Стипендиялык программалар: Кытайга окууга кабыл алуу башталды
Кытай Эл Республикасы тарабынан Кыргыз Республикасынын жарандарына 2019-2020-окуу жылына бакалавр, магистратура, докторантура жана тил стажировкасына 14 мамлекеттик стипендия бөлүндү.

Бакалавр жана кытай тили стажировкасына катышуу үчүн төмөнкү документтерди тапшыруу зарыл:
- Арыз;
 - Анкета;
 - Англис жана орус тилдеринде резюме;
 - Паспортунун көчүрмөсү;
 - Англис тилине которулган жана нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн орто билим жөнүндө аттестаты же окуудагы жетишкендиги тууралуу табелдин көчүрмөсү;
 - Кытай тилин билүү деңгээлин тастыктаган (HSK) күбөлүк (милдеттүү түрдө);
 - Англис тилин билүү деңгээлин тастыктаган (TOEFL, IELTS) күбөлүк (милдеттүү эмес);
 - 3х4 өлчөмүндөгү 6 сүрөт;
 - Кытай Эл Республикасына кетип жаткандар үчүн медициналык маалымкат жана ВИЧ СПИД жоктугу жөнүндө күбөлүк (түп нускасы + 1 көчүрмө);
 - Окуу жайы тарабынан эки сунуш кат (англис тилинде);
 - Үй-бүлөнүн курамы жөнүндө маалымат.
 

Магистратура жана докторантура программаларына катышуу үчүн керектүү документтер тизмеги:
- Арыз;
 - Анкета;
 - Англис жана орус тилдеринде резюме;
 - Паспортунун көчүрмөсү;
 - Англис тилине которулган жана нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн диплому же окуудагы жетишкендиги тууралуу табелдин көчүрмөсү;
 - Кытай тилин билүү деңгээлин тастыктаган (HSK) күбөлүк (милдеттүү түрдө);
 - Англис тилин билүү деңгээлин тастыктаган (TOEFL, IELTS) күбөлүк (милдеттүү эмес);
 - 3х4 өлчөмүндөгү 6 сүрөт;
 - Кытай Эл Республикасына кетип жаткандар үчүн медициналык маалымкат жана ВИЧ СПИД жоктугу жөнүндө күбөлүк ( түп нускасы + 1 көчүрмө);
 - Окуу жайы тарабынан эки сунуш кат (англис тилинде);
 - Үй-бүлөнүн курамы жөнүндө маалымат;
 - Илимий изилдөө макалалардын көчүрмөсү (эгер болсо);
 
Кытай Эл Республикасынын жогорку окуу жайларына тандоо 2019-жылдын 4-5-мартта конкурстук негизинде өтөт.

Конкурска катышуу боюнча критерийлер:
Арыз берген учурда конкурстук тандоонун катышуучулары:
- Бакалавр программасы боюнча – 18 жаштан 25 жашка чейин;
 - Магистратура программасы боюнча - 35 жашка чейин;
 - Докторанттар программасы боюнча - 40 жашка чейин;
 - Кытай тил стажировкасы программасы боюнча – 18 жаштан жогору болушу керек.
 
Документтер 2019-жылдын 1-мартына (саат 17.00) чейин тапшырылышы зарыл!
Дареги: Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги, 220 кабинет
Маалымат үчүн байланыш телефону: 0 (312) 62 15 19.
Жүктөп алуу: Анкета.docx
