// //

Даттанба, мүмкүнчүлүктөрдү изде! Джек Манын ийгилик сырлары

2021.08.13, 11:15
2632

Сүрөтү Forbes журналына басылып чыккан Кытайдагы биринчи бизнесмен. Кытайдын эң бай адамы жана дүйнөдөгү бай адамдардын тизмесинде 18 – орунда турат. Байлыгы 29,7 миллиард доллар. Анын аты -  Джек Ма, Аlibaba.com’дун негиздөөчүсү. 

  1. Баш тартууларга көн

Кирүү экзамендеринен 3 жолу кулагам. Жумуш издеп 30 жолу арыз таштагам. Полицейский болуп иштегим келчү, жумушка орношкону барсам, 5 каалоочудан 4өөнү алып, мага “жетишээрлик жакшы эмессиң” деп айтышкан. KFC Кытайга тармактарын ачып баштаганда ал жакка да бардым, 24 адамдын 23ү кабыл алынды, менден дагы баш тартышты. Андыктан мен баш тартууларга көнүп калгам. И баса, Гарвардга окугум келип 10 жолу арыз бергем. Баш тартышаарын билгем, болгону дагы бир ирет ынанып коёюн дегем. Азыр алар өкүнүп жатат.

  1. Кыялыңды сакта

Алибабанын сырдуу коду -  “сезам ачыл”. Ар бир адамдын сырдуу коду - кыялды сактай билүү жөндөмдүүлүгү. Себеби бир күнү кыялдар орундалып калышы мүмкүн. 

  1. Корпоративдик маданият жөнүндө ойлон

Башында 18 адам болчубуз, азыр 20 миң кызматкерибиз бар. Ар бирин баалайбыз жана алар кардардын пайдасы үчүн иштешин көзөмөлдөп турабыз. Андыктан, биз жөн гана акча жасабайбыз.

  1. Көрө албастардын ой-пикирин кабыл алба

Alipay тууралуу идеямды адамдарга айтсам, көпчүлүгү акылсыз бир идея дешкен. Акылсызбы же жокпу билбейм, айтоор азыр аны 800 миллион адам колдонот.

  1. Эргүү издегиле

Мен көп нерселерди кинолордон үйрөндүм. “Телохранитель”  деген тасмадан Уитни Хьюстондун ырдап жатканын көрүп, кандай болсоң ошондой болуп, жүрөгүңдөн жасасаң, баары жакшы болоорун түшүндүм, мындайча айтканда сүйлөгөндү үйрөндүм. Сүйүктүү кинолорумдун бири “Форрест Гамп”.

  1. Оюңду топто

Көптөгөн идеяларга жок дедим. Себеби аткаруучу директор болгондуктан, кээ бир мүмкүнчүлүктөрдөн баш тартууга туура келет. Эгерде оба десем, эң аз дегенде күнүнө 5000 жакшы идея кабыл алмакмын.

Кабыл алуу же баш тартуу болобу айырмасы жок, мен бизнести жөнөкөйлөтүү принцибин карманам. Эгерде идея буга багытталса ойлонуп көрөм. Бирөө келип алып, “укчу, биз көп акча жасай алабыз”, - десе мен үчүн ал кызыксыз.

  1. Жакшы аталыш ойлоп тап

Ишимди жаңыдан баштап жатканда, интернет глобалдуу тармак, демек биздин компаниянын аты Yahoo сыяктуу кызыктуу жана эл аралык болуш керек дедим. Көп күн ойлондум, анан бир күнү акылыма Алибаба деген аталыш келди. Ал күнү Сан-Францискодогу жайлардын биринде тамактанып жаткам. Официант кыздан минтип сурадым:

- Сен Алибаба тууралуу билесиңби?

- Оба.

- Эмнелерди билесиң?

- Сезам ачыл.

- Супер!

Сыртка чыгып адамдардан сурай баштадым. Баары 40 карачы, сезам тууралуу айтып жатышты. Ошентип бул мыкты аталыш экен деп түшүндүм.

  1. Кардар биринчи орунда

Компаниябыз үчүн биринчи орунда кардар, экинчиде кызматкер, үчүнчүдө акционерлер турат. Эсимде, акцияларды жаңыдан сатып баштаганда, көбү “Джек, бизге сат, биз туруктуу акционер болобуз”, - дешкен. Кризис келгенде баары кайдадыр качып кетишти. Жанымда менин адамдарым, кардарларым калды.

  1. Даттанба, мүмкүнчүлүктөрдү изде

Көпчүлүк адамдар "бактылуу мүмкүнчүлүктөр кайда",- деп даттанышат. Бактылуу мүмкүнчүлүктөр көйгөйлөр жаткан жерде.

  1. Өзүңдү жумушка арна

Жасап жаткан жумушуңду сүй, ага ишен.

А сиз жашооузда кандай баш тартуулага дуушар болгонсуз? 

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт