// //

“Балага сүйүнчүнү” чет жакадан кантип алса болот?

2018.03.01, 16:26
2502

2018-жылдын 1-январынан тарта жаңы төрөлгөн балдарга төлөнүп баштаган “балага сүйүнчү” жөлөк пулунун айланасындагы суроолор бүтпөй келет. Окурмандарыбыздан келген суроолорго Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин маалымат катчысы Кымбат Кадыралиева жооп берди.

2018-жылдын 1-январынан баштап мамлекеттик жөлөк пулдар мыйзамы күчүнө кирген. Жаңы мыйзамга ылайык 2018-жылдын 1-январынан тартып төрөлгөн ымыркайларга “балага сүйүнчү” каралган. Мыйзам күчүнө киргенге чейинки, тактап айтканда 2018-жылдын, 1-январына чейин төрөлгөн балдарга берилбейт. “Балага сүйүнчү” бир жолу берилчү жөлөк пул, өлчөмү 4000 сом.

Бир жолу берилүүчү жөлөк пулду алуу жолдору жана керектелүүчү документтер

  • Баланын күбөлүгү.
  • Ата-энесинин паспорту.
  • Жашаган жеринен үй-бүлө мүчөлөрү тууралуу маалымкат.
  • Документтерди топтоп, МКК (ГРС), Никени каттоо мекемеси, (ЗАГС), Калкты тейлөө борбору (ЦОН), айыл өкмөттөрүндөгү маалымат борборлоруна  барып арыздарды калтырып койсо болот.
  • Сөзсүз ата-эне банктан эсеп ачат. Эгерде эсеби бар болсо, арызга көрсөтүп коет, жаңы ачуунун кереги жок. Акча колго берилбейт, эсепке гана которулат.
  • Эсепке акчаны которгондон кийин, райондук башкармалыктар чалып маалымат беришет.

Эгерде каттоосу Нарында болсо, бирок үй-бүлө Бишкек шаарынын Октябрь районунда жашаса, учурда жашап жаткан жерине маалымкат алып, шаардан эле сүйүнчүсүн алса болот. Нарынга баруунун кереги жок.

 

Жөлөк пул берүү мөөнөтү

Жарандарга ыңгайлуу болушу үчүн 5-февралдан баштап Мамлекеттик каттоо кызматы аркылуу дагы арыздар алына баштады. Мисалы бала төрөлүп, мамлекеттик каттоо кызматына күбөлүгүн алганы барганда, ошол жерге эле “балага сүйүнчүгө” документтерди тапшырып, арызды калтырып коюуга мүмкүн. Мекеме топтолгон маалыматтарды, райондук социалдык башкармалыктарга тапшырат, алар кайра Социалдык коргоо министрлигине жиберет. Биз кайра аны Каржы министрлигине мынча арыз түштү деп беребиз. Андыктан “балага сүйүнчү” бир күндө берилбейт. Айдын башында арыз таштаса, аягында алат. Ошондой эле “Балага сүйүнчүнү” ымыркай төрөлөөр замат алгыла деген нерсе жок. Бир жыл мөөнөт берилет. Бала бир жашка толуп калса ала албай калат.

 

Чет жакадан кантип алса болот?

Эл аралык келишим боюнча Кыргызстандын аймагында жашап жаткан төмөнкү мамлекеттин жарандары “балага сүйүнчү” ала алышат:

  • Россия
  • Казакстан
  • Өзбекстан
  • Таджикистан
  • Молдова
  • Армения
  • Белорусь
  • Украина

Болгону Мамлекеттик каттоо мекемесинен бул жерде жашап жатат деген тастыктоочу маалымкаты керек. Калган документтер башында айтылгандай эле, айырмасы жок. Ошондой эле кыргыз жарандары дагы айтылуу өлкөлөрдүн аймагында балалуу болушса, алардын мыйзамына жараша ошол жактын сүйүнчүсүн алышат жана алганга укуктуу. Себеби алардын жарандары дагы биздин сүйүнчүнү алып жатышат. Болгону суммасында айырма болот. Кайда жана кандай документтерди тапшыруу керек экенин кыргыз жарандары ошол өлкөдө жашап жаткан жеринин социалдык мекемелерине кайрылып маалымат алса болот.

 

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт