// //

"Лидер" жөнүндө

2018.02.28, 14:29
16001

Өспүрүмдөр арасында “Лидер” деген ким, кандай сапатттарга ээ, мен канткенде лидер болом деген суроо күч. Айрымдары муштум менен лидер болгусу келсе, кээ бирлери акылы менен алдыңкы болугусу келишет. Учурда шаар жана айыл жергесиндеги жаштарды бириктирип иш алып барып жаткандар да жок эмес. “Лидер” жаштар клубунун негиздөөчүсү Союзбек Надырбеков ой бөлүштү.

  • Лидер деген ким?

Лидер – бул алдыга койгон максатына, иш- аракеттерине пикирлештери менен биргеликте, тайманбай, эч нерседен коркпой иш алып барган инсан. Лидер деп бирөөлөрдүн үстүнөн башкарып иш кылган адамды түшүнбөшүбүз керек. Ал топтогон тобу менен биргеликте алдыга чоң план коюп, тоскоолдуктарга карабастан максатына жете билген адам.

  • Лидер кандай сапаттарга ээ болуусу керек?

Биринчиден лидер чынчыл, айткан сөзүнө турган, башкага үлгү болгон, кылган ишинин майын чыгара аткарган, жоопкерчиликтүү болушу керек. Кандай гана оор кырдаалдар болбосун тобун таштап кетип калбай, аларга күч берип, кыйынчылыктан бирге чыгып кетүүнүн жолун таба билген сапатка ээ болуусу кажет. Эң негизги сапат өзүнүн керт башын эмес, ага ишенип, лидер кылып шайлаган командасын ойлоосу керек. Жоопкерчиликти моюнуна алып, көп жумушту бүтүрсө дагы “мен кылдым” дебей, “бул ишти биз аткардык” деген жалпычылык позицияны көтөрө билүүсү абзел.

  • Адамдын лидер боло алаарын кантип билсе болот?

Лидерликтин бар экенин анын жүрүм-турумунан, кылган ишинен, адамга кылган мамилесинен, көпчүлүк менен иш алып баруусунан, жоопкерчиликти көтөрө билгенинен баамдап билсе болот. Себеби лидерде болгон сапаттар баардык адамдарда боло бербейт. Айтаарым өзүнүн көйгөйүн же күнөөсүн башкага оодара коё салган, күнөөсүз болсо да актана берген адам эч качан лидер боло албайт.

  • Жетекчи менен лидердин айырмасы?

Жетекчи, “мен шефмин, менин буйругумду аткарышыңар керек” деген адам. Ал эми лидер “биз биргебиз, алдыдагы иштерди биргеликте аткарабыз” деген инсан. Эгерде кандайдыр бир ийгиликтер болсо жетекчи, “мен кылдым” дейт, лидерлер “биз кылдык, бул биздин команданын иши” дейт. Бирок баардык жетекчилер мындай эмес, лидер жетекчилер да бар.

  • Лидер болуп калыптануу баардык адамдын колунан келеби?

“Адам - инсан болуп төрөлбөйт, инсан болуп калыптанат” деген жакшы сөз бар. Ошондой эле адам дагы лидер болуп төрөлбөйт, лидер болуп калыптанат. Эгер өзүнүн үстүнөн иш алып барса, билимин күндөн-күнгө тереңдетип лидерлик сапатка ээ болсо. Эң негизгиси каалоосу керек. Лидер болуу бул чоң жоопкерчиликти моюнга алуу.

Сиздерге мени лидерлик сапатка ээ болууга себеп болгон бир окуяны айтып берейин.

Деңиз үстүндөгү согуш учурунда аскерлерди топ-топко бөлүп, ар бирин бирден кемеге жайгаштырган. Анан албетте жоокерлерге башчы болуп, жол көрсөтсүн деп бирден адмирал шайлашат. Башчылардын арасынан биринчиси “менин артыман”, экинчиси “алга!”, үчүнчүсү “биз бир кемедебиз” деген ураан менен иш алып барат. Жыйынтыгында “менин аркаман” деген жетекчиси өзү биринчи жаракат алып аны менен кошо жоокерлери да жарадар болуп жеңилүүгө дуушар болот. Экинчи бөлүктө өзү артка туруп алып согуштун тактикасын жакшы билбеген жоокерлерин алдыга коё берген адмирал дагы жеңилүү ызасын тартат. Үчүнчү “биз бир кемедебиз, жеңсек чогу жеңебиз, өлсөк чогуу өлөбүз” деген шык менен согушка аттанган топ жеңишке ээ болот.

Мен үчүн бул таасирдүү сабак болгон, менин оюмча үчүнчү топтун башчысындай командасына күч, шык бере алган, аларга ишеним түзүп берген адам чыныгы лидер деп айта алам.

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт