// //

Аялымдын 23-февралга берген белегин 14 жыл күткөм

2021.02.23, 15:59
9174

Bilesinbi.kg окурмандарынын баштан өткөргөн ар түрдүү окуялары менен бөлүшүп келет. Бул ирет бир күйөөнүн катын жарыялайбыз. Эгер сизде дагы кызыктуу баян бар болсо, бизге жөнөтүңүз.

Үч жыл мурун, 23-февралда аялымдан алган белегимди эч качан унутпайм. Азыр ал белек жанымда. Кудум өзүмө окшош. Суктанып эле карап отура бергим келет. Бул үчүн өмүрлүк жубайыма рахмат.

Төрт уулубуз бар. Төртөөнүн экөөсү эгиз. Үйдүн кебетесин айтпасам деле элестетип турсаңар керек. Кыскача сүрөттөп берсем, кой сарайыбыз тазараак. Бир жылдары ремонт жасап, дубалдардын баарына обои чаптап чыкканбыз. Кичүү уулубуз жөрмөлөп  баштагандан кийин дубалдардын жарымы жылаңач калды. Колу жеткен жердеги обоинин баарын жулуп ыргытты. Аялым экөөбүз ошондо ыза болуп, балдар чоңоюп, өзүнчө бөлүнүп кеткиче ремон кылбайбыз деп сүйлөшкөнбүз.

“Ай, үйлөнгөндөн кийин өзүнчө жашайсыңар!” Аялым менен кезектешип балдарыбызга ушинтип айтабыз.

Улуусу 14кө чыкты. Инилерине кошулуп алып, алардан кичинекей болуп кетет. Бирок, уулум боорукер, ооруп жатып калсам, байкатпай келип чекемди кармап, үстүмө жууркан жабат. Ойгонуп алып сен жаптыңбы десем, жок деп мойнуна албай коет. Намыскөй да.

Бешинчи ирет ата болот экенимди уккандан бери сүйүнүчүм койнума батпай жүрдүм. Мурда жумуштарым болуп калып келинчегим менен УЗИге барган эмесмин. Бул жолкусунда бир ай мурун жумуштан суранып койдум. “Куттуктайбыз, уулдуу болосуздар!” УЗИ тарткан жаш кыз ушинтип айтты. Көңүлүм түшүп калды.

Үйлөнгөндөн бери эле кыздуу болгум келчү. Жок, жаман ойлобогула, уулдарымды жанымдан артык көрөм. Бирок, кызымды ээрчитип алып жүргөнүмдү көп элестетээр элем.

Таң калыштуучу келинчегим капа болгон жок. УЗИдеги кыз менен бир нерселерди шыбырашып, анан коштошуп чыгып кетти. “Кебетең кантет”,-деп улам мени карап күлүп жатты.

- Сен деле бул жолкусу кыз болсун дебедиң беле, анан эмнеге кубанып жатасың.

- Жөн эле. Уул деле жакшы.

- Ооба, бирок... Макул, жүр кеттик.

Жол бою мени карап күлүп келди. Эч нерсе түшүнгөн жокмун.

Толгоосу башталды. Бейтапканага алып жөнөдүм. “Жанымда кетпе”,-деди. Буга чейин сыртта эле күтүп турчум. Макул болуп ичине кирдим. Медайымдар халат беришти. Аялымдын онтогонун көрүп өзүмдү коерге жер таппай жаттым. Эмне кылып жиберсем экен деп эки жакка чуркайм. “Тоскоол болуп жатасыз”,- деп акушер урушат.

Мына, уулумдун үнү жаңырды. Төрөт кабыл алган акушер медайымга “3 кг 840 гр, түнкү саат 01:00,  23-февраль”,-деп айтап, кайра мени карап “майрамыңызга сонун белек болду, кызыңызды алыңыз”,-десе болобу. Адашып калдыңар уулум десем, аялым ары жактан “сюрприз” деди.

Оозумду эки колум менен жаап алып ыйлап кирдим. Акылынан тайган немедей ары-бери баса бердим. Жашым токтобойт. Аялым “атасынын төшүнө жаткыргыла”,-деди. Мени жетелеп барып кушеткага жаткырышты. Көкүрөгүмө кызымды коюшту. Токтобой ыйлай бердим. Кызым, атаң сени 14 жыл күттү. Кош келдиң, берекем. 

Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт.

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Бир күйөө врачтан уруксат сурап аялы операциядан чыккыча колун кармап турду

Абысынымдын баласынын бир сөзү, күйөөм экөөбүздүн оозубузду жапты

"Мачо" жигитти эмес, “нитороок” мени тандаган кызга жетким келет

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт