// //

Апамдын сөзүнөн чыкпай беш жолу турмушумду бузганыма өкүнөм

2021.12.09, 16:32
9834

Bilesinbi.kg окурмандарынын баштан өткөргөн ар түрдүү окуялары менен бөлүшүп келет. Бул ирет бактылуу болууну чечкен мырзанын катын жарыялайбыз.

Жашым кыркка жакындап калды. Кечээ сакал-мурутумду алып отуруп эки ак чач таап алдым. Чекеме бырыш түшүп, курсагым да чыгып калыптыр. Жарымы сынык күзгүдөн өзүмө ушундай “страшный” көрүндүм. Сүлкүлдөп турган жаштыгымдын кантип өткөнү эсимде жок.

Баягы күнү жумуштан келатсам кошунамдын төрттөгү баласы көчөдө ойноп жүрүптүр. Бойтойгон сонун бала, бетинен өөп чөнтөгүмөн жыйырма сом алып чыгып бердим.

- Сиз дагы бөбөк болгонсузбу?

- Ооба, мен дагы сендей кичинекей болчум.

- Жок, калп айтасыз!

Чуркап кетти. Кичинекей бала болгонума кээде өзүм деле ишенбей кетем. Ушундай эле болуп төрөлүп калган сыяктуумун.

Мен киммин? Бир балам бар, бирок ал мени эмес башканы “ата” дейт. Машинам бар, бирок аны айдаганга көңүлүм чаппайт. Өзүмө жакпаган жумушум бар, бирок кетип калганга эрким жетпейт. Дос дейсиңерби? Өзүм кыйратып бирөөгө дос боло албасам, мени ким кошмок эле.

Ушул жашка чейин апамдын айтканын эки кылбадым. Жакшы уул деп ойлошуңар мүмкүн. Балким, ошондой. Бирок, кээде “жок” десем туура болмок өңдүү.

Былтыр классташтар жыйырма жылдыкка чогулушту. Телевизор көрүп отурсам дарбаза тыкылдады. Классташ балам экен.

- Ай, даяр эмессиңби? Жүр кеттик?

- Мен барбайм.

- Эмнеге?

- Апам жооп бербей койду.

- Ээ дос канчадасың?

Каткырып колун шилтеп кетип калды.

Расмий түрдө үч жолу үйлөндүм. Эки жолу мындай эле нике кыйдырып жашадык. Биринчи жубайымдан бир балам бар. Кийин балалуу болбодум.

Апам турмушума кийлигишип тынч жашатпай койду. Аялыма күн көрсөтчү эмес. Анан күйөөдөй болуп коргой албасам, кетет да, туурабы? Баарына өзүм күнөөлүмүн. 

Качан өзгөргөнүмдү билбейм, бирок мындай жашоо кокомо жетти. “Апа, мен сизди жакшы көрөм, сыйлайм, мени бул дүйнөгө алып келгениңиз үчүн ыраазымын. Сиз менин эң жакын адамымсыз. Ошентсе дагы, сизге айта турган бир сөзүм бар. Мындан ары жеке жашоомду өзүм тескейм. Кеңештериңиз мен үчүн баалуу, бирок акыркы чечимди баары бир өзүм кабыл алам. Мен чоң кишимин.”

Азыр компьютер боюнча курска баратам. Буйруса, жакын арада жумушумду өзгөртөм. Апаман бөлүнүп батирге чыгып алгам. Кечээ апам келип кетти, ага жаңы үйүм жакты, мени менен сыймыктангандай дагы болду. Баягы күнү бир айым менен тааныштым. Азыр жазышып жүрөбүз, балким бир нерсе болуп кетет. 

Кыскасы, жоопкерчиликти колума алгандан бери жашоом өзгөрө баштады. Мурда эле ушинтсем болмок экен, бекер эле коркуп жүрө берипмин. 

Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт.

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Алтындай болгон келинибизди кетирген экенбиз деп өкүндүм

Мени сүйбөгөн жигитти өз акчама эс алдырып келдим

Студенттер тууганыңардын үйүндө жашабагыла! Таежеси тажаал кыздын баяны

Эки бала менен кайда барам? Айтканыңды аткарам, бирок мени кууба, деп жалдырадым

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт