// //

Өзүмдөн 14 жаш улуу күйөөм көп тыюу салат. Аны кантип өзгөртсөм болот?

2022.01.27, 10:21
8317

Саламатсызбы! Мен кеңеш сурайын дедим эле. Эки айдан ашты турмушка чыкканыма, жолдошум менден 14 жаш улуу. "Улууга тийсең сени түшүнөт, колдойт, баалап, барктайт" деген сөздү көп укчу элем. Чынында жашообуз шугур, бирок акыркы күндөрү өтө көп нерсеге тыюу сала баштады. Күлбө, ырдаба, бийлебе, эркелебе, кылыктанба, назданба ж.б  тыюулар күндөн-күнгө көбөйдү. Эми түшүнөсүңөр деген ниеттемин, мен деле аша чаап кеткен жерим жок. Ал "жөн гана менин жашыма ылайык бол" дейт. Өткөндө базарга кетип мени сыртыман кулптап кетиптир. Сериал көрүп жаткам, "ошол түрккө тийип ал" деп уруша кете жаздадык. Достору да "жаш аял алдың, эми байка" деген сыяктуу тамашаны көп айтышат экен. Кээде туруп эле башкача сүйлөйт "аял киши бат карыйт негизи, сени мен менен кошо карыгыдай кылыш керек" деген ойлорун угуп оозум ачылып калды. Сураныч негатив, жаман сөз жок эле кеңеш бериңиз. Кийинчерээк оюу өзгөрөбү же мындан да "хуже" болобу?

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
27.01.2022, 10:28

Асель Баимбетова 

Психолог

Кутмандуу күнүңүз менен! 

Катыңызды окуп чыккандан кийин, бир канча суроолор пайда болду. Өзүңүздөн 14 жаш улуу адамга чыгууну чечип, бирок кайра андан түшүнүүнү, колдоону атадай кабыл алууну күтүп жатканыңыз абдан кызык. Кээде ата-энесинен кандайдыр бир колдоо алалбаган айымдар, “турмушка чыксам мени кабыл алышат, кам көрүшөт” деп ойлошот. Бул жерде никеде теңдештик жок, өнөктөшү ага гана кам көрүшүн күтүшөт.

Экинчиден, күйөөңүз сизге өтө эле катуу тыюуларды салып жатыптыр. Кандай болсоңуз, ошондой болууга жол бербей жатат. Анын курагына дал келиш үчүн сиз өздүгүңүздү өчүрүшүңүз керек экен. Бул абдан өкүнүчтүү. Турмушка чыгуудан кабыл алууну жана колдоону күткөн сиз кайра басмырлоого туш болуп жатасыз.

Үчүнчүдөн, бул бардык никеге тиешелүү нерсе, жаңы эле баш кошкондор жарым жылдан кийин бири-биринин ким экенин көрө башташат. Ал эми силердин никеде бул нерсе бат болуптур, эки айда. Мамилеңерде кризис башталды. Күтүүлөрүңүз акталбады, сиз күткөндөй адам болуп чыкпады. Бул жерден жакшылап ойлонуп, ал адам менен жашоону улантууну каалайсызбы өзүңүзгө жооп берип, бир чечимге келиңиз. Дагы жашап көрүңүз, балким жакшы жактарын дагы байкасыз. Азыркы учурда, коркуп жатканыңыз нормалдуу эле көрүнүш. Анткени, мындай бол, анда бол деп басмырлоодон ар бир адам чочуйт. Бул жерде ортоңордогу мамиледе теңдештик жок. Жашыңарды дагы так жазбапсыз. Ал кишинин курагы башка, ошон үчүн ал өзүн башкача алып жүрөт.

Алдыда жакшы болобу же жаманбы так айта айталбыз. Эгер ага карата белгилүү бир сезимдериңиз болсо, бир канча убакыттан кийин гана көнүп калышыңыз мүмкүн. Сезимдериңиз жок болсо, ал дагы сизге жакпаган аракеттерди кыла берсе, анда никенин туруктуулугунан күмөн пайда болот. Жакшысы психологго кайрылып кеңеш алыңыз, тактай турчу жагдайлар көп.

Психолог Асель Баимбетова менен инстаграмдагы @psihologiya_kg баракчасы аркылуу байланышсаңыз болот.

0
Пайдалуу жооп
Эксперттин жообу
27.01.2022, 13:48

Айдана Мадишова 

Психолог 

Кымбатту окурман, сиздин абалыңызды жана сезимдериңизди түшүнүп турам. Жакшы ниет менен баш кошкон экенсиз. Бирок сиздин жолдошуңуздун жүрүм- туруму нормалдуу эмес экендигин айткым келет. Ал эми сизди үйгө кулптап коюусу ачык эле агрессия болуп эсептелинет.

Тилекке карышы көпчүлүк кыздар жашы өткөн сайын эркектер түшүнүктүү, боорукер болуп калат деп ойлошот. Бирок буга жаштын тиешеси жок. Нормалдуу эркек жаш убагында эле түшүнүү менен мамиле кылат.

Ал эми сиздин жолдошуңуздун жүрүм-турумунда өзүнө ишенбегендик, агрессивдүүлүк, башкаларды сыйлабагандык, үстөмдүк көрсөтүү бар экендиги көрүнүп турат. Эгер азыркы учурда сизге мындай кысым жазаса, убакыт өткөн сайын бул күчөй берет.

Азыркы учурда шок абалында турасыз, болуп жаткан өзгөрүүлөргө ишенбей, жолдошуңуздун оңолооруна ишенип жатасыз. Көптөгөн айымдар, жолдошу "тиран" болуп кысым көрсөтүп жаткан учурда шок абалына кабылып, ишенбөөгө аракет кылышат. Убакыт өтөөрү менен оңолооруна ишенишет. Ошентип убакыт өтүп, 3-4 балауу болушканда гана жолдошу өзгөрбөй тургандыгын билип, өкүнүп калышат.

Кеңешим, өзүңүздү колго алып, жолдошуңуз менен жашооңузду анализдеп көрүңүз. Эгер кысымдар күчөй берсе өзүңүздү куткарууга аракет кылыңыз.

Эгер жолдошум менен жашоомду улантам деп чечсеңиз, анда көз караандысыз болуп, өзүңүздү коргой билиңиз. Жакндарыңыз менен дайыма байланышта болуңуз. Эгер жардамга муктаж болсоңуз, сизге кол сунган жакын адамыңыз болуусу шарт.

Ден соолук жана бакыт каалайм!

Психолог Айдана Мадишова менен @insight.aidana баракчасы аркылуу байланышсаңыз болот.

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт