// //

Өзүңүздү Шерлок Холмс сезгиңиз келсе бул табышмактарды табыңыз

2021.08.24, 16:44
2049

Ой жүгүртүүңүздүн курч жана кенен экенин билгиңиз келеби? Анда төмөнкү тапшырмалардын жообун табып көрүңүз. 

Жообун караганга шашылбаңыз. Табышмактын кызыгы кетип калат. 

1-табышмак

Киши өлтүргүчтүн өзгөчө бир методу бар. Ал адамдарды уурдап эки таблетканын бирөөсүн тандап ичүүнү талап кылчу. 

Бир таблетка эч кандай зыян берчү эмес. Экинчиси уулуу болуп, аны ичкен адам дароо өлчү. Тандоодон калган таблетканын бирин киши өлтүргүч өзү иччү. 

Уурдалган адам тандаган таблеткасын суу менен ичип, ошол замат мерт кетчү. Адам өлтүргүчкө дайыма зыянсыз таблетка калчу. 

Эмне үчүн дайыма уусуз дары киши өлтүргүчкө калчу? 

2-табышмак

Детективге түрмөдөн качкан кылмышкерди табуу тапшырмасы берилди. Ал кылмышкер ушул үч үйдүн биринде жашынып жатканын билчү. Бирок кылмышкерди коркутуп албоо үчүн так даректи билүү маанилүү.

Башында дрондун жардамы менен үйдү үстүнөн тартып алды. Сүрөттү көргөн детектив качкындын кайсы үйдө экенин дароо билди. 

Түрмөдөн качкан кылмышкер кайсы үйдө?

3-табышмак

Детектив сейил бакта жүрүп жансыз эркектин жанын таап алат. Ал жансыз адамдын чөнтөгүнөн телефонун алып аялына чалат. “Сиздин жолдошуңуз өлүк, тезинен келип калыңыз”. 

Бир нече убакыттан кийин аялы келет. Детектив дароо эле аялынын камоого алып кетет. 

Эмне үчүн андай кылды? 

Туура жооптор:

1-тапшырма. Уу ичкен сууда болчу. Таблеткада эч кандай уу жок. 

2-тапшырма. Туура жообу А варианты. Анткени авто унаа жолду карап, дароо качып кеткенге ылайыкталган. 

3-тапшырма. Детектив жансыз адамдын аялына даректи айткан эмес. Эгер аялы өлтүрбөсө, өлүк жаткан даректи билбейт болчу. 

Мындан башка тесттерден өтүүнү кааласаңыз бул жерди басыңыз.

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт