// //

Досума балалуу боло албай жатам десем, жообу таң калтырды

2021.09.13, 17:24
13927

Bilesinbi.kg окурмандарынын баштан өткөргөн ар түрдүү окуялары менен бөлүшүп келет. Бул ирет жаш күйөөнүн катын жарыялайбыз. Эгер сизде дагы кызыктуу баян бар болсо, бизге жөнөтүңүз.

Экөөнүн баш кошконуна тогуз жыл болуп калды. Бирок, бир көргөн адамдар кечээ, эң эле болбоду дегенде бир ай мурун үйлөнүшкөн деп ойлошот. Сыртка чыкса ар дайым кол кармашып алышат. Конокторго чакырылса бири-бирине жанаша отурат. Бирөөсү боорсок жесе, экинчисне дагы алып берет.

Бир жолу үйлөрүнө жумуштап барып калдым. Досум чай куюп, “азыр кичине күтө тур, аяшың дүкөнгө кетти эле, келсе чогуу тамак жейли”,-деди. Казанда демделип турган ашын ачпастан, аялы менен чогуу жегени деп күтүп отурдук.

Досум менен базарга баргандан уялам. Көйнөктөрдү, кулак-мойунга таккан шуруларды көрсө жөн өтпөйт. “Жакусяма жакшы жарашчудай”,-деп, айымдардын “рядына” кирип кетет. Келинчегине ич кийим алып жатканда башымды жерге салып күтүп турам (күлүп). Же аны тааныбаган киши болуп ары туруп алам. Бюстгальтеринин өлчөмүн так билгенине эмне дейсиңер. “Мага торлору менен бериңиз”,-десе артымы карабай качып жөнөйм (күлүп).

Төрт жыл мурун үйлөнгөм. Көпкө чейин балалуу боло албай жүрдүк. Анын үстүнө апам келинчегимди жактырбай, капа кылып койчу болду. Аялым ооруп, аябай арыктап кетти. Аны көрүп мен күн сайын нерв болом. Бир күнү апам менен келинчегимдин кезектеги урушунан кийин үйдөн чыгып досума жөнөдүм.

Үйүнө кирсем тим эле башкача атмосфера. Аяш апам менен аяшкам чогуу отуруп алып манты жасап жатышыптыр. Экөөнүн ортосундагы жылуу мамилени көрүп ыза болдум. Досум “жүр, сыртка сүйлөшүп отуралы”,-деди. Кыскасы, көйгөйүмдү айттым, балалуу боло албай жүргөнүбуздү жашырган жокмун. Досум унчукпай угуп отурду. Анан мындай деди.

“Баарына өзүң күнөөлүсүң. Аялың менен аяш апамдын ортосундагы мамилени күйөө катары жөнгө сала албадың. Аяшка нерв болуп, ооруп жатканын айттың. Анан кантип боюна бүтсүн? Жылуу сөз укпаса, сыйланбаса, сенден колдоо көрбөсө, жардам күтө албаса, албетте, чүнчүйт, ыза болот, маанайы түшөт. Мунун баары барып гормондоруна таасир этет. Сен эч нерсе кылбай туруп бала күтүп жатасың. Жок, досум, андай болбойт. Аялдын деле сабыры бүтөт, эртеби-кечпи бир күнү кетип калат. Ошондо каап дейсиң. Артынан чуркап, сүйүп алган жарыңды бапестей албасаң, күйөө болуп күйөө албасаң, аяшканын бактысын кармаба. Жүр тамак бышып калды, ичип алып кет.”

Мени аяйт деп ойлогом. Кайра катуу урушту. Дасторконунда отуруп аялына болгон мамилесин, аялынын ага болгон жылуу көз карашын көрүп чыдай албадым. Бир мантыны араң жеп, коштошуп чыгып кеттим.

Үйгө барсам келинчегим сыртта ойлуу отуруптур. “Жүр, бүгүн кафеге барып тамактанып келебиз”,-дедим. Таң калып карады. Экөөбүздүн ээрчишип кетип жатканыбызды көргөн апам кайда экенин сурады. “Айтурган аябай чарчады, көптөн бери ооруп дагы жүрөт, сыртка чыгып сейилдеп келели”,-дедим. Ошондо келинчегим апама бурулуп, “жүрүңүз апа биз менен”,-деди. Мени албай кетип жатат деп көңүлү түшүп калган апам кудуңдаган бойдон сумкасын алганы жөнөдү. Көрсө, досумдун айтканы чын экен. Баары менден көз каранды болорун эми түшүндүм. Үчөөбүз ал күнү үйгө башкача маанай менен кайтып келдик.

Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт.

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Аялым апама бакырып жатса унчукпай карап турдум

Аялым каза болгондон кийин эч ким эмес экенимди түшүндүм

Кайын энем “жеңеңер кызматчыңар эмес” деп мени коргоп балдарын урушат

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт