// //

Аялым кетип калыптыр деп ыйлап келатып, көргөн көзүмө ишенбедим

2021.11.20, 17:23
8997

Bilesinbi.kg окурмандарынын баштан өткөргөн ар түрдүү окуялары менен бөлүшүп келет. Бул ирет жаш күйөөнүн катын жарыялайбыз. Эгер сизде дагы кызыктуу баян бар болсо, бизге жөнөтүңүз.

Экөөбүз аяштардын отурушунан келдик. Ал мени, мен аны кызганып эс алгандай деле болгон жокпуз. Босогодон аттарым менен бут кийимимди эки жакка ыргыта чечтим. Аялым бир нерсе дейин деп барып, токтоп калды. Бир ботинкамды тээп туруп өтүп кетти. Сумкасын диванга ыргытты эле, ичиндеги боорсок менен конфет чачылып кетти. Мен болсо анын үстүнө курткамды ыргытып, ваннага кирип бет алдым.

Бети-колумду жууп чыксам, аялым колун белине таянып алып күтүп туруптур. Башын көтөрүп алып эшикти тарс эттире жаап кирип кетти. Барып жатып алдым. Бир топтон кийин аялым келип жуурканды өзүнө тарты. Мен кайра өзүмө тарттым. Экөөбүз тартышып жатып шейшебин айрып алдык. Аялым ошол маалда кое берди эле керебеттен талп этип жерге кулап түштүм. Үстүмө жууркан түштү. Аялым артын карап, плед жамынып жатып алды. Ачуусу келген букадай болуп мурдуман буу чыгып аны карап турдум, анан мен дагы артымды карап жатып алдым.

Көзүмдү ачсам түнкү саат эки болуптур. Ар дайым жанымда жатчу аялым жок. Дааратканага кетти окшойт деп күтсөм келген жок. Суу ичимиш болуп ашканага барсам дагы жок. Кире бериштеги эшик ачык экен. Курткасы дагы жок. Шашып-бушуп курткамды кийип, шапкамды албастан сыртка чыктым. Көчөдө эч ким көрүнбөйт. Болду болбоду чоң жолго такси тоскону кетти дедим. Кыш эле. Чуркап баратып, тайлаганып кулап түштүм. Ошондо бутум жылаңайлак, анан дагы шлепкачан экенимди көрдүм.

Ушинтип эле кетип калабы дедим. Башымды жерге салып, мурдумду тартып коюп ыйлап келатсам аялым туздалган бадыраң көтөрүп алып  “Народныйдан” чыгып келатат. Мени көрүп таң калып туруп калды. Мурдумду тартып, “кайда жүрдүң” десем каткырып кирди. Бир аздан кийин ага мен кошулдум. Жаныма келип, шапкасын кийгизип, “ичимдеги балаң “туздалган бадыраң” жегиси келди”,- десе болобу. Мен жакында ата болот экенимди ошондо билдим. 

Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт.

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Аялым апама бакырып жатса унчукпай карап турдум

Аялым каза болгондон кийин эч ким эмес экенимди түшүндүм

Кайын энем “жеңеңер кызматчыңар эмес” деп мени коргоп балдарын урушат

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт