5 айында 5 ооруга каршы (кептөөр, көк жөтөл, сенек, В вирустук гепатити, «b» гемофилдик инфекциясы) айкалышкан көп компоненттүү вакцина – ПЕНТА вакцина алат.
Көк жөтөлгө каршы ревакцинация балага 2 жашында АКДС вакцинасы (көк жөтөл, кептөөр жана сенек) менен жүргүзүлөт.
Көк жөтөлгө каршы иммунитет убакыттын өтүшү менен алсырайт. Бул иммунитет жетишсиз иштелип чыккандыктан же анын чыңалуусунун төмөндөшүнөн улам, бала эмдөө алган болсо дагы ооруну кыйла чоңураак куракта жуктуруп алууга боло тургандыгын билдирет. Бирок эмделген балдардын арасында эреже катары оорунун оор формалары кездешпейт.
Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги менен ЮНИСЕФ иштеп чыккан бала тарбиялоого жардам берген Bebbo мобилдик тиркемесинен ата-эне көптөгөн маалыматтарды таба алат.
Bebbo тиркемесин Play Market же App Store жүктөп алыңыз.