// //

“Элдин балдарын карачы” деген атамдын ким экенин ооруганда билдим

2021.10.08, 17:56
7753

Bilesinbi.kg окурмандарынын баштан өткөргөн ар түрдүү окуялары менен бөлүшүп келет. Бул ирет атасы менен мамилеси келишпей жүргөн жигиттин баянын жарыялайбыз. 

Атам экөөбүз окшошпуз: айтканыбыздан кайтпайбыз, көк бетпиз, өжөрбүз дегендей. Ошон үчүнбү, айтор, кыялыбыз такыр эле келишпейт.

Атама көз каранды болгум келбей, 17ге чыкканда шаарга кетип калдым. Жумуш таап, өз алдынча жашай баштадым. Көп өтпөй карындашым окууга тапшырганы келди. Аны жаныма алып, кем-карчысын толугу менен каржылап жүрдүм.

Карантин башталары менен катуу ооруп калдым. Айылга баргым келген жок. Билген дарыларымды ичип коюп үйдө жата бердим. Элестеткиле, 10 күн температурам түшпөй койду. Анын үстүнө 14 кг арыктап кеттим. Бул башкача оору экен.

Карындашыма эч кимге айтпа дегем, мени укпай ватсаптан ата-энеме жазып коюптур. Эртеси айылдан атам келип, дарыгерге алып жөнөдү. Өпкөмдүн оорусу күчөп кетиптир. Өз алдынча баса албай, жадакалса кашык кармаганга алым келбей калды. Операция жасала турган болду. Ошентип үч ай ооруканада жаттым.

Атам жаныман бир карыш жылган жок. Кенедей баланы баккандай эле бакты. Түнү менен кирпик какпай отурат. Онтолосом суу берет. Тердесем  кийимдеримди которот. Үстүмдү жылуулап жаап коет, ысыдым десем кайра ачат.

Өмүрүмдө биринчи жолу атам менен ушунча көп убакыт өткөрдүм. Себеби ар дайым жумушунан же башка иштеринен колу бошочу эмес. Анын үстүнө, “сендей кезимде мен көп нерсеге жетишкем”, “колуңдан эч нерсе келбейт”, “жалдырап телевизор эле карап отурасың”, “элдин балдарын карачы” ж.б. сыяктуу сөздөр менен  урушкан сайын, ортобуздагы дубал бийиктей берчү.  

Үч ай ичинде жаңыдан тааныштык. Жаныма отуруп алып балалык кезин, апам экөөнүн таанышканын, мен төрөлгөндө бир жума майрамдаганын айтып берди. Келечекке болгон пландарымды сурап, ойлору, идеялары менен бөлүштү.

Акыркы күндөрү тамашалашып, бири-бирибизге тийишип сүйлөп калдык.

Кетерине бир күн калганда, жаныма келип отуруп, бир топко чейин терезени карап турду. Бир нерсени айткысы келди, бирок эмнеден баштаарын билбей турганы сезилип жатты.

-  Жаку, мени кечирип кой. Чынында, балдарыма кыйратып деле ата болбоптурмун. Үй-бүлөмө, апаңарга, балдарыма убакыт бөлгөндүн ордуна жумуш менен достордун ортосунда эле жүрө бериптирмин. Шаарга келип өңүңдү көргөндө, сени жоготуп алам деп аябай корктум. Баарын эми гана түшүнүп жатам. Мен өзгөргөнгө аракет кылам. Уулум, кел экөөбүз баарын башынан баштайлы.

Сүйлөсөм ыйлап жибермекмин, акырын гана башымды ийкедим. Тезирээк айыгып атам экөөбүз пландаган нерселерди ишке ашырсам экен. Ата - бул таянар тоо деген ушу турбайбы! Мага анын колдоосу эле жетиштүү. Рахмат, ата! Аксап турган жеримен канат байлап бердиңиз. Мен сиздин үмүтүңүздү айктайм.

Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт.

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Жигитимдин бул сөзү үчүн тоюбузду токтотуп, чакырууларды кайтарып алдык

Күйөөмөн ичимди бекитип жүрүп үч бала төрөп алдым

Үйгө келсем атам менен келиним отуруп алып бокс көрүп жатыптыр

Үйлөнгөн досумду куттуктап барсам, көшөгөдө келинчегим отуруптур

376 тууганымдан көрбөгөн жакшылыкты делдең кулак кошунамдан таптым

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт