// //

Кариести убагында дарылабасаңыз, балаңыз төмөндөгүлөргө дуушар болот

2022.01.28, 10:02
4543

Кариес ооруну пайда кылышы же инфекцияны чакырышы мүмкүн. Ал ошондой эле баланын өсүп жана өнүгүүсүнө таасир этиши мүмкүн. Кариестин белгилери тиштердеги ак же күрөң тактарды, кызыл же шишиген бүйлөлөрдү, тиштердеги тешиктер же сынган тиштерди камтыйт. Эгерде сиз балаңызда кариес бар деп ойлосоңуз, тиш дарыгерине кайрылыңыз. Тишти жакшы кароо, туура тамактануу жана суусундук ичүү, ошондой эле стоматологиялык текшерүүдөн өтүүнүн жардамы менен кариестин алдын алыңыз.

Кариес деген эмне?

Кариес - бул тишке зыян келтирүүчү оору.

Тиштер ооздогу микробдор тиштин үстүндө өңөр деп аталган жабышчаак катмарды пайда кылганда бузулууга учурайт. Бул микробдор тамак-аш жана суусундуктардагы шекер менен азыктанышат жана тиштин бетине зыян келтирүүчү кислота өндүрүшөт. Убакыттын өтүшү менен бул кислота тиштин бетин жеп, тешиктерди же «көңдөйлөрдү» пайда кылат.

Кариес ооруну пайда кылышы жана инфекцияны чакырышы мүмкүн. Ал тургай балдардын өсүшүнө таасирин тийгизиши мүмкүн. Сүт тиштеринин кариеси балаңыздын тамактануусуна, сүйлөөсүнө жана жаагынын өнүгүшүндө олуттуу кесепеттерге алып келиши мүмкүн.

Кариести канчалык узак убакытка чейин дарылабаса, балаңыз ошончо убакыт бою төмөндөгүлөргө дуушар болот:

  • оору жана ыңгайсыздык
  • башка сүт тиштердин жана туруктуу тиштердин жаңы кариесинин пайда болушунун жогорку тобокелчилиги бар
  • кыйла татаал жана кымбат дарылоо
  • стоматологго барганда тынчсыздануу
  • мектептеги убакытты жоготуу.

Кариести ошондой эле стоматологиялык кариес деп да аташат.

Кариестин белгилери

Кариестин биринчи белгиси – бүйлө сызыгын бойлото кеткен бозомук ак тилке болуп саналат. 

Кийинчерээк, тиштердин карарып кеткен тешиктерин же сынган тиштерди байкаса болот. Эгерде кариес инфекцияга алып келген болсо, анда бүйлөнү бойлото кеткен жана беттеги шишикти байкаса болот.

Кариестин алдын алуу: үч негизги кадам

Балаңыз кариестин алдын алуу үчүн үч негизги кадамды жасай алат:

  • Фтор тиш пастасын колдонуу менен тишти күнүнө эки жолу тазалоо - Балдардын тишин эрте тазалоо жана аларга кам көрүү өмүр бою жакшы стоматологиялык адаттарды калыптандырат.
  • Канты аз толук баалуу диетаны карманып жана туура тамактануу адаттарын өнүктүрүңүз.
  • Стоматологиялык текшерүүдөн үзгүлтүксүз өтүп туруңуз. Үзгүлтүксүз стоматологиялык текшерүүлөр балаңызга кариестен качууга жардам берет.

Кариестин алдын алуу үчүн пайдалуу тамак-аштар жана суусундуктар

Тишти тазалоо кариестен сактануунун кепилдиги эмес. Балаңызга берген тамак-аш жана суусундуктун түрлөрү тиштердин саламаттыгына жана тиштердин өнүгүүсүнө таасир этет.

4-6 айга чейинки ымыркайлар
Жаңы төрөлгөндөргө жана ымыркайларга бир гана эне сүтү керек.

6 айдан ашкан балдар
Сиздин 6 айдан башкан балаңыз эне сүтү менен багылса же жасалма жол менен тамактандырылса, ал да кичине суу ичиши мүмкүн. Балаңызга таттуу сүт, жемиш ширесин алыс болуңуз.

Чоңураак наристелер, балдар жана өспүрүмдөр
Балдарга толук баалуу тамак-аш жана шам-шумдардын кеңири түрү керек. Кант аз болгон тамак-аштар жана суусундуктар эң жакшы. Балдарыңызга таттуу печенье же торт берүүнү азайтууга аракет кылыңыз. Эгерде балаңыз таттуу бир нерсе жесе, анда бир стакан суу ичүү же тишке ыңгайлуу тамак ичүү балаңыздын тиштеринде кислотанын көлөмүн азайтат.

Тишке жагымдуу, курамында кант аз азыктар, чайнаганга түрткү берет жана балаңыздын шилекейинин бөлүнүп чыгуусуна өбөлгө түзөт. Тишке пайдалуу тамак-аштын кээ бир жакшы мисалдарына сыр жана сабиз менен сельдерей сыяктуу майдаланган жашылчалар кирет.

Кариестин алдын алуу үчүн толук баалуу тамактануу адаттары

Толук баалуу тамактануу дагы карестин алдын ала алат. Бул сиздин балаңыздын качан жана кантип жегенине кунт коюп мамиле кылуу дегенди билдирет.

Мисалы, тамак-аш жана суусундук балаңыздын оозунда канчалык көп убакыт болсо кислота пайда болуп, тиш эмалына зыян келтирүү мүмкүнчүлүгү ошончолук жогору болот. Андыктан тамак-ашты жана  суусундуктарды узак убакыт ичүү кариеске алып келет.

Сиз балаңызды узак убакыт бою жеп же ичпөөгө көндүрө аласыз:

  • үзгүлтүксүз шам-шум этүү жана тамактануу
  • балаңыздын бир жерде жеп-ичкенин текшериңиз - мисалы, столдо
  • тамактануу жана шам-шум этүү убактысы бүткөндө тамакты алып коюу
  • эгерде балаңыз суусаса ширенин ордуна, крандан суу ичүүсүн колдоо
  • балаңызга таттуу тамактарды шам-шум катары эмес, тамактын бир бөлүгү катары бериңиз.

Кариестен сактануунун башка жолдору

Туураш үчүн үлгү болуу
Күнүнө эки жолу тишиңизди тазалап, кант пайдаланууну чектеп жана стоматологиялык текшерүүгө жакшы мамиле кылуу аркылуу балаңызга стоматологиялык жакшы ден соолуктун үлгүсүн көрсөтө аласыз.

Бөтөлкөдөн ичирүү жана эне сүтү менен багуу
Баланы эне сүтү же сүт аралашмасы куюлган бөтөлкө менен төшөккө жаткырбоо сунушталат. Ымыркайларды сүт аралашмасы куюлган бөтөлкө менен уктатуу кариеске алып келиши мүмкүн. Мунун себеби, уктап жатканда тиштерин коргоо үчүн балаңыздын оозунда шилекей аз болот.

Астманы дарылоо үчүн ингаляторлор
Бул астманы дарылоонун кээ бир пландарынын өтө маанилүү бөлүгү, бирок кээ бир ингаляторлордун күкүмү кычкыл болуп саналат жана тиштин эмалына зыян келтириши мүмкүн. Бул ооз көңдөйүнүн гигиенасынын эрежелерин сактабаса, убакыттын өтүшү менен кариеске алып келиши мүмкүн.

Кариестен качуу үчүн ингаляторду колдонгон сайын балаңыздын оозун дароо суу менен чайкаңыз.

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги менен ЮНИСЕФ  иштеп чыккан бала тарбиялоого жардам берген Bebbo мобилдик тиркемесинен ата-эне көптөгөн маалыматтарды таба алат.

Bebbo тиркемесин Play Market же App Store жүктөп алыңыз.

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт