// //

Кыркым чыга электе сабаган күйөөмө баламды көрсөтпөй кое аламбы?

2021.12.21, 10:31
1445

Саламатсызбы! Мен кечэ төрөдүм. Күйөөм экөөбүз уруша кеттик. Мен ажырашууну чечтим, ал да каршы эмес. Кыркым чыга электе кол көтөрүп, сөөктөрүм ажырап кеткиче сабап салды. Эртеси өз ата-энемдикине келе бердим. Аркамдан келиптир, энеси экөө, мен барбадым. Ажырашам дедим. Алар менден баламды талашып жатат. Сот ким тарапта болот? Мен баламды көрсөтпөй, бербей  коё аламбы?

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
21.12.2021, 10:35

Нурислам Раимжанов

"Справедливость" укук коргоо уюмунун юристи

Урматтуу окурман! Окуя сиз айткандай болсо, анда жолдошуңузду сизге кол көтөргөнү үчүн жоопко тартуу жагы боюнча милицияга кайрылып арыз жазыңыз. Андан тышкары коргоо ордерин алсаңыз болот. Анткени, сизге карата үй-бүлөлүк зомбулук көрсөтүлгөн. Ал эми бала боюнча иш сотко жетчү болсо, сот "бала ким менен калса баланын кызыкчылыгы үчүн жакшы" деген принциптин негизинде ишти чечет. Демек, бүгүнкү күндө бала кичинекей, сиздин карооңузга муктаж, эне сүтүнө дегендей. Ошондуктан сот сиздин пайдаңызга ишти чечишине мүмкүнчүлүк көбүрөөк деп. Ошондой эле, бала атасы менен көрүшсө баланын психикасына терс тасирин тийгизет деп эсептесеңиз, баланы көрсөтпөй коюуга укугуңуз бар.

Төмөнкү даректерге кайрылып жардам сурасаңыз болот: 

            Ички иштер органдарынын бөлүмдөрүнүн телефондору

Бишкек ш. ШИИБи

(0312) 43-71-75

Чүй облусунун ИИБи

(0312) 43-88-85

Ош облусунун ИИБи

(03222) 5-59-10

Талас облусунун ИИБи

(03422) 5-29-98

Ысык-Көл облусунун ИИБи

(03922) 5-24-14

Жалал-Абад облусунун ИИБи

(03722) 5-66-66

Нарын облусунун ИИБи

(03522) 5-09-21

Баткен облусунун ИИБи

(03622) 5-0015

КРнын ИИМнин Нөөмөт бөлүмү

(0312) 66-23-31

КРнын ИИМнин Коомдук коопсуздук башкы башкармалыгы

(0312) 26-62-97

КРнын ИИМнин ишеним телефону

(0312) 26-64-18

                          Кризистик борборлордун телефондору

«Шанс» КБ, Бишкек ш.

(0709) 71-03-20

«Сезим» КБ, Бишкек ш.

(0312) 51-26-40, (0312) 31-64-66

«Ак-Жүрөк» КБ, Ош ш.

(0550) 23-13-29, (03222) 4-59-76 +996 (3222) 2 97 57

«Аруулан» КБ, Ош ш.

(0776) 38-07-77,  (03222) 5-56-08,

«Мээрбан» КБ, Ош ш.

(0559) 49-20-07

«Акылкарачач» КБ, Алай району

(0555) 28-14-23, +996 (03234) 2 60 33 , 2 61 31

Гүлчө айылы

(0776) 28-14-23

«Жаңыл Мырза» КБ, Баткен ш.

(0777) 39-30-77, +996 (03622) 2 20 27

«Маана» КБ, Талас ш.

(0557) 48-47-13, (03422) 5-58-85

«Теңдеш» КБ, Нарын ш.

(03522) 5-02-70, (0700) 25-78-90

«Энсан-Диамонд» КБ, Ош ш.

(0772) 32-89-60

«Алтынай» КБ, Чолпон-Ата шаары

+996 (03943) 4 41 37

«Даршайым» КБ, Бишкек ш.

+996 (0312) 64 93 50

              Күнү-түнү иштеген акысыз түз байланыш телефондору

Коомдук тартипти коргоо кызматы КРнын ИИМи

          102

Бишкек ш. зомбулуктан жана орой мамиледен жабыр тарткан балдарга жардам берүү борбору

(0312) 54 29 34, (0312) 44 25 10

Балдар үчүн ишеним телефону

« 112-системасы»

            111

             112

КРнын Акыйкатчысынын түз байланыш телефону (жумуш убактыларында)

            115

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт