// //

Кайын энемдин биринчи никемдеги балама айткан сөзү таң калтырды

2021.08.14, 16:17
11139

Bilesinbi.kg окурмандарынын баштан өткөргөн ар түрдүү окуялары менен бөлүшүп келет. Бул ирет окурманыбыздын икатын жарыялайбыз. Эгер сизде дагы кызыктуу баян бар болсо, бизге жөнөтүңүз.

Кайын энелер жөнүндө айтылган жаман сөздөргө ишенбегиле. Жакшы адамдар бар. Ооба, алар аз, бирок бар. Бул нерсени мен так айта алам. Анткени, андай жакшы адамдын бирөөсү менен чогуу жашайм. Ал менин алтындай кайын энем.

Балам экөөбүздү турмуш чүнчүтүп бүткөн. Экөөбүз атасынан жакшы сөз укпадык. Мага кол көтөрөт, баласын сөгөт. Атасы мындай, чоң энеси дагы андан кем калбайт. Каргыш айтуу боюнча дүйнө чемпионатына барса болчудай. Небереси башында жанына чуркап барчу. Тосуп алгандын ордуна кагып салат эле. Кийин ал келгенде кадимкидей эски шкафтын артына бекинип алчу. 

Ажыраштым. Минтип жашоо болбой калды. Баламдын келечегине балта чапкым келбеди. Менин тандоом үчүн, анын жабыркашын каалабадым. Биз бакытка татыктуубуз деп ойлодум. Белгисиздиктен, ачкалыктан коркподум. Жашоо мени сындыргысы келди. Сынбадым. Балам үчүн сынбадым.

Экинчи турмушумдан бакыт таптым. Күйөөмдүн сүйүүсүнө бөлөндүм. Кайын-журттан сый күттүм. Бир учурдагы байкуш келин, кичүү, эрке келинге айланды. Көздөрүм жайнап чыкты. Ак чачтарым карайып, жүзүмө нур түштү. Жоголуп кеткен сулуулугум кайтып келди.

Сыртта тоокторго жем чачып жүргөм. Балам менен кайын энем үйдө токоч жасап отурушкан. Экөөнүн сүйлөшкөнү ачык терезеден мага угулуп жатты.

- Алдыңан кетейин, иий, ошентип камырды тоголоктой бер. Азыр сага чоң апаң сонун май токоч жасап берет. Ий, садагаң болоюн.

- Мен желмогузмунбу. 

- Ыя ботом, аны сага ким айтты?

- Мурдагы чоң апам. Ал мени желмогуз дечү. Анан жамансың дечү. Анан урчу.

- Өзү желмогуз. Аныбы шашпа! Менин неберемди таарынтканын кара. Көңүлүңө алба балам. Билесеңби, эмнеге ал антип айткан?

- Эмнеге чоң апа?

- Анткени, сенин чыныгы чоң апаң менмин. 

- Мени таштап кайда жүрдүңүз?

- Секетиң болоюн, сени таштабай, издеп жүрбөдүмбү. Сен менин алтындай неберемсиң. Кана, камырың даярбы?

- Ооба, чоң апа! 

Көзүмө жаш алдым. Тооктор эбак жердеги жемди жеп бүтүп, мени карап турушуптур. Ичимдеги баламды сылап, ыйлап тура бердим. Жок, бул бакыттын ыйы эле. 

Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт.

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Кайын энем “келиниме машина алып бер” деп күйөөмдү урушту

Балам кошунабызды “менин атам ошо болсо сонун болмок” деп оозумду ачырды

Күйөөм апамдын байпактарын жууп жатса, кайын энем келип ызы-чуу салды

Үйлөнгөн досумду куттуктап барсам, көшөгөдө келинчегим отуруптур

376 тууганымдан көрбөгөн жакшылыкты делдең кулак кошунамдан таптым

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт