Бул боорду эзген 5 комедия кечиңизди жагымдуу кылат
Кутман кечиңиз менен окурман! Bilesinbi.kg инста достордун сунушун эске алуу менен комедия жанрындагы кинолорду сунуштайт. Эгер сизде кошумча сунуш бар болсо комментарийге жазыңыз.
1. “Отпетые мошенницы”
Кино эки шылуун жана алардын курмандыктары жөнүндө. Аферисттердин бири - өтө бай чөйрөлөрдө жүрөт. Ишин узак убакыт пландап, чоң олжо көрөт. Мындай айтканда алдамчылардын эң жогорку класстагы шылууну.
Бири төмөнкү деңгээлде. Пайдасын көргөндөн кийин орун алмаштырууга туура келип, качып жөнөйт. Күтүлбөгөн жерден алардын кызыкчылыктары бир болуп чыга келет. Бири-бирине жол бергиси келбеген алдамчылар мелдеш уюштурушат. Утулганы ал териториядан биротоло кетиши керек болот.
2. “Жмот”
Франсуа Готье - виртуоз скрипач. Музыканттын олуттуу кемчилиги укмуштуудай сараңдыгы. Ар бир сатып алуулар, төлөмдөр ал үчүн чоң бир паникага алып келет. Бирок бир күнү анын жашоосун өзгөртө турчу адам пайда болот.
3. “Мажоры на мели”
Чириген бай эч нерседен кем болбой чоңойгон балдары менен бирге жашайт. Алар үчүн бардыгын кызматчылар кылат. Бир баласы атасынын акчасын болбогон бир бизнес пландар үчүн чачса, экинчиси көчөлөп жүрөт. Кызы болсо алдамчыга турмушка чыккысы келет. Мунун барын көргөн атасы алардын жашоосун өзгөртүүнү чечет. Бирок, бары ал ойлогондой болобу?
4. “Красное уведомление”
Интерполдун күчтүү агенти искусство чыгармаларын уурдоо боюнча адистешкен жана көптөн бери издөөдө жүргөн, колго түшпөгөн эл аралык кылмышкердин изине түшөт. Ортодо тоскоолдуктар болуп агент өзү коркунучтуу кылмышкер аталып, издөөгө алынат. Аягында күтүлбөгөндөй өзгөрүү болот.
5. “Телохранитель киллера”
Башкы ролдогу каарман дүйнөлүк деңгээлдеги жансакчы. Анын жаңы жумушу – бардыгы өлтүрүүнү кыялданган киши өлтүргүчтү кайтаруу. Мурунку душмандар аман калуу үчүн биригүүгө туура келет. Бирок, алардын ыкмалары ушунчалык ар түрдүү, принциптери карама-каршы болгондуктан, аман калуу маселеси чоң суроо.
Бул жерден окурмандар сунуштаган кинолор тууралуу билесиз.