Мамлекеттик органдар жарандардын сурамдарына кантип жооп берет? Эксперимент
Kaktus.media 20 мамлекеттик органдын сайттарын анализдеп бүтүп, дагы бир эксперимент жасап көрүүнү чечти. Ушул эле мамлекеттик органдар сурамдарга канчалык тез жооп берерин билүү редакциялык почтадан жана жөнөкөй жаран катары электрондук кат жөнөтүп көрдү. Жыйынтыгы кандай болгонун төмөндөн окуй аласыз.
Мыйзамдарга ылайык, мамлекеттик органдар ММКнын сурамдарына 14 күндүн ичинде, ал эми жарандардын кайрылууларына 30 күндүн ичинде жооп бериши керек.
Эмне үчүн бул маанилүү
Мыйзамдар ушунчалык эскирип калгандыктан, мамлекеттик органдар анын артында жашынып алып, жарандарга гана эмес, өздөрүнө дагы көйгөй жаратууда.
Электрондук кайрылууларга жооп алуу өтө узак болгондуктан, жарандай айла жок ведомстволорго чалышат, же тааныштарынан сурашат, же убактыларын кетирип кеңселерине барууга аргасыз болушат. Же ММКга кайрылышат, анткени бул жол тезирээк. Же болбосо социалдык тармактардагы баракчаларына нааразы болгон пикирлерди калтырышат.
Ар кандай мамлекеттик органдар менен байланышуу мүмкүнчүлүктөрү бирдиктүү эмес, кээ бир функциялар иштебей дагы калышы мүмкүн. Бул адамдардын маалымат алуу укугун чектейт.
Албетте, мамлекеттик органдар мамлекеттин коом алдындагы жоопкерчилигин унутуп коюшкан. Алар аудитория үчүн керектүү маалыматтарды эмес, өздөрүнүн жаңылыктарын берүүнү отчеттуулук деп эсептешет.
Жообу өз убагында жөнөтүлгөн сурамдар
Журналист басма сөз кызматы менен жакшы тааныш болсо жана анын кызматкерлери өз милдеттерин түшүнсө, маалымат алуу тезирээк болот. Айрым мамлекеттик органдардан бир мүнөттүн ичинде маалымат алсаң, кээ бирлеринен расмий формалдуулуктарды сактоо керек.
10, 12 жана 25-февраль күндөрү редакциянын атынан мамлекеттик органдарга сурамдар жөнөтүлдү. Сурамдар көптөн бери "Кыргызпочтасы" аркылуу эмес, электрондук почта аркылуу жөнөтүлүп калган. Бирок айрым мамлекеттик органдар жоопторду почточу аркылуу жиберишкендиктен, адресатка кечигип келет.
Редакция сурам жөнөтүп жатканда суроолордон тышкары, маалыматты алуу үчүн сайтты анализдеп чыкканын, кандай көйгөйлөрдү чечсе болорун белгилей кетти. Белгиленген 14 күндүн ичинде МКК, БШК, Улуттук статистикалык комитет, Ички иштер министрлиги, ММК Фонду, Экономика министрлиги жооп берди.
БШКнын басма сөз кызматы сурам жөнөткөндөн бир күн өткөндөн кийин, 12-февралда байланышка чыкты. МККнын басма сөз кызматы сурам жөнөтүлгөндөн кийин жетинчи күнү, тактап айтканда 17-февралда WhatsApp аркылуу жооп берди.
Улуттук статистикалык комитет 25-февралда жөнөтүлгөн сурамга 3-мартта электрондук форматта жооп берди.
Ички иштер министрлиги 25-февралда жөнөтүлгөн сурамга 4-мартта электрондук почта аркылуу жооп жөнөттү. Министрлик редакция сураган Ош шаарындагы милиция кызматкерлери үчүн үйдүн курулушу жөнүндө айтып берди. Кырсыктардын статистикасы боюнча дагы бир суроону Башкы прокуратурага багытталганын билдирди. Демек, бул суроого маалымат алуу үчүн дагы бир жолу расмий сурам жазуу керек болот.
Редакция Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондуна кошумча төлөө боюнча реформа 2021-жылга пландаштырылып жатабы деген сурамды 25 -февралда жөнөткөн. Жооп 11-мартта келип, азырынча, кошумча төлөө саясатын жана тарифтерди кайра карап чыгууну пландаштырган ведомстволор аралык топ түзүлгөнү белгилүү болду.
Ошол эле учурда, ММК Фонду жана Улуттук Статистикалык Комитет сайттын анализи менен таанышып чыгышканын билдиришти. Аналитикалык макалаларды даярдоодо тез колдонула турган, машинада окула турган статистиканын жоктугун, Улуттук статистика комитети документтин PDF версиясын Улуттук статистика комитетине расмий кайрылууларды жөнөтпөй эле басып чыгарып, сотко берүүгө болот деп түшүндүрдү. Жалпысынан, бөлүмдүн жообу редакцияны канааттандырды.
Жооптору өз убагында келбеген сурамдар
Мамлекеттик салык кызматы редакцияга жолдогон кат 1-мартта жазылган, бирок Kaktus.media аны почта кызматкеринен мыйзамда белгиленген 14 күндүк мөөнөттөн кийин алды. Башкача айтканда, кат бир нече күн салык кызматынын бөлүмдөрүн кыдырса, редакцияга бир жумадан ашык убакытта жеткен. Эки барактуу жооптун ичинен эң кызыктуусу, МСК 2021-жылы КНСтин босогосун көбөйтүүнү же төмөндөтүүнү пландабайт жана чек арадагы эмгек мигранттары жана курьерлер ыктыярдуу патент менен иштей алышат.
12-февралда жөнөтүлгөн сурамга Бишкек шаарынын мэриясы 12-мартта үч барактык жооп жөнөттү: Түгөлбай Ата көчөсүн оңдоо жөнүндө, "Жанаша" үй администрациясы менен жашоочулардын чыр-чатагы тууралуу, ошондой эле структура катары акимиат болуш керек деп эсептейби же жокпу, өз ою менен бөлүштү.
18-мартта редакциянын почтасына Жогорку Соттон жооп келди. Сурамда редакция эмне үчүн айрым сот чечимдери сайтта жок экендигин, ошондой эле журналисттердин чуулгандуу сот процесстерине катышуусуна эмне үчүн тыюу салынганын сураган. Жообун кандай экен?
Бажы кызматынын каты 15-мартта даталанган, бирок "Кыргызпочтасы" аркылуу бир нече күнгө кеч келип түшкөн.
Саламаттыкты сактоо министрлиги, Финансы министрлиги, Билим берүү министрлиги, ЖК аппараты, өкмөттүк аппарат, Башкы прокуратура, ЖКККББ, Жогорку Сот, Экономика министрлиги жана Ош мэриясы редакциянын расмий сурамдарына жооп беришкен жок. Айыл чарба министрлиги дагы бир жолу өзгөчөлөнүп, редакциянын сурамына эмес, өзүнүн сайтына айтылган сын-пикирлерге жооп кайтарып, төгүндөө жөнөттү жана департаментте Telegram бот бар экендигин билдирди.
Жарандардын сурамдары
Суроолор мамлекеттик органдарга электрондук почта, социалдык тармактар же электрондук байланыш формасы аркылуу жөнөтүлдү. Эреже боюнча, ар бир мамлекеттик органга суроо берүү үчүн бирден үчкө чейинки ыкма колдонулган.
Билдирүү жөнөтүлгөндөн бир нече сааттан кийин жооп берген мамлекеттик органдар - Мамлекеттик каттоо кызматы жана Ош шаардык мэриясы. Биринчиси кайрылууда көрсөтүлгөн электрондук почтага жазган, экинчиси Фейсбуктагы суроого жооп берген.
Экинчи ПИНди эмне кылуу керек, бир адамда эки ИННдин болушу кандайча болуп калды жана бюрократия канчага созулат деген суроолорго, алар калкты тейлөө борборлору менен байланышып, арыз жазуу керек деп кыскача жооп беришти.
Ош шаардык мэриясы эмне үчүн муниципалитеттин сайтында туристтер үчүн маалымат жаңыртылбай калгандыгын экендигин сылык түшүндүрүп берди. Жоопко өзүңүз баа бериңиз...
Бишкек шаардык мэриясы суроого эртеси күнү жооп берди. Шилтемедеги маалыматтан Түгөлбай Ата көчөлөрүн Ибраимовдон Орозбековго чейин оңдоп-түзөө пландаштырылып жатканы көрүнүп турат. Бул 1,2 км жолду түзөт. Бирок көчөнү оңдоп-түзөө иштери 2019-2020-жылдардын иш планында болгондуктан, сайттагы маалыматтар эскирген. Кыскасы, көчө качан оңдолору жоопто түшүнүксүз.
Kaktus.media жана колдонуучунун көчөнү оңдоо боюнча окшош суроосуна болгон мэриянын жообу айырмаланып турат.
Жогорку Сот сот буйруктарын таба албаган колдонуучуну техникалык колдоого жөнөттү. Маалымат кызматы суроо берилгенден кийинки күнү жооп берген.
ЖКККББ 1-мартта жиберилген суроого, ведомство 10-мартта расмий каттын сканерлөөсүн жөнөткөн, бирок үч суроого тең жооп берген.
11-мартта Экономика министрлиги баалардын мониторинг жүргүзүү маселесине расмий жоопту (кол коюлган сканерленген документ жана өкмөттүн жана Жогорку Кеңештин эки токтому) жиберип, министрлер кабинети жана парламент бекиткен товарларга гана баалар каралып жаткандыгын маалымдады.
Ички иштер министрлиги 12-мартта электрондук почта аркылуу статистикалык маалыматтарды берүүгө Башкы прокуратуранын статистика жана бухгалтердик эсеп бөлүмү ыйгарым укуктуу деп жооп берди.
ММК Фонду билдирүүнү сайттагы электрондук форма аркылуу ким жөнөткөнүн божомолдоп билип койгон өңдүү. Электрондук почтага жооп (расмий жазуу жүзүндөгү жооптун сканери) 16-мартта келип түшкөн, адресат катары Kaktus.media редакциясы көрсөтүлгөн. Эгерде суроону жана жообун салыштырсак, анда ММК фондунун түшүндүрмөсү колдонуучуну канааттандырышы күмөн.
Эмне үчүн бул маанилүү
Мыйзам боюнча жооп берүү мөөнөтү өтө эле узак, бирок айрым суроолор шашылыш болуп калышы мүмкүн: мындайда жарандар мамлекеттик органдарга кайрылбастан маалымат алуунун башка жолдорун издеш керек.
Натыйжада, Саламаттыкты сактоо министрлиги, Финансы министрлиги, Мамлекеттик салык кызматы, Борбордук шайлоо комиссиясы, Билим берүү министрлиги, ЖК аппараты, өкмөттүк аппарат, Башкы прокуратура, Мамлекеттик бажы кызматы, Айыл чарба министрлиги жана Улуттук статистикалык комитет сурамдарга жооп берген жок. Ошол эле учурда, жаран суроосуна жооп күтүп турган мезгилде, аталган бөлүмдөр эмгек акыга жана башка чыгымдарга бюджеттен бөлүнгөн бир нече миллион сомду “жеп” салышкан.
Жооптордун мазмуну маалымат сураган адамды таптакыр канааттандырбайт. Эреже боюнча, чиновниктер кандайдыр бир ченемдик актылардын артына жашынышат, алардын айрымдары мезгил талаптарына жооп бербейт.
Материал ALDA - Европанын жергиликтүү демократия ассоциациясы жана Европа Бирлиги берген ресурстардын жардамы менен чыгарылды. Бул басылманын мазмунуна "ПроМедиа Плюс" компаниясы гана жооп берет жана ALDA же Европа Бирлигинин көз карашын чагылдырбайт.