// //

ЭКО жасатуу канча сом турат? Гинеколог айтып берет

2021.09.30, 14:34
3738

Bilesinbi.kg ЭКО тууралуу айтып берүүнү Репродуктивдик ден соолук клиникасынын директору, “Эне жана бала” акушерлер жана гинекологдор коомунун төрайымы Айгуль Кангельдиевадан суранды.

ЭКО деген эмне? 

ЭКО - бул экстракорпоралдык уруктандыруу (ЭКУ), башкача айтканда аялдын жана эркектин организминен тышкары, лабораториялык шартта уруктандыруу.

ЭКУ жасатууну чечкен түгөй эмнеден башташы керек?

ЭКУ жасатканга чейин 2-3 жума даярдык көрүү керек. Бизге келген түйгөйлөр толугу менен текшерүүдөн өтүп бир нече анализдерди тапшырышат. Аялдар УЗИге түшүшөт, АИВге, гепатитке, сифилиске, ж.б. кан тапшырышат. Гормондордун деңгээли текшерилет. Инфекциялардын бар жогун аныктоо үчүн “мазок” алынат.

Эркектер жогоруда айтылгандардан тышкары спермаграмма тапшырышат.

Процедуранын өзү канча убакытка созулат?

Башында айткандай алгач бейтаптардан 2-3 жума анализ алып, дары, витамин берип даярдайбыз.

Процедуранын өзү 15-20 мүнөткө чейин эле созулат. Анда аялга наркоз берилип, жумуртка клеткалары алынат. Жумуртка клетка менен алдын ала алынган сперма тазаланып, экөөнү жасалма жол аркылуу уруктандырабыз.

Аял киши наркоздон ойгонгондон кийин үйүнө чыгып кете берет. 3-5 күндөн кийин өстүрүлгөн эмбрион аялдын жатынына салынат.

2 жумадан кийин ХГЧ анализи тапшырылып, уруктануу болгон же болбогону текшерилет. Бардыгы ийгиликтүү өтсө, дагы 2 жумадан кийин УЗИге түшүп кош бойлуулукту тастыктоо зарыл.

ЭКУнун канча түрү бар?

ЭКУнун бир нече түрү бар. Кайсынысы жасала турганын диагнозго жараша чечилет.

ИКСИ – бул сперматозоидди абдан ичке ийне менен жумуртка клеткасына киргизүү. Бул ыкма эркектин спермасы алсыз жана өз алдынча жумуртка клетканы уруктандыра албаган учурда колдонулат. ИКСИ сперматозоиддер өтө аз болгондо да жасалат.

ПИКСИ – ИКСИден айырмасы, бул учурда жетилген гана сперматозоиддер колдонулат. Ал үчүн атайын тест жүргүзүлөт.

ЭКУ жасатканда кандай тобокелдиктер бар?

Тобокелдиктер сөзсүз болот. ЭКУну өткөрүү гормоналдык стимуляциядан башталат. Аялга гормоналдык препараттар берилет. Натыйжасында бир циклдин ичинде бир нече жумуртка клетка жетилет. Бул этап 10-18 күнгө чейин созулат.

Эң олутуу коркунучтардын бири - жумуртка клеткалардын гипперстимуляция болушу. Бул өтө кооптуу, мындай абалдан аялды алып чыгуу оор.

Жумуртка клеткалардын гипперстимуляция болушу биздин тажрыйбада сейрек кездешет. Бирок аны жокко чыгаруу болбойт.

ЭКУнун эффективдүүлүгү канчалык?

Бул бизге кайрылган жуптардын негизги суроосу. Ага бир өңчөй жооп берүү мүмкүн эмес. Бардыгы жуптардын ден соолугун толук текшерилип, анализдер чыккандан кийин гана белгилүү болот. Ар кимдин ден соолугунун абалына жараша түрдүү цифраларды атайбыз.

ЭКУдан кийин бойго бүтүүнүн орточо көрсөткүчү 30%.

Андан тышкары тукумсуз деген диагноз коюлгандан кийин канчалык эрте кайрылса, ошончолук жакшы. Мисалы, диагноз коюлгандан кийин 10-15 жылдан кийин кайрылган түйгөйлөрдө мүмкүнчүлүк кыйла аз.

Ал эми 35 жашка чейин кайрлыгандардын балалуу болуу шансы жогорураак. Ошондуктан ЭКУга чечиле турган болсоңуз көпкө создуктуруунун кереги жок.

ЭКУну канча жолу жасатса болот?

Орто эсеп менен алганда 3-4 жолу жасаса болот. Биздин тажрыйбабызда 7 жолу ЭКУ аркылуу төрөгөн бейтап бар. Бүгүн жетинчи наристесин төрөдү.

Бирок, учурда улам ЭКУ жасатуунун зарылчылыгы жок. Биринчи жолу жасатканда эле бир нече жумуртка клеткаларды жана сперматозоиддерди тоңдуруп коюу мүмкүнчүлүгү бар. Бул Японияда иштелип чыккан ыкма, ал абдан ыңгайлуу. 

Баланын жынысын алдын ала пландаштырса болобу?

Теориялык жактан алып караганда, болот. Биздин республикада мыйзам түрүндө тыюу салынган эмес. Бирок медициналык көз караш менен алганда туура эмес болуп калат. Себеби, баланын кыз же уул боло турганын табият чечет. Балансты бузууга болбойт.

ЭКУдан алты саны аман бала төрөлөбү?

Көпчүлүк бейтаптарга ПГД (преимплантациялык генетикалык диагностика) жасатууну сунуштайбыз. Анда эмбриондун сапаты текшерилет. Диагностиканын максаты, тукум кууган оор генетикалык оорулары бар баланын төрөлөшүн алдын алуу.

Россияда жүргүзүлгөн изилдөөгө ылайык ЭКУ аркылуу төрөлгөн 27 000 бала, өздөрүнүн теңтуштарынан ден соолук жана акылы жагынан эч айрымаланбай тургандыгы далилденген. ЭКУ аркылуу төрөлгөн балдар, кадимки эле балдардай.

ЭКУнун баасы канча?

ЭКУ өтө татаал, жана кымбат процедура. Себеби ал заманбап технологияларды, колдонулган материалдардын сапатуу болуусун, анан эң башкысы адистиги жогору, тажрыйбасы мол доктурлардын ишке ашыруусун талап кылат.

Кыргызстандын медициналык рыногунда баалар 3000 $дан 5000 $га чейин. Биздин клиникада 200 000 - 220 000 сомго жасалат. Бул суммага бардык дарылар, колдонула турган материалдар кирет.

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт