// //

Балдарга ручка берсек, бизге запас берип коюшкан. 8-марттагы күлкүлүү окуялар

2021.03.08, 11:32
1975

Айымдар 8-март күнүн өзгөчө өткөрүүнү кааласа керек. Бирок ага карабай күлкүлүү, кайгылуу, кызыктуу окуяларга чалдыгышат. Ушул күнү өзгөчө бир окуяга туш болгон окурмандарыбыздын баяны менен бөлүшөбүз.  

Запас

23-февралда балдарга акчабыз толук чогулбай, ручка алып берип койгонбуз. Кийин 8-марта бизге запас берип коюшкан. 

janarabolotbekovva

Жади менен Лукас

Эсимде жакшы деле жок, 3-4 жыл мурунку 8-март болсо керек. Майрамга чейин бир бала жазып, чалып жүрчү. Телефондон сүйлөшүп калчубуз. 8-мартта группалаштар чогулуп бир жерге олтуралы деп сүйлөштүк. Москва менен Жаш Гвардия бульварынан жолукмакпыз. Эки кыз эрте барып алыппыз.
Берки бала чалып, жазып мен сага жолуга кетейин болуп, жанды койбогонунан макул болгом. Келди, экөөбүз бири-бирибизди кинодогудай элестетип алган окшойбуз. Орусча айтканда "ожидание и реальность" болду. Ээм, мен аны кандай элестеткенимди, кандай болуп калганын айтпай эле коеюн. Ал деле мен жөнүндө эч кимге айтпаса керек. Ошондон кийин бири-бирибизди такыр тааныбай калганбыз. Майрам болбосо мен аны Лукас, ал мени Жади элестетип жүрө берсек керек. 

aseljoldosh

Бир сапожки

Биз 11-класста класста окуп жүргөндө балдарыбыз отурушка чакырды. Кыздарыбыз болуп чогуу барганбыз. Кетели десек бир сапожкилерибиз жок. Катып салышыптыр. Ошентип кете албай түнкү экиге чейин отурганбыз.

gulmairam.ab

Эски колготки

Кызым 7-класста классташына селфи палка белек кылып, аябай сонун белек алам деп кыялданып жүргөн. Ал бала 8-мартта апасынын эски клатчына эски тор колготки салып берип коюптур. Мен каткырып күлсөм, кызым мөлт-мөлт ыйлаган.

2saule150906

20 сомдук сепочка

10-класста балдарга 23-февралга карата деп сонун саат алып бергенбиз. Анан ошентип 8-март да жакындап, алар бизге бере турган күн келди. Анан эле күтүп олтурсак 20 сомдук сепочкаларды алып келишкен. Алардын бул кылганына таарынып өздөрүнө берип койгонбуз. Азыр ошону эстеп күлөбүз. 

zinaida04_

Бош букет

8-мартта атамдан чоң энеме гүл алганы акча алдым. Магазинге бардым, гүл сатып алып өзүнчө кыйынсынып кеттип жатам. Бир маалда гүлдү көтөрүп карасам,  букет турат гүл жок. Кайра артка кайтып гүлүмдү жолдон таап алганмын.  Букеттинен сүзүлүп түшүп калыптыр. Мен кыйынсынып кете берипмин. Чоң энеме берсем кучактап, батасын берип, сүйүнүп, ыйлап алган. Азыр бардыгы чоң энеме окшош экенимди айтышат. Аябай сыймыктанам.

turganbaeva.1998

 

Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт.

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Аялымдын 23-февралга берген белегин 14 жыл күткөм

14-февралда төрөлгөн уулубуздун аты Валентинбек болмок. Күлкүлүү окуялар

“365 байпак алгам”. Мырзалар эсинде калган белектери жөнүндө айтып берет

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт