// //

Апам турмушка чыкты, апамды кызганып жатам

2018.03.06, 11:35
2961

Өспүрүмдөр жана жаштар арасында психологиясы туруктуу калыптанганга чейин ар түрдүү маселелерге тушугушат. Сүйлөшүп жактырып жүргөндөр эмнегедир бири-бирине сын көз менен карап калышат да эки анжы жолго түшкөндөрү арбын болот. Андай учурларда эки жаштын бирөөсү сүйүүнүн азабын тартып, психологиялык колдоолорго муктаж болот. Мына ушул суроолордун айланысында КМУнун доценти, психология илиминин кандидаты Каныша Кожогелдиева жооп берди.

  • Жакшы көргөн кызым менен 10 ай сүйлөштүм. 11-классты аяктаганда экөөбүз эки жакка окууга кеттик. Кыздын ата-энеси да каршы болуп сүйлөштүрбөй, жолуктурбай туруп алды. Мен ачуум менен катуу сөз айтып кетип калдым. Арадан бир ай өткөндө сагынып чыдабай кайра жаздым, жазсам үйдөгүлөр башкага кудалап жатат, мен эч нерсе кыла албай калдым, кыйын учурда сен дагы таштап кеттиң, айласыздан макул болдум деп сөзүн бүтүргөн. Ошондон бери байланыша элекмин бирок сүйүүм өчпөй күндө сагынам, өкүнүп жатам эмне кылаарымды билбей. Башка кызга такыр көңүлүм болбой, эч ким жакпай жатат. Эмне кылсам болот?

Негизи бул ыйык сезим кенен нерсе. Махабат тууралуу суроо татаал суроолордун бири, жалпылап айтуу менен жардам бериш кыйын. Бирок ыйык сезимди жөнгө салуу кыз балага караганда жигит үчүн оңойураак болот. Андыктан сен жигиттик кылып ачык сүйлөшүп, баардыгын чечишип ал. Өзүңдүн кыз менен болгон мамилеңди, кайра кыздын сага болгон сезиминин негизинде кандайдыр бир чечим чыгарсаң болот. Айтымыңа карганда чыныгы махабат экен. Ошол махабатты сактап калуу кайра аны өркүндөтүүгө, ишке ашырууга жигиттер үчүн көбүрөөк мүмкүнчүлүк бар, демек ачык суйлөшкөн жакшы жыйынтыгын берет.

  • Жашым 20 да. Бир жигиттен аябай көңүлүм калган. Андан бери эки жыл өттү. Бирок, ошол күндү, ал адамды унута албай келем. Андан бери аябай “түнт” болуп кеттим. Адамдар менен сүйлөшө албай, жөнү жок ыйлай берем. Балдарга болгон жек көрүүм күндөн-күнгө күчөп келе жатат, эч кимисине ишенбейм жана келечегимди элестетүү мен үчүн оор. Ичимдегини башкаларга айта албай бук болуп, кыйналып кеттим.

Кээ бир адамдар жеке инсандык өзгөчөлүгүн биринчи орунга коёт. Көпчүлүк учурда флегматиктер жана мелонхоликтер махабаты ишке ашпай калганда "түнт" боло  башташат. Бир кишинин алдаганын бүтүндөй баардыгына таркатып жиберүү туура эмес. Бирөөнүн адамдык сапатын, мүнөзүн, башкаларга да байлап коюу бул туура эмес көз караш. Адамдар ар кандай өзгөчөлүктөргө ээ, ошондуктан болушунча көңүлүңдү ачып, баардыгы окшош эмес, адамдар ар түрдүү болот дегенге ишенүүң керек. Демек сенин көңүлүңдү көтөрө турган, сезимдериңди ойготуп койчу адам бар. Болгону аны көрө билүү керек. Биринчиден адам өзүнө өзү жардам бербесе ага бирөө келип жардам бербейт. Болбосо психологго кайрылууң керек.

  • Ата-энем кичинекей кезимде ажырашып кетишкен. Апам мен 20 жашка чыкканга чейин турмушка чыкпай жүрдү. Быйыл өзүнүн классташына баш кошту. Апам экөөбүз бири-бирибизге абдан көнүп калганданбы Екатеринбургда окуп жаткан жеримден Кыргызстанга котортуп алды. Азыр эч нерсе көңүлүмө жакпай, жашоого койгон максаттарым жоголуп кеткендей болуп жатат. Конокто жүргөндөй боло берем. Колдон келсе апамды алып чыгып кетким келет. Апам үчүн эле булар менен жашап жүрөм. Өзүмдүн атама кетейин десем апам каршы. Мен эмне кылам? Туура эмес ой жүгүртүп жатамбы?

Чоңоюп, акыл эс кирип калган акылдуу кыз өңдөнөсүң. Баардык эле бала кайсы жашта болбосун турмуш кура элек болсо ата-энесине сөзсүз байланат. Ата-энени күтөт, алар менен чогуу болууга умтулат. Апаң сен 20 жашка чыкканга чейин эч нерседен кем кылбай багып, сен чоңойгончо турмуш курбай жүрө бериптир. Ушул себептен сен бул жагдайга көнүп калгансың. Колдон келишинче бөлүшкөнгө үйрөнүп, апаңдын да келечегин ойлошуң абзел. Өзүң кыз адам болгондуктан сен да турмуш курасың бул нерсени эстен чыгарба.

Апаңды жакшы көрсөң, ал жактырган адамды сен да жакшы көргөнгө аракет кыл. Кызганып жакшы көрөөрүңдү далилдей албайсың, далилдөө үчүн бактылуу болууга шарт түзүп, көмөк көрсөтүшүң керек.

  • Менин жашым 18 де. Ата-энем чет өлкөдө иштегендиктен мен тайэжемдин колунда 7 жылдан бери жашайм. Өзүм студентмин. Эжемдин тигүү цехи болгондуктан мен ал жерде да иштейм, бирок мага айлык акы төлөбөйт, себеби алардын үйүндө жашайм. Ата-энем ай сайын тамак-ашка, жол киреге жана башка чыгымдарга деп акча салганы менен ал баары бир тайэжемдин колуна өтөт. Мен жол киреге акча сурасам, досторум менен жолугушууга барам десем ачууланып, ата-энемди жамандап сүйлөнө баштайт. Үйгө баргандан качам, үйдө жумуш көп болгондуктан бош олтуруп калганымды көрсө ачуусу келип жаман көрөт. Колумдан келишинче айтканын калтырбай аткарам. Күн сайын мени тилдейт, эс алуу деген таптакыр жок. Өзүм жумуш тапкам иштейин деп айтсам “иштебейсиң эгерде иштегиң келсе биротоло үйдөн чык, тууганчылык дегенди унут” дейт. Чыдамым түгөндү, эмне кылсам болот?

Туура көз караш менен алып караганда тайэжең сага жардам берип, тарбиялап, колдон келишинче көңүл буруп, сага көзөмөл болуп жатканына ыраазы болушуң керек. Ким эле бирөөнүн кызынын жоопкерчилигин алып, ага баш көз болуп карасын. Тайэжең эртеден кечке жумуш менен алек болуп жаткандан кийин ага сөзсүз жардам керек. Азыркы учурда цех иштетүү чоң эмгекти, убакытты талап кылуучу иш. Чарчагандыктан ичиндеги эмоциясын кимден чыгарууну билбей сенден чыгарып жатса керек. Биринчиден тайэжеңди сыйлаганды үйрөн, кантсе да өзүңдүн апаңдын сиңдиси болуп жатпайбы. Сага катуу көзөмөл кылганын да түшүнүү менен кабыл ал, себеби сенин журум-турумуңа, инсандык калыптанууңа жооп берем деп, бул нерсени өзүнө милдет катары кабыл алса керек. Сага кеңеш тайэжең менен ачык сүйлөш. “Эже мен да чарчадым, бул ишти кылсам болобу? Мен да иштеп жатам мага да акча бериңиз” деп. Бирок эсиңде болсун эч качан ачууга алдырбай, токтоо сүйлөш. Мен ойлойм сенин колуңдан ачык сүйлөшүү келет.

  • Мен жигитим менен сүйлөшкөнүмө 4 жыл болду. Шаарга келип окуп баштаганымда кызганып өзүмдүн окуган факультетимден башка факультетке котортуп койду. Азыркы окуумда көп балдар сөз айтып жигитим болууну каалашат. Бирок көңүлүм жок, сабакка дагы кызыгуум кетти. Жигитим менен болсо 5-6 айдан бери жакшы сүйлөшпөйбүз. Жаман сөздөр менен сөгөт, колу дагы тийген. Азыр аны байкем, ата- энем, эжем көп жактыра бербейт. Себеби байкем менен чогуу иштечү. Достору бизге суктанышат, биздин сүйлөшпөй калганыбызды билбейт. Азыр анда-санда чалып жигиттериң көп деп сөгөт, мен капа болуп ыйлайм. Эмне кылаарымды билбей калдым? Бирок кийин башкага жар болсом эмне деп айтам?

Сенин жагдайыңа түшүнсө болот. Бирок эркектер көпчүлүк учурда, өзгөчө кыргыз жигиттери өздөрүн бийик кармашат. Ошондуктан алар мен жактырган кыз баардык жагынан мага баш ийип туруш керек деп эсептешет. Демек меники гана деп кабыл алышат. Силер үйлөнө элексиңер сүйлөшүп гана жүрөсүңөр ошол себептен көп учурда кызгануу сезими сөзсүз болот. Айрымдарда махабат кызгануу сезими менен биргеликте өнүгө берет. Андыктан терс кызгануу, өтө көп кызгануу көпчүлүк учурларда жаман нерсеге алып келет.

Сен жигитиң менен ачык сүйлөш. Канчалык деңгээлде жактырат, келечек эмне болот, чындап эле жактырып жатабы же жөн эле кызганып убакыт өткөрүп жүрөбү, мына ушунун баарын ачык айтып сүйлөшүп алууң керек. Муну сурап билүүнүн негизинде силердин махабат канчалык деңгээлде экенин билип аласың.

Бирок сен да өзүң кызганууга шарт түзбөшүң керек. Сен жазып жатасың башка жигиттер жөнүңдө, демек сен досторуңа тааныштарыңа дагы “Менде андан башка деле жигиттер бар” деп айтасың. Анан ал сөз жигитиңе жетет, кызганат, таарыныч болот. Өзүң кызганычка шарт түзүп бербөөнү үйрөн. Жаш, турмушка чыга элек болгонуңдан кийин сага да башкалар көңүл бураарын ачык түшүндүрүшүң керек. Дагы бир ирээт айтаарым ачык айкын сүйлөш.

  • Мен 17 жаштамын. 2-классымдан бери жактырган жигит менен пикирибиз келишпей эки жолго түштүк. Мен аны чын дилден коё бергендей болдум, ошентсе да кыйналып жүрөм. Бирок мен досторума ата-энеме, айланамдагыларга ичиме сактап, баарына күлүп жүрө берем. Бирок ичимен аябай азап чегип жүрөм. Унутуш үчүн өзүмдү-өзүм алдап ар кандай ийримдерге катышып алаксытам, анткеним менен түнү менен уктай албай ыйлап чыгам. Күчтүү болгондон аябай чарчадым. Мен болгону алсыз, сүйүктүү болгум келет. Өзүмдү жалгыз сезип азаптарга малынып калдым. Эч ким менен сүйлөшпөй түнт болуп кеттим. Ичимден бирөөгө эзилип айткым келип турсамда айта албайм. Мен эмне кылсам болот? Аны менен жарашып кайра мамилемди улантайынбы же биротоло унутайынбы?

2-класстан баштап махабат сезими бар деп айтууга болот. Бирок чыныгы махабат кечирээк пайда болот. Силердин достук сезимиңер күчтүү болуп жактыруу сезимине айланып кеткен. Бири-бириңе көнүп да калышыңар мүмкүн. Бул жерде чыныгы махабатпы же жөн гана алданма сезимби аны аныктай билүү керек. Негизи адам бирөөнө көнүп калып ажырашып кеткен учурда дагы аны баягы көнүмүш адаты менен сагынып күтө берет. Сагынасың кыйналасың, уктабай ыйлайсың, бирок бул жерде чыныгы махабатпы ошону аныкта, мүмкүн жөн эле кыйналып жүргөндүрсүң. Мамилени түзүш, аны улантыш сенин колуңда, ичиңдеги сезимди чечмеле. Анан ошого жараша иш кыл.

Жигитке карасам 16, 17 жашка келгенде баарын сын көз менен карап калат. Демек жигит сын көз менен бир нерсени карап калса керек.

  • Менин жашым 18 де. Эки жарым жыл сүйлөшкөн жигитим менен төрт ай мурун сүйлөшпөй калдым. Андан көңүлүм калды. Кайра аны менен мамилемди улагым келбейт, бирок ар бир баланын кемчилигин издей берчү болдум. Бул адат менде улана берсе турмуш кура албай каламбы деп корком. Кандай чара колдонсом болот?

Негизи 18 жашта баардык нерсени сын көз менен карап турчу учур. Бирок бул жерде тарбия дагы роль ойнойт. Эгерде буга чейин баарына сын көз менен карап тарбияланган болсоң, анда 18 жашта баарын чукулап сын көз караш менен карап калгансың. Сага айтаарым бул жаман сапат. Баарына эле сын көз караш менен караганга болбойт. Эч качан төрт тарабы төп келген адам болбойт, адам деген оош-кыйышы менен болот. Демек жакшы жагын караганга, жакшы жагын көргөнгө аракет кылуу керек. Сенин айтымыңа караганда адамдын терс жагына көп көңүл бурасың да, жакшы жагына көңүл бурбайсың. Багытыңды оңдо, адамдын көңүлгө төп келчү жактары болоорун унутпай, аны көрө билгенди үйрөн. Бул нерсени үйрөнсөң турмушка чыгасың.

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт