// //

Эмгек миграциясы: жумушчу күчүнүн көчүүсүн мындан ары токтотуу мүмкүн эмес

2021.06.28, 18:48
1742

Эмгек миграциясы көптөгөн өлкөлөр, анын ичинде Кыргызстан үчүн да маанилүү чындык бойдон калууда.

Эл аралык эмгек уюмунун эксперттери бир катар КМШ өлкөлөрүндөгү кырдаалды талдап чыгып, эмгек миграциясы Азербайжан, Армения, Грузия, Кыргызстан, Тажикстан жана Өзбекстандын жарандары үчүн жашоо мүнөзүнүн бир бөлүгүнө айланып, 1990-жылдардагы экономикалык каатчылыктын кесепеттерин жумшартууга, ал эми өлкөлөргө чет өлкөлүк валюталардын туруктуу агымын камсыз кылууга мүмкүнчүлүк берди деген тыянакка келишти. 

Кыргызстандын Улуттук банкынын маалыматы боюнча 2020-жылы эмгек мигранттарынан которулган акча 2 миллиард 377 миллион долларды түздү, бул 2019-жылга салыштырмалуу 30 миллион долларга аз, бирок божомолдор өтө пессимисттик болгонуна карабастан - өлкөнүн Экономика министрлиги таажывирус пандемиясына байланыштуу агымдын олуттуу төмөндөшүн күткөн, бирок кырдаал кыйла жагымдуу болуп чыкты.

Эл аралык эмгек уюмунун эксперттери “Эмгек миграциясы жана жумушсуздук” веб-семинары үчүн презентациясында төмөнкүдөй сандарды келтиришет: 2019-жылы Кыргызстанда мигранттардан түшкөн которуулар калктын киши башына 373 долларды, 2018-жылы - 425 долларды түзгөн:


Ошол эле материалдарда 2019-жылы мигранттар которгон акча өлкөнүн ИДПсынын дээрлик үчтөн бир бөлүгүн - 28,5%ды түзгөндүгү көрсөтүлөт.

ЭЭУнун эксперттери 2019-жылы башталган экономикалык каатчылыктан улам Кыргызстандын 811 эмгек мигрантынын жоготкон акча которууларын компенсациялоо үчүн өлкөдө 2 378 жумуш ордун түзүү керек деп эсептешет. Төмөндө келтирилген слайддан Кыргыз Республикасынын башка өлкөлөргө карата абалын баалоого болот:

Миграциялык процесстер КМШ өлкөлөрүн тийип эле өтпөстөн, жылдан жылга көбөйүп жаткандыгын белгилей кетүү керек: 2019-жылы дүйнөдө 281 миллион эмгек мигранты эсептеп чыгарылган, бул 2000-жылдын деӊгээлине салыштырмалуу 180 миллионго көп. Булардын экономикалык мигранттар деп аталган басымдуу көпчүлүгү - орто кирешелүү өлкөлөрдөн чыккан адамдар жана алардын көпчүлүгү өнүккөн өлкөлөргө көчүп кетишет. Мурунку СССР өлкөлөрүнөн келген адамдар үчүн бул негизинен Россия.

Бир нече жыл мурун ЭЭУ өзүнүн изилдөөлөрүндө Кыргызстандан барган эмгек мигранттарынын социалдык портретин сүрөттөгөн: булар 20-35 жаш курагындагы кыргыз улутундагы адамдар.

Алардын көпчүлүгү эркектер, мигрант аялдардын пайызы 30%дан 38%га чейин өзгөрүлүп турат. Чет өлкөгө иштөөгө кеткендердин көпчүлүгүнүн мектептеги эле билими бар, айрымдары кесиптик техникалык окуу жайын аяктаган.

Бул тенденция азыркы учурда дагы сакталып келүүдө. Жалпысынан, 15тен 29 жаш курагындагы улан-кыздардын жумушчу күчүнүн курамында катышуу деңгээлин баалоо менен, Эл аралык эмгек уюмунун эксперттери мектепке барбаган эркектер аялдарга караганда жогору жана бул көрүнүш Кыргызстан үчүн да мүнөздүү деген жыйынтыкка келишкен. 

Эл аралык эмгек уюмунун эксперттери жумушчу күчүн жеткирип берүүчү өлкөлөрдө жаштар арасындагы жумушсуздук улгайган адамдарга караганда ар дайым жогору экендигин баса белгилешти. Негизи эле бул нерсе адамдарды чет өлкөлөрдө жумуш издөөгө түртөт. Мында бул көйгөйгө эркектерге караганда аялдар көбүрөөк кабылышат. 


Бирок, эмгек мигранттарынын дээрлик жарымы өз өлкөсүндө орто деңгээлдеги персоналдардын ордун ээлешкен, алар барган мамлекетте да ушул сыяктуу кызматтарда иштешкендиги кызыктуу факт:


Таажывирус пандемиясынын кесепетинен келип чыккан каатчылык бардык өлкөлөрдүн экономикаларына олуттуу таасирин тийгизип, көптөгөн чечилбеген көйгөйлөрдү ачыкка чыгарууда, бирок ал түбөлүккө созулбайт, анткени азыр эле көптөгөн мамлекеттер, анын ичинде Россия, бир катар адистиктер боюнча, анын ичинде мурда салттуу түрдө КМШ өлкөлөрүнөн келгендер ээлеп алган жумушчулар боюнча кандайдыр бир жетишсиздикти сезип жаткандыгын билдиришти.

ЭУУ божомолдогондой, COVID-19га каршы эрте эмдөө дүйнөлүк экономиканын бардык тармактарын өнүктүрүүгө түрткү болууга тийиш жана анда эмгек мигранттары дагы өз ордуларын таап калышы мүмкүн.

 ЭЭУнун “Эмгек миграциясы жана жаштар арасындагы жумуштуулук/жумушсуздук” вебинарынын материалдары боюнча даярдалды. Жумуш орундарын түзүү аркылуу КМШ өлкөлөрүндө экономиканы калыбына келтирүү жолдору.

Авторлор: Филипп Эггер жана Пер Роннас



Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт