// //

Күйөөмдүн айынан өлгүм келет. Беш балам эмне болот?

2021.12.09, 16:28
2039

Саламатсызбы! Мен дагы жашоомду бөлүшкүм келди. Өзүм орус мектепте окуп, шаарда чоңойгом. 24 жашымда айылга ала качып кетти. Жашаганыбызга үч ай болгондо күйөөм арак ичип, мас кезинде кол көтөрүп, үйдөн кууп, такыр эле бөлөк адам болуп калды.

Мурунтан эле ичип, мас кезинде ушундай кылыктары бар болчу экен. Мен аны билген жокмун да. Кетем деп үйдөгүлөргө айтсам, төрөсөң ичпей калат, оңолот дешти. 2011-жылы кыз төрөдүм. Ортодон он күн өткөндө талаага чыктык, ал жерден эсим оогуча кетмен менен сабаган. Араң басып калганда төркүнүмө качып кеттим. 

Алты айдан кийин кайын энем экөө келип, кечирим сурап алып кетишти. Ошентип кетип, келип жүрүп төрт уул төрөдүм. Азыр беш баланын апасымын. Жашоом дагы деле мурункудай. 

Үйүбүз жок, туруктуу жумушу жок. Тапкан акчасына арак ичет. Ушул жашоомдон аябай чарчадым. Кээде өлүп алгым келет. Ажырашсам беш балам менен бараарга жер жок. Эмне кылсам экен? 



Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
09.12.2021, 16:55

Айдана Мадишова 

Психолог

Саламатсызбы! Жазган катыңызды окуп аябай кайгырып турам. Турмуш жолуңуз татаал экен. Оор күндөрдү башыңыздан өткөрүп келе жатыпсыз. Андан да өкүнүчтүүсү  беш баланын мындай үй-бүлөдө өсүп, жетилип жатканы. Себеби ар бир бала сүйүүгө толгон үй-бүлөдө төрөлүп, чоңойууга татыктуу. 

Мындай учурда өзүңүздүн жана балдарыныздын келечегин ойлоп, жашооңузду өзгөрткөнүңүз туура деп ойлойм. Мен сизге бир жолу жооп жазып жардам бере албайм. 

Он жылдан бери мындай жашоого көнүп калгансыз. Сизге, балдарыңызга узак убакыттагы психологиялык-социалдык жардам керек. Ден соолугуңузду текшерүү үчүн медициналык жардам жана жолдошуңуздан коргонуу үчүн юристтин кеңеши керек. Мындай учурда энелерди жана балдарды коргоочу уюмдар бар. 

Алгач өзүңүздү моралдык жактан даярдап алыңыз. Себеби жардам суроо, жаңы кадам таштап, жашоону өзгөртүү оңой эмес. Андан соң керектүү уюмдарга кайрылып абалыңызды түшүндүрүп көрүңүз. Эгер уюмдардан жардам алалбасаңыз элдерден жардам сураңыз. Сизди түшүнгөн инсандар социалдык жардам көрсөтүшү толук мүмкүн. Сизге керектүү колдоону таба аласыз деген үмүттөмүн.

Төмөнкү даректерге кайрылып жардам сурасаңыз болот: 

            Ички иштер органдарынын бөлүмдөрүнүн телефондору

Бишкек ш. ШИИБи

(0312) 43-71-75

Чүй облусунун ИИБи

(0312) 43-88-85

Ош облусунун ИИБи

(03222) 5-59-10

Талас облусунун ИИБи

(03422) 5-29-98

Ысык-Көл облусунун ИИБи

(03922) 5-24-14

Жалал-Абад облусунун ИИБи

(03722) 5-66-66

Нарын облусунун ИИБи

(03522) 5-09-21

Баткен облусунун ИИБи

(03622) 5-0015

КРнын ИИМнин Нөөмөт бөлүмү

(0312) 66-23-31

КРнын ИИМнин Коомдук коопсуздук башкы башкармалыгы

(0312) 26-62-97

КРнын ИИМнин ишеним телефону

(0312) 26-64-18

                          Кризистик борборлордун телефондору

«Шанс» КБ, Бишкек ш.

(0709) 71-03-20

«Сезим» КБ, Бишкек ш.

(0312) 51-26-40, (0312) 31-64-66

«Ак-Жүрөк» КБ, Ош ш.

(0550) 23-13-29, (03222) 4-59-76 +996 (3222) 2 97 57

«Аруулан» КБ, Ош ш.

(0776) 38-07-77,  (03222) 5-56-08,

«Мээрбан» КБ, Ош ш.

(0559) 49-20-07

«Акылкарачач» КБ, Алай району

(0555) 28-14-23, +996 (03234) 2 60 33 , 2 61 31

Гүлчө айылы

(0776) 28-14-23

«Жаңыл Мырза» КБ, Баткен ш.

(0777) 39-30-77, +996 (03622) 2 20 27

«Маана» КБ, Талас ш.

(0557) 48-47-13, (03422) 5-58-85

«Теңдеш» КБ, Нарын ш.

(03522) 5-02-70, (0700) 25-78-90

«Энсан-Диамонд» КБ, Ош ш.

(0772) 32-89-60

«Алтынай» КБ, Чолпон-Ата шаары

+996 (03943) 4 41 37

«Даршайым» КБ, Бишкек ш.

+996 (0312) 64 93 50

              Күнү-түнү иштеген акысыз түз байланыш телефондору

Коомдук тартипти коргоо кызматы КРнын ИИМи

          102

Бишкек ш. зомбулуктан жана орой мамиледен жабыр тарткан балдарга жардам берүү борбору

(0312) 54 29 34, (0312) 44 25 10

Балдар үчүн ишеним телефону

« 112-системасы»

            111

             112

КРнын Акыйкатчысынын түз байланыш телефону (жумуш убактыларында)

            115





0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт