// //

Темпераменттин 4 түрү

2018.03.02, 12:56
34028

  • Адамдын психикасын мүнөздөгөн, жеке өзгөчөлүктөрүн белгилеген темперамент тууралуу билүүнү каалагандар аз эмес болсо керек. Темперамент сезимдердин күчүнө жараша болот, ал терең же үстүртөн, өтүү ылдамдыгы, туруктуулугу же тез алмашуусуна карата билинет. Темпераменттин 4 түрү бар, сиздин мүнөз кайсынысына кирээрин билгиңиз келсе төмөндө жооп табаарсыз.

  • САНГВИННИК

Эмоционалдуу жумушка болгон жөндөмдүүлүгү менен айрымаланат, бирок козголуусу туруксуз, көңүл буруусу бир калыпта эмес, тааныш эмес чөйрөгө, ар кандай шартка тез ыңгайлашып кетүүчү жөндөмдүүлүгү бар. Демилгелүү, кыска убакытта коллективге аралашып кете алат. Жолу болбогондукту, жагымсыз окуяны кадимки көрүнүш катары баалайт. Кыйынчылыкты айланып өтүп, үстүртөн карап койгон өзгөчөлүгү бар, чечимди бат кабыл алууга шашылат. Өндүрүштө жана коомдо аны активдүү иш аракетке чегерүү абзел, анын алдына улам жаңы тапшырмаларды коюп туруу маанилүү, ошол эле учурда иштин сапаттуу аткарылганына өзгөчө көңүл буруп, текшерүү жүргүзүп туруу керек. Бир түрдүү аракетти, күндөлүк иштерди жактырбайт, иштин мазмунун терең түшүнүүгө аракет жасабайт. Сөзү так, көп учурда жаңсоо менен каттуу суйлөйт жана шайыр.

  • ФЛЕГМАТИК

Татаал абалдарда да өзүн токтоо алып жүрө алган, ишти ойлонуп ырааты менен жасаган, күтүүгө эрки жеткен, жоош, оор басырыктуу, куру сөздү көп сүйлөбөгөн, токтоо, эмоцияга берилбеген, баштаган ишин аягына чыгарган, жасаган жумушунда системалуулук көрүнгөн, кызыгуусу, мамилеси туруктуу. Бир жумуштан экинчи жумушка жай баракат өткөн, негиздүү, чыдамкай. Урушканды, мактоону жакшы көрбөйт, ички толгонуусун көп сыртка чыгарбайт, өз дарегине айтылган сын-пикирлерге токтоолук менен мамиле жасаган өзгөчөлүккө ээ.

  • ХОЛЕРИК.

Кыймыл аракетти, чечимди тез кабыл алгандыгы менен өзгөчөлөнгөн, көңүлү бат өзгөрүлүп турган, кымкуут, тырышчаак эмес, каны кызуу, чыдамсыз адам. Кишилерге жасаган мамилеси бир жактуу катаал, бирок чечкиндүү жана демилгелүү. Өзүн кармай албаган, экспериментчи, болгон окуяны аз убакытта артына таштап, бат унутуп калган, кекчил эмес, таарынбаган мүнөзгө ээ. Шашылып, мукактанып, берилип, тез сүйлөйт. Курч, агрессивдүү, урушчаак. Жагымдуу, мимикалуу, маселени тез чечүүгө жана аракеттенүүгө жөндөмдүү, алдыга койгон максатка жетүүдө туруктуу эмес, көңүлү тез өзгөрүп турат.

  • МЕЛАНХОЛИК

Бат чарчаган, өзүнүн күчүнө ишене бербеген, тынчсызданган, бирок абдан кылдат, кыраакы, тартынчаак. Жаңы шартта өзүн жоготуп коёт, күтүлбөгөн кырдаалга бат аралашып кете албаган адам. Жеке болгонду жакшы көрөт, чечимди өзү чыгарганды жактырат, жолу болбосо өзүн жоготуп маанайы чөгүп кетүү өзгөчөлүгүнө ээ. Тез чарчайт, үнү катуу чыкпайт, кээде шыбырагандай сүйлөйт. Интенсивдүү жумуш процессинде ишке болгон жөндөмдүүлүгүн жоготуп коёт. Таасирге тез берилбейт, чөйрөгө, өзүнө талапты катуу коюп, дайыма күмөндүү, өтө сезгич, таарынчаак, ошол эле учурда өтө элпек жана кылдат болгон адам.

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт