// //

Жаңы үйлөнгөн байкем "аялыма акыл айтпагыла деди"

2021.11.21, 14:13
16350

Bilesinbi.kg окурмандарынын баштан өткөргөн ар түрдүү окуялары менен бөлүшүп келет. Бул ирет жаш күйөөнүн катын жарыялайбыз. Эгер сизде дагы кызыктуу баян бар болсо, бизге жөнөтүңүз.

Жеңем сулуу экен. Бою узун, көздөрү күрөң, чачы башкача тармал экен. Көшөгөгө мени отургузуп коюшкан. Жаш балдар оюнга алаксып улам эле сыртка чыгып кетет.

- Апа, койчу, чоң кыз болуп алып мен отурамбы?

- Тим эле муну кара, башымды оорутпачы, 11-класс элесиң, эч нерсе болбойт. 

- Апааа...

- Бар, бар. Жеңеңе шорпо ала кир.

Менден уялып отурду. Анан божурап ар нерсени сүйлөп баштадым. Коңшу класстын сулуу жигиттерин айтып бердим. Аркаман бирөөсү чуркап жүргөнүн кошумчаладым. Айтор, ачык сүйлөгөн жаным эч нерсени жашырбадым. Жеңем дагы ачылып кирди. Байкемдин жоруктарын айтып боорумду эзди. 

Кыштын суук күнүндө бир шаардан экинчи шаарга кетип бараткан байкемди көргөн апам "аа балам, катуу сүйүп калыптыр" деп шыбыраганы эсимде. Бизге жумуш боюнча деп чыгып бараткан. 

- Апа, жумушуна кеткен жокпу?

- Кайдагы жумуш, көздөрү жайнап кетти, уулум сүйүп калыптыр. 

- Анан эмне үйлөнөбү?

- Ай кыз, башымды оорутпачы, жүр чай ичели. 

Апам ар дайым ашыкча суроо берип тажата баштасам "башымды оорутпа" деп кутулат. Бирок, келиндүү болом деп апам дагы башкача бактылуу.

Дасторкон жайылып коноктор келе баштады. Келгендердин баары эле чай куюп жаткан жеңеме "апаңды сыйла", "күйөөңдү сыйла", "кайын-журтунду сыйла", чай берип, батасын ал", "күйөөңдү бактылуу кыл" ж.б деп жатышты. Оюмда, эмне үчүн жеңеме эле акыл айтып жатышат деп отургам. Оюмду байкем ачыкка чыгарды. 

"Урматтуу туугандар, ата-энемди сыйлап, мени сыйлап жакшылыгыма келип бергениңерге чоң рахмат. Бирок, мен силердин каалоо-тилектериңер менен макул эмесмин. Келинчегиме эле акыл айтып жатасыңар, а магачы? Мен ошондо аялымды, анын үй-бүлөсүн сыйлабай эле жүрө беришим керекпи? Мага дагы акыл айткыла, мага дагы эмне кылышты айткыла."

Баары унчукпай отуруп калды. Ошондо Жакыш деген сонун тайкем бар, ошол ордунан тура калып, эки колун жайып "бири-бириңерди сыйлап жашагыла, сен аялыңды сыйла, сен күйөөңдү" деп батасын бере салды. Байкем рахмат айтты. Анан баары "Молодец" Жакы" деп жатып калышты. 

Байкем менен ошондо аябай сыймыктандым. Чынында эле, баары эле келинге акыл айтышат. Менимче байкем айткандай болуш керек. Байкемди күлүп карап турсам, мага көзүн кысып койду. 

Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт.

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Аялым апама бакырып жатса унчукпай карап турдум

Аялым каза болгондон кийин эч ким эмес экенимди түшүндүм

Кайын энем “жеңеңер кызматчыңар эмес” деп мени коргоп балдарын урушат

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт