Жеңем апама, эжеме, байкеме, иниме, мага оозго алгыс сөздөр менен СМС жазат
Байкемдин биринчи аялы бизге тынчтык бербей келет. Жашабай калганына 2 жылдай болуп калды. Ушул эки жыл аралыгында апама, эжеме, байкеме, иниме, мага карата ар кандай оозго алгыс сөздөр менен СМС жазып келет жана биздин атыбыздан ар кандай баракчаларды ачып сүрөттөрүбүздү жүктөп, бизди жаман көрсөткөнгө аракет кылып келет. Кандай чара көрсөк болот?
Жаңыл Алымкул кызы
Юрист
Саламатсызбы!
Бул жерде юридикалык маселеден мурун психологиялык көйгөй орун алат экен.
Маселенин юридикалык жактан чечилишин алып карай турган болсок, анда 2 жол менен аракет кылсаңар болот.
1) Бардык далилдерди тиркеп, РИИБга арыз жазуу.
Кылмыш-жаза кодексининин 190 - беренесине таянасыңар. Бирок, анын жоруктары кылмыш деп саналууга жеткиликтүү болбосо анда иш козголбойт.
2) Жарандык тартипте сотко доо арыз жазып кайрылуу.
КР Жарандык кодексинин 17, 18, 19, 20 - беренелериндеги укуктарыңыздын бузулганына таянасыңар. Сөзсүз түрдө бардык далилдерди тиркөө керек.
17-статья. Жеке мүлктүк эмес укуктарды жана башка материалдык эмес байлыктарды коргоо
18-статья. Граждандын ар-намысын, кадыр-баркын жана ишкердик беделин же юридикалык жактын ишкердик беделин коргоо
19-статья. Өз сүрөтүнө болгон укугу
20-статья. Жеке турмуштун сырын коргоо укугу
Анын бул жоруктарынын айынан моралдык зыянга учурадык деп моралдык зыяндын ордун компенсациялоону талап кылууга да укуктуусуңар. [ Негиз: КР Жарандык кодексинин 16-беренеси ]
Юрист Жаңыл Алымкул кызы менен инстаграмдагы @lawyer.janelle баракчасы аркылуу байланышсаңыз болот.