// //

Эмгек майрамы - жарандардын коопсуз эмгекке болгон укугун эске салган күн

2021.05.03, 18:08
1156

1-майда Кыргызстанда Эмгек майрамы белгиленет. Майрамдын тарыхы 19-кылымда Австралияда жана АКШда башталса дагы, өлкө үчүн ал Советтер Союзунан башталат. Бул датанын өзү Кыргыз Республикасынын Конституциясында бекитилген адамдын негизги укуктарынын бири болгон эмгектин коопсуз шарттарын камсыз кылуунун жана Эл аралык эмгек уюму (ЭЭУ) тарабынан кабыл алынган татыктуу эмгек концепциясын ишке ашыруунун маанилүүлүгү тууралуу эсибизге салууга жакшы себеп болуп саналат.Татыктуу эмгек - бул кызматкерге эркиндик, адилеттүүлүк, коопсуздук жана адамдын кадыр-баркын сыйлай билүү шарттарында сүйүктүү иши менен алектенүүгө мүмкүнчүлүк берген эмгек.

1919-жылы ЭЭУ түзүлгөн учурдан тартып эмгек шарттары олуттуу өзгөрүлүп, жаңылангандыгына карабастан, кандай гана өндүрүштө болбосун коопсуздук темасы дагы деле болсо актуалдуу бойдон калууда. Себеби, көптөгөн өлкөлөрдө, анын ичинде Кыргызстанда жарандардын көпчүлүгү эмгектенип жаткан экономиканын расмий эмес секторуна бир топ күч келүүдө.

Эл аралык эмгек уюмунун баалоосу боюнча жыл сайын дүйнөдө 2,3 миллиондон ашуун эркек менен аял жумуш ордундагы күтүлбөгөн кырсыктардын айынан же кесиптик оорулардан улам каза болот, ал эми дүйнөлүк ички дүң өнүмүнүн төрт пайызы эмгектин начар шарттарынын жана күтүлбөгөн кырсыктардын кесепетинен улам жоголууда. КМШ өлкөлөрүндө жыл сайын болжол менен 12 миллионго жакын адам өндүрүштөгү кырсыктардын курмандыгы болот. 

ЭЭУ аймактын ар кайсы өлкөлөрүндөгү расмий статистика жылына өндүрүштө бир канча миң күтүлбөгөн кырсыкты жана кесиптик ооруларды каттагандыгын белгилейт. Анын себептеринин бири - отчеттуулуктун учурдагы системасы чакан жана орто бизнести жана расмий эмес экономиканы эске албай келет.

Ар кандай маалымат булактарынын берген маалыматы боюнча Кыргызстанда жылына болжол менен 120-130 күтүлбөгөн кырсык катталып, алардын үчтөн биринен көбү өлүм менен аяктайт. 

Эксперттер Кыргызстанда тоо-кен тармагында, курулуш, транспорт жана энергетика чөйрөлөрүндө жаракат алуу коркунучу жогору болуп эсептелет деп билдиришет.

Күтүлбөгөн кырсыктардын негизги себептери деп эмгекти коргоонун жана коопсуздук техникасынын талаптары менен ченемдерин сактабоону, жеке коргонуу каражаттары, керектүү материалдар, механизмдер, запастык бөлүктөр менен камсыз кылбоону, эмгекти коргоо кызматы тарабынан контролдун жоктугун же андай кызматтын таптакыр жоктугун, кызматкерлердин окутуулардан жана инструктаждан өтпөгөндүгүн аташат. 

Ошондой эле эмгек коопсуздугуна контролду жүзөгө ашыра турган кадрлардын жетишсиздиги, андан тышкары 2012-жылы түзүлгөн Мамэкотехинспекция ыйгарым укуктарынын чектелгендигинен улам контролдук иш-милдеттерин толук ишке ашыра албай келет: уюмдун кызматкерлери ишкердик субъектилерин  өзүнүн текшерүүлөрү жөнүндө алдын-ала кабарлоого милдеттүү, бул эгерде бузуулар бар болсо, аларды убактылуу четтетүү чараларын көрүү үчүн жетиштүү.

Мында бул инспекцияга жылына 1,5 миңге чейин ар кандай даттануулар жана арыздар келип түшөт жана телефон аркылуу консультациялар берилип турат. Бул ведомстводо жарандардын иш берүүчү менен өз ара аракеттенүүсүндө өз укуктарын билүүсү бузууларга каршы аракеттенүүнүн натыйжалуу жолу болушу мүмкүн деп эсептейт. Бул жагынан кесиптик бирликтердин ролу да чоң. 

Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык уюмдагы коопсуз шарттарды жана эмгекти коргоону камсыз кылуу боюнча милдеттер  иш берүүчүгө жүктөлөт (“Эмгекти коргоо жөнүндө” Мыйзамдын 11-беренеси).

Иш берүүчү төмөнкүлөрдү камсыз кылууга милдеттүү:

- имараттарды, курулуштарды, жабдууларды технологиялык процесстерди жүзөгө ашырууда, ошондой эле өндүрүштө колдонулуучу чийки заттар менен материалдарды пайдаланууда кызматкерлердин коопсуздугун;

- кызматкерлердин жеке жана жамааттык коргонуу каражаттарын пайдалануусун;

- ар бир жумуш ордунда эмгекти коргоо талаптарына ылайык эмгек шарттарын;

- Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарына ылайык кызматкерлердин эмгек жана эс алуу режимин;

- атайын кийим, атайын бут кийим жана башка жеке коргонуу каражаттарын,  жууп-тазалоочу жана зыянсыздандыруучу каражаттарды өз каражаттарынын эсебинен сатып алууга жана берүүгө;

- жумуштарды аткаруунун коопсуз ыкмаларына жана амалдарына үйрөтүүгө, эмгекти коргоо боюнча инструктажга, кызматкерлерди жумуш ордуларында стажировкалоого жана алардын эмгекти коргоо эрежелери менен ченемдери боюнча билимин текшерүүгө;

- белгиленген тартипте окутуудан, инструктаждан, стажировкадан жана эмгекти коргоо талаптары боюнча билимин текшерүүдөн өтпөгөн, ошондой эле талап кылынуучу жеке коргонуу каражаттарын пайдаланбаган адамдарды ишке киргизбөөгө;

- жумуш ордуларындагы эмгек шарттарынын абалына, ошондой эле кызматкерлердин жеке жана жамааттык коргонуу каражаттарын туура колдонуусуна контролду уюштурууга;

- эмгек шарттары боюнча жумуш ордуларын уюмда эмгекти коргоо боюнча иштерди кийинки тастыктамалоо менен аттестациядан өткөрүүгө;

- кызматкерлерди өз каражаттарынын эсебинен милдеттүү түрдө алдын-ала (ишке кирерде) жана мезгил-мезгили менен медициналык кароодон  өткөрүүгө;

- кызматкерлерге жумуш ордуларындагы эмгек шарттары жана эмгекти коргоо, ден соолугуна зыян келүүчү учурдагы тобокелдиктер, аларга тиешелүү компенсациялар жана жеке коргонуу каражаттары жөнүндө маалымат берүүгө;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталуучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга ыйгарым укуктарын жүзөгө ашыруу үчүн зарыл маалыматтарды жана документтерди берүүгө.

Мындан тышкары, иш берүүчү кырсыктуу жагдайларды алдына алуу, мындай жагдайлар келип чыккан учурларда кызматкерлердин өмүрүн жана ден соолугун сактоо, анын ичинде жапа чеккендерге биринчи жардам көрсөтүү боюнча чараларды көрүүгө; өндүрүштөгү кырсыктарды териштирүүгө; кызмат адамдарын, ошондой эле коомдук контролдоо органдарынын өкүлдөрүн уюмдагы эмгек шарттары жана эмгекти коргоо боюнча текшерүүлөрдү жүргүзүү, өндүрүштөгү күтүүсүз кырсыктарды жана кесиптик ооруларды териштирүү үчүн тоскоолдуксуз киргизүүнү камсыз кылууга; кызматкерлерди өндүрүштөгү күтүлбөгөн кырсыктардан жана кесиптик оорулардан социалдык камсыздандырууга милдеттүү.

Өз кезегинде, кызматкер дагы эмгекти коргоого өз салымын төмөнкүлөр аркылуу кошууга тийиш (“Эмгекти коргоо жөнүндө” Мыйзамдын 12-бер.):

- эмгекти коргоо маселелерин жөнгө салуучу ченемдик укуктук актылардын талаптарын сактоого;

- иш берүүчү тарабынан белгиленген Эмгек тартибинин ички эрежелерин сактоого;

- жеке жана жамааттык коргонуу каражаттарын туура колдонууга;

- жумуштарды аткаруунун коопсуз ыкмалары менен амалдарына окуп-үйрөнүүгө, эмгекти коргоо боюнча инструктаждан, жумуш ордунда стажировкадан жана эмгекти коргоо эрежелери менен ченемдери боюнча билимин текшерүүдөн өтүүгө;

- адамдардын өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч келтирген кандай гана кырдаал болбосун, өндүрүштөгү күтүлбөгөн ар бир кырсык жөнүндө же өзүнүн ден соолугунун начарлашы тууралуу, анын ичинде кесиптик оорунун же уулануунун курч мүнөздөгү белгилеринин пайда болушу жөнүндө түздөн-түз өзүнүн же жогору турган жетекчисине ошол замат билдирүүгө;

- алдын-ала (ишке кирерде) же мезгилдүү (иштеген мезгил ичинде) медициналык кароолордон (текшерүүлөрдөн) милдеттүү түрдө өтүүгө.

Эл аралык эмгек ченемдери эмгек чөйрөсүндөгү мыйзамдарды сактоо үчүн негиз болуп саналат. Алар ЭЭУ тарабынан иштелип чыгат жана эки формада - конвенциялар жана сунуштар түрүндө кабыл алынат.

Сунуштарда улуттук саясатты жана практикалык чараларды иштеп чыгуу үчүн жетектөөчү принциптер жана багыттар келтирилет, конвенция деп мүчө мамлекеттер тарабынан ратификацияланууга тийиш болгон эл аралык келишимдер түшүндүрүлөт.

Эл аралык эмгек уюму мамлекеттер тарабынан өздөрү ратификациялаган эл аралык эмгек ченемдеринин колдонулушун дайыма контролдоп турат. Контролдоо механизми кандайдыр бир олуттуу деӊгээлде өкмөттөрдүн мезгил-мезгили менен берген баяндамаларына негизделет. Иш берүүчүлөр менен кызматкерлердин бирикмелери дагы конвенцияны колдонуу маселелери боюнча маалымат берип, ой-пикирлерин билдирүү мүмкүнчүлүгүнө ээ. Кыргызстан дагы мындай отчетторду үзгүлтүксүз берип турат, мындан тышкары ЭЭУнун катышуусу менен Кыргыз Республикасында Эмгекти коргоо боюнча саресептер даярдалууда.

Мындан тышкары, 2000-жылдардын башында ЭЭУ жалпыга таанылган эл аралык принциптерге негизделген Эмгек коопсуздугун башкаруу системалары боюнча колдонмону  (ЭКБС) иштеп чыккан. Алар ЭЭУга кирген социалдык жана эмгек мамилелеринин үч жактагы өкүлдөрү: өкмөт, кесиптик бирликтер жана иш берүүчүлөр тарабынан аныкталган.

Документте кызматкерлердин коопсуздугун камсыз кылууга жана саламаттыгын сактоого тиешелүү ЭЭУнун баалуулуктары жана каражаттары чагылдырылган. Колдонмо сунуш берүүчү мүнөзгө ээ жана эмгекти коргоону башкаруу милдети жүктөлгөн бардык жооптуу адамдардын пайдалануусу үчүн арналган.

Колдонмолор юридикалык жактан милдеттүү болуп саналбайт жана улуттук мыйзамдарды, эрежелерди же кабыл алынган стандарттарды алмаштырууга багытталган эмес.

ЭКБС колдонмосунун коркунучтарды жана тобокелдиктерди азайтууга, ошондой эле өндүрүмдүүлүккө багытталгандыгы абдан маанилүү.

ЭЭУ бүгүнкү күндө эмгектин коопсуз чөйрөсүн камсыз кылуу – бул жакшы бизнес, квалификациялуу жумушчу күчүнө инвестициялоо өнүмдөрүнүн көлөмүн жана сапатын жакшыртуу, ишкананын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн түздөн-түз жогорулатуу мүмкүнчүлүгүн берет деп эсептейт.

Эл аралык эмгек уюмунун макалаларында: “Ошондой эле биз мурда орун алган зыяндуу жана кооптуу шарттарда иштегендиги үчүн компенсация төлөп берүү тажрыйбасы (“зыяндын ордун толтуруу” деп аталат) эскирип калган жана натыйжасыз, ал эми коопсуздукту алдын-ала инвестициялоо өндүрүмдүүлүктү жогорулатат деп эсептейбиз. Биз эмгек шарттарын туруктуу жакшыртуу иш берүүчүлөр менен ишкананын кызматкерлеринин ортосундагы кызматташтыкка, башкача айтканда эмгекти коргоодогу социалдык өнөктөштүккө негизделүүгө тийиш деп эсептейбиз, бул эмгекти коргоону башкаруунун комплекстүү жана туруктуу системасынын ажырагыс бөлүгү болуп саналат”, - деп айтылат (https://www.ilo.org/moscow/areas-of-work/occupational-safety-and-health/lang--ru/index.htm).

Дүйнө жүзү жаңы чакырыктарга дуушар болуп жаткан ушул күндөрдө коопсуздук жана эмгекти коргоо маселелери мындан дагы актуалдуулукка ээ болууда. Таажывирус пандемиясы көнүмүш нерселерди кайра баштан карап чыгууга  мажбур кылды, бирок жумуштун натыйжалуулугун камсыз кылуу жана саламаттыкты сактоо үчүн бардыгын уюштуруу зарылчылыгын кошумчалады. Кыязы, булардын бардыгы биз үчүн дагы бир топ убакытка чейин маанилүү болуп калышы мүмкүн.

 

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт