Кош бойлуулук жана төрөт боюнча өргүү. Кыргызстанда иштебеген конвенция жөнүндө

2021.03.18, 15:14
736

Энелерди коргоо боюнча конвенция ушул убакка чейин Кыргызстан тарабынан ратификациялана элек.  Анын эмне үчүн маанилүү экендиги жана аялдын жашоосунун кайсы чөйрөсүнө таасир этери жөнүндө эл аралык эмгек уюмунун эксперттери айтып беришти.

Кыргызстанда аялдар эркектерге караганда көп. Улуттук статистика комитетинин маалыматы боюнча Кыргызстандын аялдар калкынын саны дээрлик 3 миллион 286 миңди, ал эми эркектер калкынын саны дээрлик 3 миллион 238 миңди түзөт. Ошол эле учурда, изилдөөлөргө ылайык аялдар эмгек рыногунда аялуу катмар болуп саналат, себеби COVID-19 пандемиясына чейин эле аялдар арасындагы жумушсуздук эркектерге караганда жогору болгон жана алардын олуттуу бөлүгү жогорку тобокелдик деп аталган тармактарда, анын ичинде расмий эмес сектордо иштеген.

Бирок салыштырмалуу “сандык артыкчылыкка” карабастан, Кыргыз Республикасында аялдар социалдык коргоо жана эмгек укуктары чөйрөсүндөгү бир катар көйгөйлөргө туш болушат, республиканын мыйзамдары ушул бөлүгүндө кандайдыр бир деңгээлде алдыңкы катарда болсо дагы, бирок берилүүчү кепилдиктердин камтылышы ар дайым эле жетиштүү боло бербейт. Муну Эл аралык эмгек уюмунун эксперттери дагы белгилеп келет.

Мыйзамдар базасын талдап бүткөндөн кийин Кыргызстандын Өкмөтү ЭЭУ тарабынан 2000-жылы кабыл алынган Энеликти коргоо жөнүндө №183 конвенциясын ратификациялоо жана аялдарды коргоо механизмдерин документтин ченемдерине ылайык камтууну акырындык менен кеңейтүү аркылуу энеликти коргоо чөйрөсүндөгү стандарттарды жакшыртуу ниетин билдирди.

 Конвенциянын өзү жөнүндө:

ЭЭУнун №183 конвенциясы жайылтуунун кеңири чөйрөсүнө ээ жана мамлекеттерди бардык иштеген аялдардын, көз каранды эмгектин типтүү эмес формаларында иштеген, анын ичинде расмий эмес экономикада иштеген аялдардын энелигин коргоо боюнча чараларды камсыз кылууга милдеттендирет.

Документ төмөнкүдөй негизги беш элементке негизделет:

 Кош бойлуулук жана төрөт боюнча өргүү.

  • Жумуш ордунда ден соолукту коргоо.
  • Акчалай жөлөк пулдар жана медициналык жардам.
  • Жумуштуулукту коргоо жана басмырлоого жол бербөө.  
  • Эмчек эмизүүнү уюштуруу.

Кыргызстанда эмне бар?

 ЭЭУ эксперттери Кыргызстандын мыйзамдар базасын талдап жатып, №183 конвенциянын бир катар жоболоруна толугу менен шайкеш келген абдан прогрессивдүү мыйзамдарга карабастан, аны ишке ашыруу дагы деле болсо идеалдуу эмес деген жыйынтыкка келишти.

Эл аралык эмгек уюмунун эксперттери эмнени баса белгилешти:

Бүгүнкү күндө кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөк пулдар менен эмгек келишими боюнча иштеген аялдар; патент боюнча иштеген аялдар; жумушсуздук боюнча жөлөк пул алууга укуктуу дыйкан (фермер) чарбаларынын мүчөлөрү жана жумушсуздар камтылган. Ошону менен бирге эле, өлкөдө кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөк пулдун өлчөмү 2006-жылдан бери жогорулатылган эмес жана товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн наркынын учурдагы абалына дал келбейт. Жөлөк пулдардын төмөнкү суммалары энелердин эс алуусуна жана калыбына келишине, ымыркайларды кадимкидей тамактандырууга, экономикалык жактан корголууну камсыз кылууга, энелердин жана алардын балдарынын саламаттыгына жана бакубатчылыгына жардам бербейт.

Кыргызстанда кош бойлуулук жана төрөт боюнча өргүүнүн узактыгы 126 календардык күндү (18 жуманы) түзөт, бул №183 конвенция тарабынан белгиленген минималдуу стандарттан ашат жана ЭЭУнун 191-сунушуна ылайык келет.

Мында расмий эмес жумуштуулуктун жогорку деңгээли мындай жол менен иштеген аялдарга кош бойлуулук жана төрөт боюнча өргүүгө чыгууга, жетиштүү деңгээлде социалдык коргоого жана медициналык жардам алууга мүмкүнчүлүк бербей тургандыгы белгиленет.

Айыл жериндеги аялдар дагы ушундай абалда. Кыргызстанда аялдардын 65%ы айылдарда жашашат, ал жерде көптөгөн көйгөйлөргө, анын ичинде жакырчылыкка, расмий эмес жумуштуулукка, кош бойлуу жана энелик мезгилинде коргоонун жоктугуна дуушар болушат.

Кырдаалды жөнгө салуу үчүн айылдык аялдардын расмий сектордо жумушка орношуусун камсыз кылуу боюнча эффективдүү чараларды көрүү зарыл, бул аялдарга кош бойлуу жана энелик мезгилинде корголууга мүмкүнчүлүк бермек.

 Дагы эмнелер бар?

Тилекке каршы, Кыргызстандагы энелер өлүмүнүн коэффициенти КМШ өлкөлөрүндө жогорку көрсөткүчтөрдүн бири болуп саналат. Расмий маалыматтарга ылайык энелер өлүмүнүн негизги медициналык себептери болуп көбүнчө төрөттөн кийинки мезгил менен байланышкан оордошуулар, ошондой эле кош бойлуу мезгилиндеги гипертензиялык бузуулар саналат. Көп учурларда кош бойлуулук жана төрөт жакырчылыктын факторлору, аялдар төрөгөнгө чейин иштөөгө мажбур болуп, социалдык жана медициналык кызмат көрсөтүүлөргө жетүү мүмкүнчүлүгүнүн чектелиши менен коштолот, бул энелер өлүмүнүн тобокелдиктерин жогорулатат.

Ушуга байланыштуу ЭЭУнун эксперттери төрөттөн мурун жана төрөгөндөн кийин адекваттуу медициналык жардамга жетүү аркылуу энелердин саламаттыгын коргоо энеликти коргоонун түпкү компоненти болууга тийиш деп эсептешет.

Мындан тышкары Кыргыз Республикасында басмырлоого каршы мыйзамдар кабыл алынган, анда кош бойлуу аялдарды же кичинекей балдары бар аялдарды жумуштан бошотууга же жумушка албоого, эмгек акыны төмөндөтүүгө же дайындоого тыюу салынат. Бирок практикада аялдардын укуктары менен эркиндиктерин иш жүзүндө кемсинткен учурлар жайылтылган, ал кош бойлуу аялдарды жана кичинекей балдары бар аялдарды жумушка кабыл алуудан баш тартууда, төмөнкү эмгек акыны белгилөөдө, аялдардын айрым кесиптерде, кызматтарда иштешине жана алардын белгилүү бир кесиптердеги эмгек укуктарын ишке ашыруусуна тоскоолдуктарды жаратууда байкалат. Мунун бардыгы аялдардын репродуктивдик функцияны аткаруусуна байланыштуу болушу ыктымал болгон кыйынчылыктардан кабар берет.

Ошол эле учурда бир катар башка параметрлер боюнча, анын ичинде кош бойлуулук жана төрөт боюнча өргүүнүн узактыгы, кош бойлуу аялдарды жана 3 жашка чейинки балдары бар аялдарды жумуштан бошотуудан коргоо, ийкемдүү иш графиги жана эмчектеги ымыркайларды эмизүү үчүн тыныгуулар, 6 жашка чейинки балдарга акысыз медициналык тейлөө, жумуш ордунда саламаттыкты сактоо кепилдигин берүү №183 конвенцияга толугу менен жооп берет, бирок расмий эмес жумуштуулуктун жогорку деңгээли жана мыйзамдарды кайдыгер сактоо аны ишке ашырууну кыйындатат.

Ратификация эмнелерди берет?

Эл аралык эмгек уюмунун №183 конвенциясын ратификациялоо Кыргызстанга бир катар позитивдүү учурларды алып келет жана мамлекет өз жарандарынын көйгөйлөрүн чечүүгө канчалык даяр экендигин, аялдарды коргоого жана аларды басмырлоодон сактоого канчалык даяр болгондугун көрсөтөт.

Конвенцияны ишке ашыруу акырындык менен жүргүзүлөт жана иштеген аялдар менен эркектер үчүн мүмкүнчүлүктөрдүн теңдештигине жана мамилесине, ошондой эле эне менен баланын ден соолугуна жана коопсуздугуна көмөк көрсөтүү боюнча, ошондой эле бир нече эл аралык актылардын жоболорун: Адам укуктарынын жалпы декларациясын, БУУнун аялдарга карата басмырлоонун бардык түрлөрүн жоюу боюнча конвенциясын, БУУнун балдар укуктары боюнча конвенциясын, Пекин декларациясын жана Иш-аракеттер платформасын сактоо боюнча өлкөнүн ниетин тастыктоого мүмкүнчүлүк берет.

Мындан тышкары, бул репродуктивдик курактагы аялдардын экономикалык туруктуулугун камсыз кылууга оң таасирин тийгизет, бул энелердин жана ымыркайлардын өлүмүн азайтууга, жакырчылыкты жана ачарчылыкты жоюуга жардам берет. 

Конвенцияны ратификациялоо Кыргызстанга жакырчылыкты жеӊип чыгуу, энелердин жана ымыркайлардын өлүмүн кыскартуу, социалдык коргоону камтуу чөйрөсүн кеңейтүү, расмий эмес экономикада иштеген жумушчулардын санын кыскартуу боюнча маселелерди чечүүгө киришүүгө мүмкүндүк берет, ошондой эле эмгек жана социалдык коргоо чөйрөсүндөгү улуттук мыйзамдарды өнүктүрүүгө жардам берет.

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт