// //

Алтындай болгон келинибизди кетирген экенбиз деп өкүндүм

2021.12.01, 16:25
24656

Bilesinbi.kg окурмандарынын баштан өткөргөн ар түрдүү окуялары менен бөлүшүп келет. Бул ирет бир айымдын катын жарыялайбыз. Эгер сизде дагы кызыктуу баян бар болсо, бизге жөнөтүңүз.

Атын көп жерден укчу болду.

- Айжаркын сенин келиниң беле?

- Ооба, инимдин аялы болчу.

- Сонун адам экен. Сөз жок. 

Баары эле сонун адам экен дешет. Эмнеси сонун деп кызганам. Бирок, жүрөгүмдүн түпкүрүндө чынында эле сонун адам экенин билчүмүн. 

Бир жолу курбу кызыман сурадым. Ал экөө жакшы сүйлөшүшчү.

- Ай, Айжаркынды көрүп калсаң биз жөнүндө сурап көрсөң, жамандайт болду бекен. Күйөөм жаман болчу, кайын журтум мындай болчу десе керек.

- Анткен жок. Сурагам. Иниңди "балдарымдын атасы" деди, силерди "кайын журтум менен тил табыша албадык, жакшы адамдар" деди. Бирок силерден кетти да, туурабы? Ушундай сонун келинди батырбай, турмушуна аралаштыңар. Иниң дагы жоош неме окшойт.

Бирөөгө дагы биз жөнүндө жаман айтаптыр. "Ал менин бир тажрыйбам болду" дегенин гана уктум. 

Апам жактырбады. Ага кошулуп биз жактырбадык. Эми жактырбаганда эмне, баягы эле байлык маселеси. Ата-энеси карапайым деп тоготпой койдук. Апам башка келин аларын айтты. Балалуу болду. Анда дагы кыйнадык. Кыскасы, иним дагы биздин сөздү сүйлөп туруп алды. Ушундай жаман иш кылганыма өкүнөм, бирок билдирбейм. 

Келинибиз мыкты адам экен. Туруштук берди. Бизнес ачып алды. Бара-бара атын көп уга баштадык. "Силердин келин беле?" эмес, "Силердин келин!" боюнча калса кана. Баарына өзүбүз күнөөлүбүз. Бирөөнүн турмушун бузуп пайда табабыз деп ойлогонбуз. Таппадык. Иним ар бир жерде жүрөт. Апам үйдө жалгыз, аны үйлөндүрө албай убара. Биз деле жыргап кетпедик. Көр турмуш, ушак, кыскасы баткактабыз.

Балким ал өнүкпөй үйдө отурса, ажырашкандан кийин ыйлап бизге жалдырап келсе сүйүнүп отурмакпыз. Биз күткөндөй болбоду, кыйын аял экен. Азыр бактылуу болуп жашап жүрөт. Албетте, бактылуу болот, анткени ал бирөөгө жамандык кылган эмес. 

Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт.

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Мени сүйбөгөн жигитти өз акчама эс алдырып келдим

Студенттер тууганыңардын үйүндө жашабагыла! Таежеси тажаал кыздын баяны

Эки бала менен кайда барам? Айтканыңды аткарам, бирок мени кууба, деп жалдырадым

 

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт