// //

Келинимди кетирип, уулума өзүм каалаган кызды алып бергениме катуу өкүндүм

2021.08.20, 18:18
27261

Bilesinbi.kg окурмандарынын баштан өткөргөн ар түрдүү окуялары менен бөлүшүп келет. Бул ирет окурманыбыздын катын жарыялайбыз. Эгер сизде дагы кызыктуу баян бар болсо, бизге жөнөтүңүз.

Бармагымды ушундай катуу тиштедим. Оорутту. Бирок баары кеч эле. Бир мүмкүңчүлүк болсо, мурунку баламды, келимнимди катйрапы алып, тынч жашай бермекмин. Жаңылмайын жакшынын баркын түшүнбөйсүн деген чын экен. Аттиң...

Уулум бир кыз менен сүйлөшүп жатканын айтканда эле баарын токтот дедим. "Жумаш эжеңдин кызын аласың, баары бүттү!" Ошондон кийин балам мени менен сырларын бөлүшпөй калды. Энедей болуп сүйүүгө жолукканын куттуктап, ким экенин сурап койсом көңүлү көтөрөлүп калмак беле... 

Күн сайын жумушунан келгенде сурай бердим. "Ай, бүтүрдүңбү тиги мамилеңди", "ай, жоготтуңбу тиги кызыңды", "ай, Жумаш эжеңдин кызы менен сүйлөштүңбү"ж.б.

Жоолук салбай артымды карап басып кеттим. Өжөрөнүп өз бактысына жеткиси келгенине ачууландым. Балам чуркап келип жалдырады.

- Мен сага Жумаш эжеңдин кызын аласың дедим беле?!

- Апа, мен аны сүйбөйм...

- Токтотчу былжырабай, сүйүүнү сага ким коюптур!

Эптеп кетириштин айласын издедим. Келиним жасаган иштерди жактырбадым. Катуу уруштум, кыйнадым, көңүлүн оорутчу иштерди жасадым. Балам экөө тил табыша албай таарынып кетишсе, жарашпаса экен деп тиленчүмүн. Азыр мунун баарын эстеп алып өкүнөм. 

"Апалап" алдынма түшсө дагы бир жолу жылуу сөз айтпадым. Акыры уулум экөө эки жолго түшүштү. Уулум мен каалагн кызды алды. Мына, эми бактылуу болом дедим. Эмнегедир эки эсе бактысыз болдум.

Уулум ичкиликке бериле баштады. Үйгө келбейт. Жумушунан дагы айдалып кетти. Аялы ажаан болуп чыга келди. Ананчы, күйөөсү тигинтип жүрсө. Тынч үйүбүздө күндө уруш. Бул бир адатка деле айланып калды. 

- Балам, жок дегенде балдарыңды ойлочу...

- Бирөөнү сүйүүнү мага ким коюптур апа, туурабы?

- Аны сага ким айтты?

- Сиз.

Мурда айткан сөздөрүмдү эстедим. Бул келиним акыры балдарын алып кетип калды. Эми неберелимди сагынып отурам. Балам күндөн-күнгө ичип барат. Өз колум менен жашоосун талкаладым. Жумаштын кызын алса бактылуу болот дегем. Эмне үчүн экенин деле билбейм.Бирок, балам эмес мен бактылуу болдум. 

Өкүндүм. Бир кездеги маңдайы жарык келинимди сагындым. Баарын артка кайтарып алгым келди. Бирок, жашоо мени жазалады. Мен буга татыктуумун. Күн сайын эртең менен уулумдан кечирим сурайм деп чыгынам. Бирок, эрким жетпей келет.

Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт.

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Кайын энем “келиниме машина алып бер” деп күйөөмдү урушту

Балам кошунабызды “менин атам ошо болсо сонун болмок” деп оозумду ачырды

Күйөөм апамдын байпактарын жууп жатса, кайын энем келип ызы-чуу салды

Үйлөнгөн досумду куттуктап барсам, көшөгөдө келинчегим отуруптур

376 тууганымдан көрбөгөн жакшылыкты делдең кулак кошунамдан таптым

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт