// //

Айымдар G точкасын чоңойтсо оргазм ала башташабы? Гинеколог айтып берет

2022.01.27, 17:39
7759

Бүгүнкү күндө айымдар гинекологго ар кандай себептер менен кайрылат. Алардын бирөөсү - G точкасын чоңойтуу процедурасы. Балким сиз бул тууралуу биринчи жолу угуп жатасыз, бирок ишенип коюңуз, кеп абдан популярдуу процедура жөнүндө болууда. Бул эмне экенин гинеколог Ажибай кызы Жамал айтып берет. 

- Акыр аягы G точкасы бар экен да?

- Биринчи жолу G-точкасын бүт дүйнөгө 1950-жылдары немис гинекологу Эрнст Грэфенберг жарыялаган. Ал учурда бул ачылыш чоң бум болгон. Кийинчерээк илимпоздор точка чынында эле барбы же жокпу билүү үчүн, Грэфенбергдин эмгектерин терең изилдей башташкан. Бүгүнкү күндө окумуштуулар ал точка эмес, кындын алдыңкы "стенкасындагы" клитор буттары деген жыйынтыкка келишти. Тагыраак айтканда, клитордун буттары жайгашкан G аймагы. Ал кындын кире беришинен 3-4 сантиметрдей жогору турган алдыңкы "стенкада" жайгашкан.

Ал жерде Скин бездери ачылат деген теория бар. Кандай гана болбосун, дүйнө G точкасы бар деген тыянакка келди!

- Эмне үчүн аны чоңойтуу керек?

- Жыныстык жашоо сонун болуш үчүн. Башкача айтканда, биз ал жерге гиалурон кислотасынын препаратын куябыз. Жыныйтыгында, жыныстык катнаш учурунда аймак жеткиликтүү болуп калат. Гель куюлгандан кийин, ал аймак көөп, алдыңкы "стенка" бир аз төмөндөп жеткиликтүү болуп калат. Кээ бир адамдардын оргазмы мурдагыдан дагы жакшыраак болуп калса, оргазм албагандар ала баштайт. 

Албетте, оргазм татаал, психофизиологиялык процесс. Бул процедурадан кийин бардык айымдар оргазм ала баштайт деп так айта албайбыз. Мындай пикирдин өзү эле туура эмес. Муну бейтаптарыбызга эскертебиз. 

- Анда психолог менен сексологго барыш керекпи?

- Аялдар өздөрүн кабыл алганды үйрөнүшү керек. Өзүнүн каалоолорун билип жана аны ачык айтуулары зарыл. Биздин өлкөдө ой жүгүртүү мындай: аялдар ачык эмес, кысылган, басмырланган. Алар жыныстык катнаш учурунда канткенде өздөрүнө жагымдуу болорун, рахат аларын билишпейт. А эгер алар өздөрү билбесе, анда аны өнөктөшү кантип билет? Бул жерде өз алдынча, андан тышкары психолог жана сексолог менен иштөө керек.

- Келиңиз, процедурага кайрылалы. Ал кандай өтөт?

- Пациент гинекологиялык отургучка жатат, баары "обработка" болот, анан керектүү жерди манжа менен сыйпалап табабыз. Аялдардын айтымында, заара кылуу каалоосу пайда болот эмеспи, ошол сыяктуу сезимдер болот. Башкача айтканда, биз заара чыгаруучу каналды (уретра) басабыз, G аймагы болжол менен ошол жерде жайгашкан. Ал жерге гель сайылат. Гелдин көлөмү кындын өлчөмүнөн көз каранды. Ар ким үчүн ар кандай. Бирок, адатта, 2 млдан ашык эмес болот.

- Кандайдыр бир каршы көрсөтмөлөр барбы?

- Бул жамбаш органдарынын курч кармаган инфекциялык жана сезгенүү процесстери. Процедура учурунда пайда болгон вирустук оорулар. Абсолюттук каршы көрсөтмөлөр жок. Гиалурон кислотасы биздин денебиздеги кислотага  окшош. Абдан сейрек учурларда гана, кислотанын өзүнө эмес, гелдин компоненттерине аллергиялык реакциялар болушу мүмкүн.

- Процедура белгилүү бир мөөнөткө жасалабы?

- Ооба, эффекти убактылуу. Ар бир адам үчүн ар кандай убакытка жетет. Анткени денебизде гиалурон кислотасын жок кылуучу ферменттер бар. Кээ бирөөлөр үчүн дары тогуз айга, ал эми башкаларга жарым жылга жетет. Гелди өндүргөн фирма жарактуу мөөнөтү 9-14 ай экенин көрсөтөт. Мунун баары ферменттин иштешинен көз каранды.

- Процедураны өмүр өткүчө жасап жүрө берсе болобу же чектөөлөр барбы?

- Эч кандай чектөөлөр жок. Аял жыныстык жашоо менен жашап жатканда,  процедураны жасата берсе болот. Процедуранын жыныстык жашоонун сапатын жакшыртуудан тышкары, башка дагы жакшы таасирлери бар. Мисалы, кынды нымдаштырат. Балким, бул жөн гана өзүн-өзү ишендирүү болушу мүмкүн, ошентсе дагы аялдарда либидо жогорулайт деген нерселер айтылат. Бизде 7-8 айда бир келип жасатып кетип турган пациенттер бар. Алар жыныстык жашоосу мурдагыдай курч рахат тартуулабай калганын сезгенде кайтып келишет. Жогоруда айтып өткөнүмдөй, процедураны жасатып, бирок эч кандай өзгөрүүнү байкабагандар дагы бар. 

- G точкасын чоңойтуу канча турат?

- Баары препараттын түрүнөн көз каранды. Миллилитрине 15 миң сомдон жогору болот. Интимдик аймактарга арналган дары-дармектердин түрлөрү өтө аз. Биз интимдик аймакка гана арналган гиалурон кислотасы менен иштейбиз. Бишкекте эриндерди чоңойтууга арналган кадимки гиалурон кислотасын сайгандар бар экенин билем. Бирок ал кислотада тыгыздык бир аз башкача. Интимдик аймак үчүн тыгыздык жогору болушу керек.

Маалымат Kaktus.media сайтынан алынды.

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт